«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

“Кеңеш” тобу: “ОРТОДО ИШЕНИМ БОЛГОНУ ҮЧҮН ЧОГУУ ЫРДАП ЭЭРЧИШИП ЖҮРӨБҮЗ”

№831 5-11-октябрь, 2018-жыл


Чыгармачылык чөйрөдө дайыма эгиз козудай ээрчишип жүргөн “Кеңеш” тобу көптөн бери көрүнбөй кеткен эле. Мунун себебин Мүзүр мырза менен Гүлмира айым бизнес тармагында иштеп жаткандыгы менен түшүндүрүштү.

– Саламатсыздарбы? Акыркы учурда сахнадан көрүнбөй кеттиңиздер. Себеби эмнеде?

Мүзүр: – Саламатсыздарбы, жалпы кыргыз элим, жалпы окурмандар? Көрүнбөй калганыбыздын себеби, Гүлмира 2-3 жылдан бери өзүнүн жеке бизнеси менен алек болуп, чыгармачылыктан бир аз алыстап кеттик.

Гүлмира: – Баары эле "соода-сатык менен алектенип, шоу-бизнестен алыстап кеттиңер" деп жатышат. Чынында соода көп убакытты алат экен. Мүзүр "муну ырдайбыз" деп жаңы ырларды чыгарып жүрөт. Жакын арада чыгармачылыкка шымалана киришебиз деп жатабыз.

– “Асманды карап алып ыйлап тилек айтчубуз” деп айтканыңыздар бар. Ошол тилектер орундалдыбы?

М.: – Белгилүү ырчыларды көрүп алып, “биз дагы ошондой ырдап чыксак жакшы болот эле” деп тилек кылчубуз. Ал учурда калың журтка белгилүү болбосок дагы, айылыбызда жылдыз болуп жүрдүк. Шаарга келгенден кийин бардык каалоо-тилектерибиз орундалды.

– 16 жылдан бери чогуу түтүн булатып, бири-бириңиздерди толук таанып бүтө алдыңыздарбы?

Г.: – Мүзүр мага "сен мени кандай деп айтсаң, мен ошондоймун" деп айтып калат. Ооба, мен Мүзүрдү толук эле биле алдым. Бул мени биле алдыбы, аны билбейт экем (күлүп).

М.: – Эми бул мен жөнүндө көп нерсе билет экен, мен билбей жүрүптүрмүн дебейинби (күлүп). Албетте, 16 жыл бирге жашагандан кийин билесиң. Бардык сапаттары жагат. Жакпаган сапаттарын айта берейинби (күлүп)? Гүлмира абдан ишенчээк, айкөл адам. Ушул сапаттарынын көп залакасы тийди. Азыркы учурда “Бир көзүң экинчи көзүңө душман” деген сөздү карманып жашаш керек. Ошон үчүн дайыма буга эскертип “Сак бол, өзүңө, Кудайга гана ишен!” деп айтам.

– Мүзүр мырза, ырларыңыздын баары жубайыңызга арналганбы же?..

М.: – Ыр ар кандай учурда жаралат. Көбүнчө эргүү келгенде. Ошондуктан ушуга арналган деп сөөмөйүм менен бирөөнү көрсөтө албайм. Биз ырдын сөзү, обону дал келип, ага клип тартып элге жайылтсак деп ойлойбуз. Бир гана “Ханышам” деген ырымды атайын Гүлмирага арнагам. Ошондон бери менин ханышам бойдон келе жатат.

– "Бир кыз СМС жазып жинге тийип жүрөт" деген элеңиз. Ал жагы эмне болду?

М.: – Азыр менин жиниме эч ким тийбей калган. Аны Кудайга койдук. Эми бизге гана эмес, депутаттарга чейин каралоо болуп жатпайбы.

Г.: – Азыр деле хейтерлер ар кандай сөздөрдү жазып жөнөтүшөт. Кээде айрым сөздөргө чыдабай, ызаланып кетем. Кээде айтышып урушканга чейин барам. Андай учурларда Мүзүр “Кудайга коюп кой, мага мындай нерселерди айта бербечи” деп коёт. Интернеттеги жеке баракчабызды мен көзөмөлдөп турам. Мүзүр социалдык тармактарга катталган эмес.

М.: – Азыр эч кимдин оозун тыя албайсың, бирөөнүн оозун жабам десең, калганына жаман көрүнүп каласың. Эң жакшысы, аларды өз жайына коюп койгон оң.

– Ортоңуздардагы ишенимди канча пайыз менен өлчөй аласыздар?

Г.: – Биринчи үйлөнгөн 3 жыл аралыгында ортодо чоң сүйүү болот экен. 5 жыл жашаганда бир туугандык мамиледе болот экенсиң, 7 жылдан кийин көнүмүш адатка айланат экен. Эртең менен турасың, ушул адамды көрөсүң. Биздин жумушубуз дагы бир эмеспи. Бардык жаман-жакшыны бөлүшөсүң. Биз бири-бирибизге бир туугандай болуп көнүп калганбыз. Ортодо ишеним болгону үчүн ушинтип чогуу ырдап ээрчишип жүрөбүз да.

М.: – Гүлмирага мен толук ишенем. Эгер ишенбесем кызганыч пайда болот. Мен деле кызгана турган учурларда кызганам, себеби чектен ашкан кызганычтын арты эмне менен аяктаарын жакшы билебиз го. Бул адамдын өзүнөн да, “повод” бербесе кызганбайсың. Эгерде “повод” берсең, “подозрительно” болуп жүрө бересиң.

– Гүлмира айым, катуу ооруп, молдолорго барып дем салдырып айыккан экенсиз?..

Г.: – Эми кыргызчылыкка салып айыккандар биз гана эмеспиз. Ооруканалардан такыр айыга албай койдум. Башым катуу ооруп туруп алды. Сахнада ырдай албай, эл бар жерлерде жүрө албай калдым. Шүгүр, молдого барып айыктым. Буюрса, азыр ден соолугум жакшы.

М.: – Эл көзүндө жүргөн адамга көз, сөз тийет деген бар экен. Ошондуктан дары-дармектен сырткары чоң молдолорго барып дем салдырып туруш керек экен.

– Ооруп калышыңызга “соода-сатыкка аралашып жүрүп, Гүлмиранын ишенген кызы алдап кетти” деген кептердин тиешеси жокпу?

Г.: – Жогоруда Мүзүр айтып кеткендей, абдан ишенчээкмин. Баарына ишене берем. Ошто дүкөн ачкан элем. Ал жерде 22 жаштагы кыз иштечү. Адаттагыдай эле ал кызга да ишендим. Ал болсо менин ооруп калганымдан пайдаланып, мен 1000 сом алсам 10000 сом алды кылып кассадан акча алып, өзү каалагандай жок кылыптыр. Эми кассадан ашыкча акча алгандан товардын акчасы кетет, дүкөн банкротко учурап баштайт. Тааныштардан товар алып барып койсом, анын акчаларын да жеп коюптур. Бир жагынан ден соолугуң начарласа, бир жагынан бизнесиң артка кетсе жаман экен. Милицияга кайрылып деле эч нерсе кыла алган жокпуз. Акча, дүнүйө, байлык, бийлик табылат, бирок баарыбыз бир жайга барабыз жана ошол жактан жооп беребиз. Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды.

– Жеке баракчаңызга “Кыйынчылыгы жок арыктагысы келгендер, байланышыңыздар” деп жазганыңызды окудум. Ден соолугума залакасы тийип калат деп коркпойсузбу?

Г.: – Силерге берген маектерибиздин биринде Мүзүрдүн жанында андан экөө келип мен отурдум. Анда 86 килограмм болчумун. Азыр салмагым 59 килограмм. Мен дайыма айымдардын сулуу болушун каалайм. Жок дегенде 44-46 өлчөмдөгү кийим кийишсе дейм. Айрымдар келип алышып "эмне үчүн сиз чоң өлчөмдөгү кийимдерди сатпайсыз?" дешсе, аларды карап боорум ооруйт. "Сен кийимге акча коротпой, арыктаганга акчаңды корот, анан кийим алганы кел" деп айтам. Бир четинен акча тапсам, бир чети айымдарга жардам берип жатам.

– Кийимдерди жарнамалап, модель болуп кеткениңизди көрдүк.

Г.: – Мен эми башкалардай болуп башкалардын дүкөндөрүн жарнама кылган жокмун. Башка белгилүү кыздарды деле чакырдым, бирок алардын сүрөттөрүн жүктөсөм кийимдерим өтпөйт. Өзүм кийип түшсөм ошол кийимдердин бири да калбай өтүп кетет. Мен модель болуп кеткен жокмун, жөн гана өзүмдүн бизнесим үчүн кылып жатам.

– Сөздү кыз-жигит болуп жүргөн кездерге бурсак. Азыр деле бульвар аралап сейилдеп турасыздарбы?

Г.: – Биз мурда Жаш Гвардия бульварынын жанында жашачубуз. Балалуу боло албай жүргөндө мен үйдө сыгылып кетчүмүн. Анан Мүзүр мени ээрчитип алып сейилдечүбүз. Ошол жакта жүрүп "биздин да балабыз, үйүбүз болсо, ырларыбыз хит болсо" дечүбүз. Азыр бала-бакыралуу болуп, Жаш Гвардия бульварына барып сейилдегенге убакыт жок. Жумуштар менен эле алекпиз.

М.: – Анан 2006-жылы Медер төрөлдү. Ушул уулумдун аркасынан жашообузга көп жакшы нерселер келди. Ал төрөлгөндөн кийин 2-3 күндөн кийин эле жер алып, там сала турган болуп калдык. 2008-жылдары “Нике кайып” ырыбыз чыгып, баары өз нугуна түшө баштады. Азыр, шүгүр, 1 уул, 1 кызыбыз бар.

– Маегиңиздерге рахмат, бактылуу болуңуздар!

"1 уул, 1 кыздын бактылуу ата-энесибиз".
Жаңыл Ниязбекова
Адилет Бектуров



“Кеңеш”тобу: “Ишенчээктиктин айынан жаш кызга алданып калдык”

Автор: Наргиза Өмүрбек кызы
Оператор: Илим Туратбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
09.10.2018. 10:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
14-12-2018 11:28
Жынысы:
Белгисиз
-18
кечиресиздер го бир аз карангыраак окшойсуздар коз тиет соз тиет дегенинерден...
09.10.2018. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
09-08-2017
Соӊку аракети:
14-12-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
amirrus,ооруну кудай бербесин. Карангы кишилер эле молдого барат экенби. Кыргызда көз тийет, сөз тийет деп бекеринен айтылган эмес. Гульмира оорубаныз. Жаман сөздөргө көңүл бурбаныз. Бактылуу болгула
09.10.2018. 11:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
14-12-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы чыгармалары коп бактылуу болгула ,смс коп жазгандар силердин душманынар,ага коп конул буруунун кажети жок,бири биринерге ишеним керек.
09.10.2018. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
15-12-2018 01:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+5
Ар маегинделе смс келет деп окуйм же туурамес окуп алтамбы))...
09.10.2018. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
15-12-2018 00:55
Жынысы:
Белгисиз
-1
Глупая...
09.10.2018. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
14-12-2018 23:50
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,туура
Super TV
09.10.2018. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
27-07-2013
Соӊку аракети:
14-12-2018 20:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Маек жакшы болуптур, бирок передачанар аягына чыкпай эле бутуп калды го.
10.10.2018. 02:58 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-10-2018
Соӊку аракети:
21-11-2018 23:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Беловодское
+3
жакшы тугойлор! Ишинерге ийгилик!
10.10.2018. 17:01 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-08-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында жакшы коргон тобум эле ырлары сонун мага жакчу
Медиа-портал
12.10.2018. 15:25 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
14-12-2018 21:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
алга ийгилик
14.10.2018. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
14-12-2018 23:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
0
"– Сөздү кыз-жигит болуп жүргөн кездерге бурсак"-бул суроого мен уктап жаткаткан жериден ойготсо ,ыргып туруп айтып берем.Кенеш тобунун кыз-жигит кезин ар бир интервьюсунда окуй берип,жаттап буттук го чиркин.Башка кызыктуу суроо даярдай албадынарбы?
Сен кийимге акча коротпой, арыктаганга акчаңды корот, анан кийим алганы кел" деп айтам.
Окшош койноктордун чон жана кичине размерин баасы бир эле болотго же сизде размерине карап баасы да озгоруп турабы?
14.10.2018. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
14-12-2018 23:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
0
Сен кийимге акча коротпой, арыктаганга акчаңды корот, анан кийим алганы кел" деп айтам.
Бул созунуз менен сиз айымдарды озунуздун башка бизнесинизге да чакырып жатасыз.Арыктоо учугн акча керек эмес болгону каалоо керек жана убакыт таап,жалкоолукту таштоо керек!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21592;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: