Айчүрөк Иманалиева 30 жылдык юбилейлик концертине даярданууда. Ырчы айым концертине белгилүү ырларын кайра жаңылап жаздырып, оркестрдин коштоосунда да жандуу үн менен ырдаганга даярданып жүргөн учуру.
“Өзүмдүн юбилейлик концертим болуп жаткандыктан көбүнчө өзүм ырдайм. Конокторду деле чакырам, бирок аз санда. “Роза гүлү”, “Кызыл гүл” деген ырларымды кайра жаздырып тартуулаганы жатам. Бул менин чыгармачылыктагы элиме берген отчётум деп койсок болчудай”,- деп билдирди ырчы.
Эске салсак, концерт 22-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.