1995-жылдан тарта кыргыз эстрадасында Кудайберген Кутуев деген ысым жарк эткен. Ырчынын аткаруусундагы «Сүйүү балы», «Туулган күн», «Эсиңдеби?» деген чыгармалары көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алып, калың элдин назарын өзүнө бура алды. Аты дүң болуп турган учурда ырчы кырсыктап абакка эки жолу отуруп чыккан. Биринчисинде 2000-жылы Оштон бир адамды унаасы менен сүзүп, ал каза болуп калган. Соттун өкүмү менен ырчы 5 жыл жатак абагына кесилген. Экинчисинде зордуктоо боюнча сот жообуна тартылганын жакын тааныштары баяндашты. Сахнага жарашкан бой-келбети, ченебеген таланты менен күйөрман топтой алган ырчы абактан кургак учук илдетине кабылган экен. Биз буга чейин Кудайберген Кутуевдин дайынын билели, өзү менен сүйлөшөлү деп бир нече ирет аракет кылып издедик. Бирок дайынын таппадык. Акыркы жылдары сахналаштары менен да, жердештери менен да, ага-тууганы менен да кабарлашпай калыптыр. Атасы болочок ырчы мектеп босогосун аттаганда каза болсо, апасынан 8-классында айрылганын ырчы өзү бизге берген маектеринин биринде айтып берген.
Таланты менен элге таанылып, соңку жылдары дайынсыз болуп кеткен Кудайберген Кутуевдин тагдырына кызыгып, аны менен байланышы болгон адамдарга кайрылдык.
Ыман Досбаев, агайы, айылдашы: «17 ЖАШТАГЫ КЫЗ КУДАШТЫ СҮЙӨМ ДЕП ЫЙЛАП ЖАТЫП, ТУРМУШ КУРУШКАН»
– Мен Кудаштын (ред.: Кудайберген Кутуев) агайымын, айылдашымын. Аны бала чагынан бери билем, 5-классында класс жетекчи да болгом. Жылдыздуу, жакшы ырдаган, мүнөзү да жагымдуу бала эле. Чаткал районундагы Ак-Таш айылынын маңдайында жалгыз үй боло турган. Ошол үй Кудаштын атасыныкы болчу. Ал киши 2 аялы, балдары менен турчу. Кудаш ал кишинин токолунан төрөлгөн уул. Ал мектепти аяктагандан кийин борборго алып барып, филармониянын алдындагы студияга өтүшүнө да мен көмөктөшкөм. Жеке концертин бергенде да чоң салым коштум. Концерти ийгиликтүү өтүп, «Ош базарынын» жанынан үй сатып алып, ошол учурдун кымбат машинасын минген. Анда аябай катташчубуз. Ошол кезде артынан көп кыздар чуркаганын билем.
Бир жолу Кудаш «бир кыз сүйүп калыптыр, жолугуп сүйлөшүңүзчү. Азыр үйлөнгөнгө чамам жок» деди. Ал Ысык-Көлдүн Ак-Суусунан, мектепти алтын медаль менен бүтүп келген 17 жаштагы кыз экен. Алгач апасы менен жолугуп, Кудаш туурасында толук айтып бердим. «Ата-энесинин көзү өтүп кеткен, куда болуп келчү азыр эч ким жок» дедим. Апасы «ушуну кызыма да түшүндүрүңүзчү» деди. Кыз «сүйөм» деп ыйлап туруп алды. Ошентип, Кудаштын ага-туугандарынын бири, өкүл ата болом деген таанышы, мен болуп колдон келген майда-чүйдөбүздү көтөрүп кудага Көлгө бардык. Апасы мугалим, атасы милиция кызматкери экен. Үйлөнгөндөн кийин 2 айдай эле жашап, ажырашып кетишкенин уктум. Ошону менен менин да байланышым жок. Ушул жигитти кайрадан сахнага чыгарсам деген ой көп жыл жашады, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, көп жылдан бери байланыш жок.
Тотомидин Жолдошов, «Таалай элеси» тобунун ырчысы: «АКЫРКЫ ЖОЛУ ЖОЛУККАНДА КЫЗДУУ БОЛДУМ ДЕП СҮЙҮНЧҮЛӨГӨН»
– Кудайберген Кутуевди жердеши, кесиптеши катары жакшы тааныйм. 1997-жылдан бери чыгармачылыкта жакын болуп келдик. Мага ал ага катары акыл-насаатын көп айтты. Дайыма калыс, туура сүйлөчү. Ал чыгармачыл адамдардын арасында өзүнүн үнү менен айырмаланып турчу. Ага 1995-жылдан тарта чоң дөөлөт келген. Ал дөөлөттү көтөрө алгандар, көтөрө албагандар болот экен. Менимче, Кудайберген көтөрө албай кетти. Себеби ал жаман жолдо жүргөндөр менен көп байланышта болуп калды. Бир кезде кырсыктап адам сүзүп алып, кыз-келиндер менен да көбүрөөк жүрүп, ошондон тарта аны жаман сөздөр ээрчип калды. Ар бир чыгармачыл адамда кризис болот экен. Биринчи жолу кырсыктап камалып чыккандан кийин кайрадан сахнага кайтып, жакшы эле киришкен. Бирок көп өтпөй кайрадан кырсыктап абакка отуруп калды. Ошондон кийин чыгармачылыкка мурункудай кызыкпай, өзүн таштап койду. Жаман жактарга көбүрөөк аралашып да кетти. Тааныштары, достору аны карабай коюшту. Балким, ошондонбу өзүн таштап, ичкилик менен достошуп алды. 2013-жылы Бишкектеги мен ырдаган кафеге келип, «жеңең болот, Байтик айылынан» деп бир кыз менен тааныштырды. Андан кийин «кыздуу болдум» деп сүйүнчүлөп келип кетти. Ошондон кийин өзүн да, келинчегин да көрө алган жокмун. Аман болсун, бар болсун.
Орунбай Разаков, Улуттук фтизиатрия борборунун өпкө-хирургия бөлүмүнүн башчысы: «ӨПКӨСҮНҮН РЕНТГЕН КАГАЗЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ӨТӨ НАЧАР БОЛЧУ»
– Кудайберген мындан болжолдуу он жыл мурун Улуттук фтизиатрия борборунун урология бөлүмүндө дарыланган. Урологиядан көп дарыга туруктуу кургак учук бөлүмүнө которулган. Сыртта волейбол ойночубуз, ошондо таанышып жакын мамиледе болуп кеттик. Чорт кыялы бар болчу, жакпаган адамы менен урушуп кетчү. Өзү дарыланып жаткан бөлүмдөгү врачтар менен да урушуп, жөн дарыланбай жүрдү. Анан менин кабинетиме келип «аке, сиз менен жакшы сүйлөшөм» деп калчу.
Мындан 4-5 жыл мурун го, «үйлөндүм» деп кафеге чакырган. Ал келинчеги менен, мен келинчегим менен барып Кызыл-Аскердеги кафеде отурганбыз. Андан кийин көчөдөн жолугуп калып, өпкөсүнүн рентген кагазын көрсөттү. Өтө начар болчу. «Олуттуу оору менен ооруп жүрөсүң, ойнобо» дегем. Ошондо аябай капа болуп, көпкө ыйлап, араң сооротком. Ошондон кийин көргөн жокмун. Байланыш да таптакыр үзүлдү.
Атыркүл Токтогонова, улуттук фтизиатрия борборунун дарыгери: «МЕДАЙЫМДАРДЫ КАГЫП-СИЛКИП ЖИБЕРЧҮ»
– Кудайберген Кутуев, 2008-2009-жылдар болсо керек, бизде дарыланып калды. Мен анда ушул ооруканада көп дарыга туруктуу кургак учук бөлүмүнүн башчысы болчумун. Медайымдарды урушуп, кагып-силкип койчу. Алар мага арызданып келишчү. «Бул атагы чыгып калган киши, оору эмнени гана кылбайт. Ооруп калганына стресс болуп жатат, чыдагыла» деп медайымдарды кепке келтирчүмүн. Аныкы кургак учуктун ачык түрү болгондуктан күнүнө 20 даана дары иччү. Ошого да нерв болду окшойт. Ачык түрү болгону менен, биздин башка оорулууларга салыштырмалуу аныкы жеңил эле. Дарыланса айыгып кетмек. Мүнөзү оор болгондуктан аны менен палатага башка киши жаткырган эмесмин. Бир күнү палатаны сыртынан бекитип кетип калыптыр, раковинадан суу агып, алдындагы кафедраны каптаптыр. Андан кийин бир программанын негизинде Воронцовка айылындагы ден соолукту чыңдоочу борборго которгонбуз. Ошол жакта дарыланып жүрдү.
Айгерим Калтурсунова, жээни: «ТАЯКЕМ ТУУРАЛУУ ЭЧ ИЛИНЧЕК ТАППАЙ ЖАТАБЫЗ»
– Кудайберген апамдын бир тууган иниси, мага таяке болот. Мен 1972-жылы төрөлгөм, ал менден бир жашка улуу. Таята, таенебиздин көзү өтүп кеткенден кийин Кудайберген биздикинде жашады. Ал мектепти аяктаган соң борборго кеткен. Акыркы 5-6 жылда таякем менен байланышпай калдык. Сураштырып келебиз, бирок эч илинчек тапкан жокпуз. Атам өтүп кеткенден кийин улуу эжем Кудайбергенге Бишкектен жолугуп калса, эжемди моюнунан кучактап аябай ыйлаган экен. Ошондон кийин дайыны чыкпай калды. Апам каза болгондо келген жок. Сураштырсак, билгендер "мурун кафелерде ырдап калчу" дешти. 2000-жылдары болсо керек, түрмөгө түшүп калганда ошол жактан кургак учук оорусун жуктуруп алган. Түрмөгө 2 жолу отурду окшойт, "кыз зордуктаптыр" деп уккам. Бирок анын чын-бышыгын билбейм. Өзү интервью берип, «бул жалган жалаа, менин артымдан жүгүргөн кыздар көп. Эгер андай болсо мен ал кызга үйлөнүп алмакмын» дегенин өзүм сыналгыдан көргөм.
Жакын санаалаштары менен катташпай калса эле жаман ойлобойлу. Балким, биздин бул макалабыздан кийин ырчы өзү же аны билгендер үн катар деген ишенич менен макалабызды жыйынтыктайлы.
Ырчы биринчи концертинен түшкөн акчага ушул машинаны алып, ал унаасы менен киши сүзүп абакка отуруп чыккан.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg