ХАБИБ – КОНОР. КИМИСИ МЫКТЫ?

6-октябрь. Лас-Вегас шаары. UFC 229. Октагондо орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегор. Эки мушкердин кимиси бул салмакта кыйындыгын далилдейт?

ХАБИБ НУРМАГОМЕДОВ

Жашы – 30

Каймана аты – Eagle (Бүркүт)

Бою – 178 сантиметр

Салмагы – 70 килограмм

Стили – Самбо, эркин күрөш, дзюдо, грэпплинг

Беттештери – 26

Жеңиштери – 26

Утулуулары – жок

Тең чыгуулары – жок

Дагестандык мушкердин негизги артыкчылыгы, албетте, анын күрөш ыкмаларын октагондо пайдаланганында. Бул анын негизги фишкасы. Хабибдин күйөрмандары андан Конорду жерге чаап, муунтуп басым көрсөтөт деп күтүшүүдө. Бирок “Бүркүттүн” сокку узатууда алсыз экени баарына маалым. ММА универсалдуулукту талап кыларын эске алганда, бул Хабибдин кемчилиги катары эсептелинет.

Ушул беттеш үчүн Хабиб 3,5 миллион доллар гонорар алат.

"Конор менин кыжырланышымды каалап жатат. Албетте, жинденип турам. Бирок эмоцияны да көзөмөлдөй билүү керек".

"Мен аны чарчатам. Ал чарчаганда дайыма жеңилип берет".

КОНОР МАКГРЕГОР

Жашы – 30

Каймана аты – Notorious (Чуулгандуу мушкер деген мааниде)

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 70 килограмм

Стили – бокс, кикбоксинг, таэквондо, каратэ Беттештери – 24

Беттештери – 24
Жеңиштери – 21

Утулуулары – 3

Тең чыгуулары – жок

Бул беттеште Конор каршылашынан соккудагы колдорунун узундугу менен айырмаланат (Конордун колунун керилгендегиси 188 сантиметр, Хабибдики 178 сантиметр). Бул көрсөткүч ал үчүн артыкчылык болорунан шек жок. Беттеште таэквондо менен каратэнин жардамы тийип, сокку менен тепки анын көзүрү катары иштеп берүүсү керек. Ирландиялык мушкерди жеңишке сүйрөй турган дагы бир жагдай – психологиялык чабуул. Ооба, чемпиондук духту көрсөтүү анын колунан келет. Анын башкы кемчилиги күрөштө алсыз. Конордун бул беттеш үчүн кепилденген гонорары – 15 миллион доллар.

“Хабиб – эч ким эмес. Дагестандыктардын жаагы айнектен жасалган дейт, аны утуу менин максатым”.

"Мен 5 раундга даярданам, бирок мага 1 эле раунд жетет".

ТРЭШ-ТОКТУН ЧЕБЕРИ КОНОР, САБЫРДУУ ХАБИБ

Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында “Бүркүт” менен “Чуулгандуу мушкер” бетме-бет кезигип, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Мында ирландиялык мушкер өзүнүн салтка айланган ыкмасын колдонуп, каршылашын кемсинткен сөздөрдү айтканы жаңылык болгон жок. Кызыгы, Нурмагомедов буга сабырдуулук жана токтоолук кылып өзүндөй жооп кайтарган жок.

Эки мушкердин жаш курагы бирдей. Демек, утулууга карылык себеп болду деген шылтоо жарабайт. Айрым ММА эксперттери бул айыгышкан беттеште чемпиондуктан сырткары дагы башка максаттар бар дешет. Мисалы, Конор бул беттешти бизнес катары баалап, андан акча табууну гана көздөйт дешсе, Хабиб өзүнүн дарегине айтылган кемсинткен сөздөргө татыктуу жооп бергиси келет. Ал эми биз күйөрмандар эки алгырдын кимиси мыкты деген суроого чекит коюлушун күтөбүз.

ХАБИБ УПАЙ, КОНОР НОКАУТ МЕНЕН ЖЕҢИШИ МҮМКҮН

Макгрегор менен Нурмагомедовдун мушташуу стилдери жана тактикасы болжол менен белгилүү. Эгер экөө тең өз ыкмалары менен беттеш көрсөтө турган болсо, биз Конордун ыкчам, күтүүсүз соккулары жана Хабибдин партердеги мыкты чеберчилигине күбө болобуз. Эгер Конор алгачкы раунддарда өткүрдүгүн көрсөтүп, туура жана таамай сокку жасаса, Хабибдин утууга мүмкүнчүлүгү деле калбай калат да, балким, техникалык нокаутка күбө болобуз (Конор 18 беттешти техникалык нокаут менен уткан). А эгер беттеш 2 же 3-раунддан ары созулуп кете турган болсо Конордун чарчаганы Хабибдин пайдасына жарайт.

Албетте, каршылашынын күчтүү жагын билген мушкерлер коргонуунун туура жолун өздөштүрүшкөнү оң болор. Мисалы, Хабибдин эркин күрөштөгүдөй бутка кирип жыгытуу ыкмасы Конор үчүн олуттуу эле чабуул. Ал эми “Бүркүт” бул жолу Конор узаткан соккулардан туура буйтап коргонуусу зарыл.

Дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп, ММА сүйүүчүлөрүн эки жээкке бөлгөн беттеш мөөнөтүнөн мурда бүтөбү же упайлар менен жыйынтыкталабы?
А балким, үзгүлтүккө учурайт. Себеби, биринчиден UFC'де убада кылынган беттештер болбой калган учурлар көп эле катталган. Экинчиден, Хабиб мурда бир нече ирет беттеш алдында керектүү салмакты кууп үлгүрбөй калгандыктан "жаракат алдым" деген сыяктуу шылтоо менен кармашты үзгүлтүккө учураткан. Кандай жыйынтык болорун убакыт көрсөтөр.

Айбек Мусаев, эрежесиз уруш боюнча машыктыруучу: “ЭКӨӨ ТЕҢ ЧЕМПИОН, МЫКТЫСЫ ЖЕҢСИН”

– Эки мушкердин экөө тең ушул деңгээлге жетүү үчүн узак жол басып өтүштү. Бирин кыйын, бирин алсыз деп бөлүп карагым келбейт. Экөө тең мыкты. Бири турган абалда кыйын болсо, экинчиси жакшы күрөшөт. Алар чемпиондор, экөө тең сыйга татыктуу. Мындай мушкерлер спорттун кызыгын арттыра берет. Бул айыгышкан беттеште экөөнө тең күйөрмандык кылып, ар биринин артыкчылыгына жараша жан үрөп турам. Мыктысы жеңсин, мен спорт жана дени сак жашоо үчүнмүн.

Руслан Кыдырмышев, Эр таймаш федерациясынын президенти: “КОНОРДУ БААЛАЙМ, БИРОК ХАБИБ УТАТ ДЕП ОЙЛОЙМ”

– Бул эки мушкердин беттеши тууралуу дүйнөдөгү ММА сүйүүчүлөрү да, эксперттер да бир ооздон Хабиб утат деген божомолун айтышууда. Анын партерде күчтүү экени талашсыз, ал күрөш ыкмаларын эрежесиз эр урушта колдонуп беттешти көзөмөлдөй алганы менен өзгөчөлөнөт. Мындай беттештерде көбүнчө Хабибдикиндей ыкманы колдонгондор жеңишке жетишет. Конорго да UFC’нин 2 куру асмандан түшүп калган эмес. Мен-мен деген мушкерлер менен беттешкен тажрыйбалуу, потенциалы күчтүү, мушташуу тактикасы мыкты мушкер. Анын ММАны жайылтууга кошкон салымын баалап, жан тартам. Бирок Хабиб утат деп ойлойм.

Кенжебек Чекиров, эрежесиз уруш боюнча машыктыруучу: “ЖЕҢИШКЕ КӨБҮРӨӨК СУУСАП ТУРГАНЫ УТАТ”

– Бул беттеш боюнча эксперт катары айтсам, эң алгачкы этап бул – эки мушкердин тең моралдык жактан даяр болуп, салмакты туура даярдап беттешке чыгуусу. Экөөнүн ичинен Макгрегор ыкчам, ылдам мушкер. Эгер ал алгачкы раунддарда өзүнүн күчтүү жагын көрсөтө албаса, кийинки раунддарда Хабиб күрөшүү жагынан үстөмдүк кылып коёт да, басым жасоо менен утуп кетиши мүмкүн. Менин оюмча, беттеш калыстардын чечимине чейин жетпейт. Кимдин эрки күчтүү болуп, ким жеңишке көбүрөөк суусап турса ошол жеңүүчү болот.

Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
777bazamat
2018-10-09 09:33:21
сабырдуу болуп атып эле аягында баарын чыгарып салганы жаман болду
+3
Nestana95
2018-10-09 19:56:35
777bazamat,балп эттирипби
0
Kg-kg-kg17
2018-10-09 11:15:03
Мушташта Хабиб устомдук кылды.Конор эс нерсе кылалган жок.Ызы-чуу ашыкча болуп калды окшойт.Фергюсон-Петтис беттеши эн кызыктуу болду
-1
meni_kut
2018-10-11 09:23:55
Хабиб эркекче женди
+2
AIDARKEN-SUR
2018-10-14 06:38:38
Жооштан жоон чыгат дегени ушуда аябай жоош болуп отуруп ХХХХ кылды Хабиб
0
sely
2018-10-14 15:23:32
Билбейм мага Хабиб аябай жакты. Негизи Буга чн экоону Тен тааныбайт элем.
+2
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан