КУЗОВ, КЫЙМЫЛДАТКЫЧ... УНАА САТЫП АЛУУДА ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?

Сиз акча чогултуп, жакын арада колдонулган автоунаа сатып алууну максат кылдыңыз. Бирок унаа тандоодо эмнеге көңүл буруу керектигин билбей жатсаңыз, анда унаа оңдоочу жайда
15 жылдан бери иштеп келе жаткан адис Нургазы Жолдошовдун кеңештерине көңүл буруңуз.

КУЗОВ

Унааны карап, тандап жаткан кезде аба ырайы ачык болгону жакшы. Ошол эле учурда жарык жакшы тийген жер болушу маанилүү, анткени көлөкөдө же күн бүркөө болуп турган кезде кээ бир мандемдер көрүнбөй калышы мүмкүн.

• Алгач машинанын кузовуна көңүл буруу абзел. Анткени ал унаанын эң кымбат бөлүгү болуп саналат.

• Эшиктерди ачып-жаап көрүү зарыл. Орчундуу мандеми жок болсо бардык эшиктер бирдей ачылып-жабылганын байкайсыз.

• Эгер машинанын чыгарылган жылы эски болсо, бирок сырты жаңыдай көрүнсө, демек, ал жакын арада сырдалган. Унаанын сырдалганын билүү үчүн каалгадагы жана кузовдогу резиналарды жана алардын алдын караган туура. Көп учурда малярлар резиналарды сыр менен же шпаклёвка менен булгап салышат. Ал эми резиналарды чыгарганда унаанын кузову сынып, анан кайра чапталган жерлери ачыкка чыгат. Антпесе кузовдун көп мандеми дал ошол резиналардын, босого пластиктеринин алдында жашырылып калат.

• Машинанын урунган жерлерине шпаклёвка шыбалып, анан сырдалат. Шпаклёвка бар же жок экендигин магниттин жардамы менен текшерсе болот. Эгер магнит кармалбаса, демек, машинанын кемтиктери жашырылган. Эгер сиздин жаныңызда магнит жок болуп калса, колуңуз менен деле уруп текшерип көрсөңүз болот. Шпаклёвка бар жерди урганда катуу үн чыгат, ал эми кузовдун өзүнөн жумшак үн чыгат.

Кузовдун геометриялык түзүлүшүнө көбүрөөк көңүл буруңуз. Мисалы, капоттун жабылышын дагы байкаңыз. Капот жабылганда, капот менен оң жана сол канаттын (крыло) ортосундагы ичке жылчыктар бирдей болушу шарт. Эгер бири-биринен айырмаланып турса, демек, унаа сүзүлгөн.

ЛОНЖЕРОН

Капотту ачып, амортизаторлор орногон бөлүктөрүн жана лонжеронду караңыз. Лонжерон – бул унааны кармап туруучу негизги катуу бөлүгү. Лонжерон түз жана ширетүүдөн калган тактары жок болуш керек. Көп учурда унаа маңдайы менен сүзүлгөндө лонжерон сынып же кыйшайып калат. Андай учурда лонжеронду же ширетүү жолу менен бириктирип же чоюп түздөшөт. Лонжеронду унаанын астынан да, үстүнөн да жакшылап караңыз. Себеби кыйшык лонжерон деген – бул кыйшык жүргөн унаа. Кыйшайган лонжеронду идеалдуу кылып түздөө же ширетүү дээрлик мүмкүн эмес. Амортизаторлорду кармаган бөлүктөрдө жаракалар билинсе, демек, унаа жол кырсыгына кабылган деп жыйынтык чыгарууга болот. Арткы канаттардын (крыло) алдынан амортизатор бекиген кузов бөлүгүн да жарык берип жакшылап караңыз. Акыркы убакта өлкөдөгү 7 орундуу япон унаалары дал ошол бөлүктөрүнөн 2ге бөлүнүп сынып калган учурлар көп болууда.

ЖҮРМӨ БӨЛҮКТӨР

Эгер дөңгөлөктүн сырты тегиз жешилбесе, демек, жүрмө бөлүктөрдүн абалы начар же илмегинин (подвеска) геометриясы кыйшайып калган.

Көп учурда көз менен карап жүрмө бөлүктөрдүн абалын билүүгө болбойт. Ошол себептен унаа тейлөөчү жайга барып текшертип көргөнүңүз оң.

VIN НОМЕР

Ар бир транспорттук каражаттын өзүнө тиешелүү бир нече символдон турган VIN номери болот. VIN номерлер унаанын капотуна, айнектерине, айдоочунун эшигине жазылат.

Ар бир айнекте өзүнө тиешелүү код жана кайсы жылы чыгарылганы жазылат. Эгер ал айнектин чыгарылган жылы менен машинанын чыккан жылы дал келбесе, демек, өзүнүкү эмес.

Кузов менен кыймылдаткычтын номерлерин дагы салыштырып көрүңүз, номерлери дал келүүсү зарыл. Бул номерлер унаанын техникалык паспортунда көрсөтүлгөн.

ЭЛЕКТР СИСТЕМИ

Жарык берүүчү приборлорду, тагыраагы, фара, поворотникти иштетиңиз. Эгер бир лампасы эле күйбөсө, электр системинде маселе бар.

КЫЙМЫЛДАТКЫЧ

Машинанын дагы бир маанилүү бөлүгү – кыймылдаткыч. Алгач капотту ачып, кыймылдаткыч таза болсо жакшы деп жыйынтык чыгарбай туруңуз. Сатуучу атайын майдын жана техникалык суюктуктардын акканын жашыруу үчүн тазалап коюшу да мүмкүн.

Эгер унаада эч кандай мандем жок болсо, анда от алдырганда үн басаңдаткычтан эч кандай түтүн чыкпайт. А эгер кара же көк түтүн чыкса, унаанын кыймылдаткычы мотордун майын көп сарптайт. Буга катар үн басаңдаткычтын ичин ак мата менен сүртүп көрүңүз. Кыймылдаткычтын абалы чындап жакшы болсо матага боз чаңга окшош же бир аз карарган көө жугушу мүмкүн. Эгер матага кара май жукса, демек, кыймылдаткычтын айрым бөлүктөрү иштен чыгып баштаган деп жыйынтык чыгарууга болот. Адатта көп унаалардын үн басаңдаткычтын оозун, башкача айтканда, көрүнөө жерин атайын каражат менен тазалап коюшат. Андыктан матаны тереңирээк салып, ичин аарчып чыгууга аракет кылыңыз. Баса, атайын адистерге барып мотордун компрессиясын текшертип коюу да ашыкча болбойт.

САЛОН

Салондун ичине баш багып, кондиционер менен мешин иштетип көрүңүз. Себеби аларды оңдоого дагы кошумча көп каражат кетет.

Канчалык аз чакырым жүрсө – ошончолук жакшы. Бирок одометр (канча чакырым жүргөндүгүн көрсөтүүчү каражат) көргөзгөн көрсөткүчкө ишенип болбойт. Анткени аны артка түрдүрүп койсо болот. Ошондуктан машинанын абалын кароо үчүн рулдун жешилгенине, отургучтардын абалына көз чаптырыңыз. Буга катар коопсуздук жаздыкчалары жашырылган бөлүктөрүн жакшылап караңыз. Коопсуздук жаздыкчалары катуу жол кырсыктарында адатта "бардачоктун" жанында жайгашкан атайын орундарынан чыгып кетет. Аны билгизбей жамап коюуга аракет кылгандар көп.

ТЕСТ-ДРАЙВ

Эгер машина сизге жакса, анда рулга отуруп айдап көрүүнү сунуш кылабыз. Жок дегенде 500 метр айдап, машинаны сезиш керек. Айдап бара жатып рулду бошотуп көрүңүз, эгер унаа кайсы бир тарапка ообосо, анда жакшы. Автоматтык коробкалуу унаа алып жатсаңыз ылдамдык газ баскан сайын кандай алмашып жатканын байкаңыз. Унаа булкунуп же ылдамдык жай алмашып жатса, демек, коробкада мандем бар.

ТЕРЕЗЕЛЕРИ

Автоунаанын ар бир терезесин кылдаттык менен карап чыгыңыз. Бул машина аварияга туш болгонбу деген суроого жооп берүүгө жардамын тийгизет. Терезелердин белгилерин караңыз, эгер белгилер бирине-бири окшобосо, демек, алар жаңыртылган. Ошол эле учурда айнектердеги резиналарды байкаңыз. Эгер терезе алмаштырылган болсо, резиналар көп учурда айнекке тегиз бириктирилбейт.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!

Кээ бирлер машинасындагы ар кандай кемчиликтерди жашыруу үчүн атайын жазууларды жана наклейкаларды чапташы мүмкүн.

Капоттун, эшиктердин, багаждардын болтторуна көңүл бурабыз. Алардын өңү кузовдун өңү менен окшош болушу шарт. Эгер болттор алынганы байкалса, демек, ал унаа оңдоодон өткөн.

Кубан Жумамидинов
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Buudaiuk
2018-10-09 09:41:21
азыр бул кенештерди баары эле билип бутушту го
-5
Daniel01
2018-10-09 10:42:04
Сыртан келген машыналардын 90% урулган чийилген асты чириген болот ...
+3
medetbek
2018-10-09 10:42:24
Жүрсө болду да))
+3
milan-707
2018-10-13 23:15:32
medetbek,хаха тура айтасын
0
Kol88
2018-10-09 10:47:02
Урулбаган машина жок негизи. Бардык машинелер бизге келгенде эле урулуп келет. 80 % ы
+3
nur...nur.
2018-10-09 11:08:35
Ал учун заводтон алыш керек ошондой идиальный машина айдаш учун аа биздегилердин жылы эски айдаганга болот

+2
elhan123
2018-10-09 22:25:54
Кенештер учун рахмат
+4
Cherik.777
2018-10-09 23:01:45
Эн негизгиси чонтток маанилуу акчана карап текшересинда бизде азыр 50,60%адамдар жарымын берип калганын кийин берет же кредитке же толук карызга алышат кузгуго дегендей анан кайдагы тандоо же текшеруу.А акчан жетиштуу болсо саландордон эле жанысын алганга не жетсин
+6
sharolli
2018-10-15 17:40:25
Мындай кылып текшерип алыш учун жок эле дегенде 2010-жылкы машина алышын керек..
+1
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан