ХАБИБTIME!

Көпчүлүктү күттүргөн беттеш Хабиб Нурмагомедовдун Конор Макгрегорду жеңиши менен аяктады. Бирок беттештен кийинки окуялардан соң UFC болуп көрбөгөндөй ызы-чуунун үстүндө жуурулушуп жатып калды. Андагы башкы каарман – Хабиб.

ЖАРНАМАСЫНА ТӨП КЕЛБЕГЕН БЕТТЕШ

Дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган тиреш жарнамасына төп келген жок. Беттештин жүрүшү спорттон алыс болгон күйөрмандарды зериктирип койгону ырас. Анткени 1-раунддан тарта мыкты балбан даярдыгы начар мушкер менен беттешкен сыяктуу болду. Хабиб дароо бутка кирип, партерде иштөө тактикасына өттү. Албетте, мындай жерде кармашуу көпчүлүк учурда кызыктуу боло бербейт. 1-раунддун 4 мүнөттөн ашык убактысы эки спортчунун партердеги тирешүүсү менен өтүп, Хабиб үстөмдүк кылып жатты. Мактанган Макгрегор күрөшкө даяр болгону менен, чаалыга баштады. 2-раундда Хабибдин оң колу таамай өтүп, мушкердик чеберлигине таянган Макгрегор нокдаунга учурады. Ирландиялык дароо тура калса да өзүнө болгон ишенимин ушул учурда толугу менен жоготту.

3-раундда Хабиб күрөшкөнүн токтотуп, сокку алмашуу менен алек болду. Конор бир дагы жолу таамай тие алган жок. 4-раундда Хабиб өзүнө жаккан ыкманы жасап койду: партерге кирип, атаандашын муунтуу. Бүттү! Жарнамасы дүйнөнү жарган беттеш ушинтип аяктады. Конор дээрлик 2 жылга жакын октагонго чыкпай жүрүп, анчейин даяр эмес болуп калгандай. Ал эми Хабиб... Хабибдин убактысы келди!

ШОУ ЖЕТИШПЕЙ ЖАТТЫ БЕЛЕ? МЫНА, АНДА ЭМЕСЕ!

Эки мушкердин беттеши жөн эле бүтүп калса окшошпой калмак. Жаңжал беттештен кийин башталды. Хабиб жеңиштен соң октагондон секирип өтүп, Конордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске атырылды. Буга Диллондун көрүүчү залдан Хабибди сөгүп киргени себеп. Муну менен ызы-чуу башталып, Хабибдин командасындагы адамдар Конорго кол сала башташты. Лас-Вегастагы зал бир заматта уу-дууга түшүп калды. «Азыр сага чемпиондук курду тапшырсам, эл сага кол салышы мүмкүн»,- деп UFC`нин жетекчиси Дана Уайт чемпиондук курду октагон ичинде Хабибге тапшырган да жок. Бир канча мүнөттөрдөн кийин гана тиешелүү кызматкерлер абалды тынчтандырып, эки мушкерди алып кетишти. Мына эми гана беттеш аяктады.

«Ызы-чууга катышкан мушкерлер үчүн UFC жабык»,- дейт Дана Уайт. Алардын бири Зубайра Тухугов эле. Ал Макгрегордун жакындарынын бири Артём Лобов менен боло турган беттеши эми болбойт. Ошондой эле жаңжал салган Хабибдин 3 адамы полиция тарабынан кармалып, бирок кайра коё берилген. Эки спортчунун беттеш үчүн ала турган гонорарлары (3,5 миллион доллар Хабиб, Конордуку 15 миллион доллар) азырынча берилбей турат. Азырынча Хабибге 250 миң доллар айып салынды.

ОКУЯ КАНДАЙ УЛАНЫШЫ МҮМКҮН?

Окуянын уланышы кандай өңүттө болору тууралуу бир канча божомолдор айтылып жатат.

• ХАБИБДИН ДЕПОРТАЦИЯСЫ

Хабиб ачууга алдырып жиберди. Автобустагы ызы-чуу, Конордун өзү гана эмес, командасынын ага айтылган ачуу сөздөрү. Ооба, беттеш алдында ар түрдүү сөздөр айтыла берет. Бирок чыныгы чемпион мындай кадамга барбашы керектиги айтпаса да белгилүү. Антсе да Нурмагомедов беттештен кийин маалымат жыйында кечирим сурап, UFC спорту трэш-токтон алыс болушу керектигин айтты. Эми бул ызы-чууну Неваданын спорт комиссиясы иликтегенге өттү. Аталган комиссия Хабибди узак мөөнөткө дисквалификацияга кетирип, атүгүл АКШга келүүсүнө тыюу салып коюшу мүмкүн. Учурда Хабибди колдогондор да, сындагандар да арбын. «Эми эмне болот?» деп суроо узаткандар андан көп.

• ХАБИБ-КОНОР. РЕВАНШ

«Реванш күтөм». Макгрегордун беттештен кийинки биринчи сөзү. Көрүүчүлөр Конордун октагондо мыкты гана болушун көргүсү келишет, мунусунда такыр окшогон жок. Эми ал реванш сурап жаткан чагы. Ирландиялык мушкер UFC уюмунда медиа-жылдыз, андыктан реванш бербей коюуга негиз деле жок. Алсак, убагында Нейт Диастан утулуп калганда Конор дароо реванш сураган. Жыйынтыгында экинчи беттеш көп күттүргөн эмес.

• ЖАҢЫ САЛМАК КАТЕГОРИЯСЫ

Жаңы кадам. Жаңы салмак категориясы. Учурда бир канча мушкерлер жаңы салмак категориясын түзүүнү сунуштап жатышкан маалы. Ал 74,8 килограмм салмакка чейинки категорияда болушу мүмкүн. Макгрегор да ушундай сунушту айтып келгени маалым. Бул Дана Уайт ойлонуп көрчү кадам. Чемпиондук үчүн беттеш да бат эле даяр болуп калат: Конор Макгрегор – Нейт Диас.

МЫЙЫГЫНАН ЖЫЛМАЙГАН ҮЧҮНЧҮ КААРМАН

Бул беттеште эки каармандан тышкары үчүнчүсү да бар экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал – Тони Фергюсон. Тони менен Хабибдин беттеши 4 жолу болбой калган. Ошондой эле Эль Кукуй (Фергюсондун каймана аты) аталган салмак категорияда убактылуу чемпион боло алган. Кызыгы, Фергюсон Хабиб менен Конордун беттеш алдында Энтони Петтис менен кез келип, аны 2 раунд аралыгында жеңип алды. Бул беттеш кеченин эң кызыктуу беттеши деген наамга да татыды.

Фергюсон Хабиб сыяктуу катары менен 11 жолу жеңип келе жатат. Чындыгында, бул чемпиондук статистика. «Бул эки дөөпөрөс биздин спортту уят кылып жатат»,- дейт Конор менен Хабибдин ызы-чуусун четте байкаган Фергюсон. Бул ызы-чуулар Фергюсондун деңгээлин жогорулатып койду. «Хабиб же Конор, айырмасы жок. Мага чемпиондук үчүн беттеш бергиле»,- дейт Эль Кукуй. Көлөкөдө турган үчүнчү каармандын мезгили да жакын арада келип калат шекилдүү...

UFC 229 сүрөттөрдө.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
777bazamat
2018-10-16 09:38:57
аяк жагында секиргени жаман болуп калды
+3
Matahara1980
2018-10-16 11:19:35
Эки ХХХ, точно , сила есть ума не надо)))
+1
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан