АТАКТУУ ТҮГӨЙЛӨРДҮН ЖЫЛДЫЗДАРЫ ТӨП КЕЛИШЕБИ?

Адам кайсы бир жылы, кайсы бир күнү, кайсы бир саат-секундда жарык дүйнөгө келет. Ал эми айрымдар күнүмдүк гана нерселерди окубастан, сүйүктүүсүн дал ушул жылдыз белгиси аркылуу толук таанып-билүүгө ашыгары талашсыз. Гезитибиздин бул санында кыргыздын шоу-бизнес чөйрөсүндөгү жылдыздардын түгөйлөрүнө, алардын астрологиялык айкаштыгына, шайкештигине көз салып көрдүк.

ҮЙЛӨНӨРДӨ ДА ЖУБАЙЫНЫН ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИСИН КАРАП, КӨҢҮЛ БУРБАГАН МИРБЕК АТАБЕКОВ

Биринин табияты от, бириники аба болгондуктан бул жакшы айкалыш. Ырчы Мирбек Атабеков 11-августта туулган, жылдыз белгиси арстан. Көрсө, алар үйдө дагы арстан сыяктуу «падыша» болгонду жакшы көрүшөт экен. Себеби булар табиятынан эле баарына ээлик кылганды жакшы көрүшөт. Арстан мырзалар жаккан айымынын жүрөгүн багындыруу үчүн эмнени гана кылышпайт. Түркүн-түстүү гүлдөр, күтүүсүз белектер, кымбат ресторандар... Кыскасын айтканда, күчүн дагы, каражатын дагы аяшпайт. Убагында кыздар бекеринен Мирбек үчүн көз жаш төгүшпөгөн экен да. Себеби жогорудагы сапаттарга ээ мырзалардын жанында болуу бардык айымдардын кыялы болсо керек. Мирбектей романтик мырзанын жары болуу бактысы Мээрим Төлепбергенге буйруган. Ырчынын жубайынын жылдыз белгиси суу куяр. Бул айымдар мүнөзү жагынан ачык, шайыр келишет. Азыркы учурда шоу-бизнес чөйрөсүндө Мирбек Атабеков деген ысым өзгөчө орунду ээлей турганы талашсыз. Баарыбыз билгендей, арстан мырзанын үй-бүлөсүндө тапичкелер көбөйүп жатса, чыгармачылыгында ырлары көбөйүп, күйөрмандарын кубантып келет. Албетте, Мирбекти дайыма колдогон оң колу – бул анын жубайы. Учурда көргөн көздү кубанткан жубайлар 1 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Мирбек Атабеков – 11-август

Жылдыз белгиси – Арстан

Табияты – От

Мээрим Төлепберген – 8-февраль

Жылдыз белгиcи – Суу куяр

Табияты – Аба

Мирбек мырзанын өзүнө байланышып жылдыз төлгөгө, алардын мамилеге болгон таасири тууралуу төмөндөгүдөй жооп алдык:

– Мен мындай нерселерге көп деле маани бербейм. Бирок окуп көрсөм баары эле туура келет. Үйлөнөрдө да Мээримдин жылдыз белгисин карап, көңүл деле бурбаптырмын. Кийин баш кошкондон кийин бул боюнча талкуу кылганбыз. Байкасак, ортодо экөөбүз кызыккан нерселер бар экен. Анан «аа, боло берет, жашай берели» деп койгонбуз (күлүп). Бирок чынында эле жылдыз белгимде айтылгандай романтикмин. Бул сапат, албетте, үй-бүлөдө, мамиледе чоң роль ойнойт.

КАЙЫН ЖУРТКА КАЙРЫМДУУ АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА

Нурландын табияты жер, Аселдики суу болгондуктан жакшы шайкештик. Себеби жер сууга муктаж. Эстрада ырчысы Нурлан Насиптин жылдыз белгиси бийкеч болсо, жубайы Асел Кадырбекованыкы балык. Балык белгисинде төрөлгөн айымдар өтө назик, боорукер келишет. Өзүнүн эле туугандарына гана жан тартпастан, кайын журтуна да тең караган акылдуу айым. «Балалуу үй – базар» демекчи, балык айымдар көп балалуу болгусу келет. Буюрса, 20 жылдан кийин Асел айым «Баатыр эне» төш белгисин алып калаттыр.

Ал эми бийкеч мырзалар эмгекчилдиги, түгөйүнө болгон камкордугу менен алардын жүрөгүн багындырышат. Нурлан мырза өтө камкор, түгөйүнүн көңүлүн көтөрүү үчүн керек болсо үй жумуштарын жасоого да даяр. Мүнөзүндө бир аз кыйкымчылдыгы бар. Кыз-жигит кезинде эле Нурлан «көпөлөгү» менен бирде кол кармашып, бирде таарынышып, акырында Кыргызстандын жети дубанына чейин дүңгүрөтө той берди. Эгерде астрология илимине таяна турган болсок, бул жылдыз белгисиндеги түгөйлөр 100 пайыз бири-бирин толуктап турушат. Ооба, сиз туура эле окудуңуз, 100 пайыз. Кыскасы, Нурлан менен Асел бири-бири үчүн жаралган адамдар.

Асел Кадырбекова – 19-март

Жылдыз белгиси – Балык

Табияты – Суу

Нурлан Насип – 10-сентябрь

Жылдыз белгиси – Бийкеч

Табияты – Жер

Бул тууралуу Асел айымга кайрылып, төмөнкүдөй пикирин уктук:

– Мен да баары сыяктуу эле жакшы маалыматтар жазылса ишенем, жаман болсо ишенбейм. Биз Нурлан экөөбүз бири-бирибизге дал келебизби, ага маани деле берген эмесмин. Бирок окуп көрсөм, баары туура келет экен. Бийкеч мырзалар баарын үйгө алып келет жана үй-бүлөгө абдан бекем болушат. Мен болсо агым менен кеткен адаммын. Үй-иштерине жардам берерин билбейт экем, андайын байкай элекмин (күлүп). Балким, кийинчерээк ошондой болуп калар, биз азыр жаңы эле үй-бүлө куруп, көнүшүп жатабыз. Ата-энебиз менен чогуу жашайбыз, Нурландын мага жардам беришинин деле кажети жок. Апам экөөбүз баарына үлгүрөбүз. Үй-бүлөдө ар бир адам өзүнүн милдетин аткарса эле, баары жайында болот деп ишенем.

ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИСИ МОТИВАЦИЯ БЕРГЕН «КРАСАВЧИК ЭРМА»

От менен аба бири-бирин абдан жакшы түшүнөт. Аба бар жерде от жакшы күйөт. Тамашоучу Эрмек Таалайбековдун жылдыз белгиси кой. Көрсө, «красавчик Эрма» үй-бүлөдө «президенттик» милдетти аркалап, бийлик жүргүзгөндү жакшы көрөт экен.

Анын жубайы Бекзада Жолборсова тараза болгондуктан мүнөзү ачык, тынчтыкты, достукту жакшы көргөн айымдардан. Бекзада бекеринен Эрмектин колун кармабаган экен. Себеби тараза айымдардын «табитиндеги» мырзалар шаан-шөкөткө, чыгармачылыкка жакын ырчы-чоорчулар экен.

Эрмек Таалайбеков – 29- март

Жылдыз белгиси – Кой

Табияты – От

Бекзада Жолборсова – 2-октябрь

Жылдыз белгиси – Тараза

Табияты – Аба

Ал эми астрологияга таянып жазылган маалыматтарга карата Эрмек мырзанын оюн билүү үчүн ага байланыштык:

– Менин жылдыз белгим кой. Бул нерселерге ишене бербейм. Бирок кой жылдызында төрөлгөндөр эң күчтүү, лидер жылдыз белгилердин бири деп айтылат. Анан каалайсыңбы, каалабайсыңбы ошондой болууга аракет кыласың. Бул адамга мотивация берет десем туура болот го. Ишенбесем дагы өзүм жөнүндө толук окуп маалымат алгам, 90 пайыз дал келүү бар экен. Бекзаданын жылдыз белгиси тараза, аты айтып тургандай эле жубайым эки жактагы салмакты кармап турат. Бирок чечкинсиз. Муну өзү деле моюнга алат. Анан көп жерден эле мен чечип коём да. Албетте, үй-бүлө башчысы чечкиндүү болсо, баары идеалдуу болот.

ЖОЛДОШУНУН ТАЛУУ ЖЕРИНЕН КАРМАГАН САМАРА КАРИМОВА

От дагы, суу дагы табиятынан күчтүү болгондуктан бири-бирине оңою менен багынышпайт. Булар ынтымактуу жашаш үчүн түгөйлөрдүн бири сөзсүз кичүү болушу керек. Эгерде жашы тең болуп калса суу отту өчүрүп коюшу же от сууну буулантып жок кылышы толук ыктымал. Ырчы Самара Каримованын жылдыз белгиси кой болсо, жолдошу Асан Мансуровдуку бөйөн. Бөйөн мырзалар табиятынан үй-бүлөсүнө камкор болушат. Анан да бул мырзалардын эң талуу жерин айта кетпесек болбойт. Эсиңиздерде болсо Асан мырзанын гезитибизге берген маектеринин биринде «Самара менин туугандарымдын баарын өзүнө имерип алган. Мен жумуштар менен бошобогонгобу, туугандарым Самарага чалып, аны менен чечишет, сырдашышат. Тагыраагы, мен бош эмес кезде бийлик Самарада» деп айткан жайы бар эле. Көрсө, бул мырзалар ага жакын адамдарды, айрыкча ата-энесин сыйлап, ысык чайын бергендерди баалайт экен.

Ал эми Самара айым бөйөн мырзанын эң талуу жеринен кармаган тура. Анын үстүнө кой айымдар табиятынан лидер келишет. Түгөйлөрдүн ортосунда 23 жаш айырмачылыкка карабастан 2 уул, 1 кыздын ата-энеси болушту.

Асан Мансуров – 2-июль

Жылдыз белгиси – Бөйөн

Табияты – Суу

Самара Каримова – 10-апрель

Жылдыз белгиси – Кой

Табияты – От

Кой жылдызындагы Самара айым жылдыз белгиге маани береби? Бул тууралуу өзү кеңири айтып берди:

– Мен жылдыз төлгөгө такыр маани бербейм, бирок окуп коём. Жакшы жаңылыктар болсо, сүйүнүп калам. Негативдүү маалыматтар жазылса «бул мага эмес экен» деп коём. Негизи эле маанай көтөрүү үчүн окуйм. Ишенип, жума сайын кууп окугандардын катарына кирбейм. Жылдыз белгим дагы, жылым дагы кой. Окуганыма караганда, мындай адамдар ийгиликтүү, лидер адамдар болушат экен.

Мага караганда жолдошум маани берип окуйт. «Мына мындай болуптур, тигиндей болуптур, көрдүңбү?» деп тамашалап, күлүп калат. Бирок канчалык деңгээлде маани берет, анысын билбейт экем. Жолдошум боюнча айтылган сөздөргө толук кошулам. Негизи эле абдан сыйчыл. Өзүнүн, менин ата-энемди сыйлап турат. Андыктан ортобуздагы сый мамиле кичи мамлекетибиздин бекемделишине чоң салым кошуп келет.

БИЙЛИКТИ КОЛГО АЛГАН НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА

Нурзат табиятынан суу, ал эми жолдошу Максат мырза жер. Бул эң идеалдуу шайкештик. Себеби суу менен жер бири-бирине абдан муктаж. Алпаруучу Нурзат Токтосунованын жылдыз белгиси бөйөн, ал эми жолдошу Максат Надырбековдун жылдыз белгиси бийкеч. Бул жылдыз белгилердин мүнөздөмөсүнө көз чаптырсак бири-бирине абдан төп келишкен түгөйлөр. Кызыгы, аягында келип бийликти бөйөн айымдар колго алышат. Бөйөн айымдар жакындарын, бүлөсүн ойлогон адам. Маанайы аба ырайындай эле бат-баттан өзгөрүлүп турат. Кандай гана жагдай болбосун жолдошунун ары жак-бери жагынан өтүп жатып, ынандырып, көндүрө алат. Бул үй-бүлөдө башкаларга салыштырмалуу чыр да аз болот. Бийкеч мырзалар тазалыкты жакшы көрүп, өздөрүн дагы таза алып жүрүшөт, чечим кабыл алууда «жети өлчөп, бир кес» деген принципти карманышат.

Максат Надырбеков – 27-август

Жылдыз белгиси – Бийкеч

Табияты – Жер

Нурзат Токтосунова – 2-июль

Жылдыз белгиси – Бөйөн

Табияты – Суу

Ал эми «Заманыбыздын супер алпаруучусу» буга эмне деп жооп берет:

– Жо-ок, мен антип бири-бирибизге шайкеш келебизби деп деле көңүл буруп, карабайт экем. Кандайдыр бир деңгээлде чындыгы болушу мүмкүн. Бирок айрым кыздардын «мен аны сүйөм, бирок ал чаян да» дегени туура эмес болуп калат го. Мен тууралуу, Максат тууралуу айтылган маалыматтар туура эле экен. Чындыгында үйдө чыр жокко эсе, жок, такыр болбой эле койсунчу. Айтышат эмеспи, «чыр болгон үйдөн ырыскы качат» деп, андыктан ынтымакта эле жашайлы.

«ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БӨЛҮҮ КЕРЕК»

Негизи эле баш кошуп жатканда жылдыз белгилерге көңүл бөлүү керекпи? Бул суроону астролог Жанар Кадыралиевге узаттык.

– Жанар мырза, айтсаңыз, жылдыз белгилерге ишенип, маани берүү керекпи?

– Албетте, бул нерсеге көңүл бөлүү керек. Эгерде классикалык астрологияга таянсак, анда адамдардын туулган күндөрүн, туулган жылдарын, жадакалса саатын, планеталардын жайгашуусун эске ала турган болсок интернеттеги жазылган маалыматтар бир аз туура эмес болуп калышы мүмкүн. Себеби ал жерде жылдыз белгилерге карата жалпылап жазылган маалыматтар камтылган. Баш кошуп жаткан жаштар астрологиядан жалпы түшүнүгү бар адистерге кайрылып, алардан өздөрүнүн шайкештиги тууралуу билсе болот.

– Эгерде алардын жылдыздары келишпей калса кол үзүшөбү?

– Жок. Ал үчүн, жогоруда айтылгандай, алар жөнүндө бардык маалыматтарды карап чыгыш керек. 100 пайыз туура келет деп айтылган күндө дагы планеталардын жайгашуусу туура келбей калышы ыктымал, планеталары туура жайгашса алар толук түрдө тил табышып кетишет. Космостук мыйзам ченемдүүлүк боюнча, өзүңдөн мурунку жайгашкан жылдыз белгиден кооптонуу керек. Ал эми өзүңдөн кийинки жайгашкан жылдыз белгилер ийгилик алып келет. Анан үйлөнүп алгандар «менин жылдыз белгим туура келбейт экен» деп капаланышпасын, анткени, жогоруда айтып өткөндөй, планеталардын жайгашуусу өзгөчө орунду ээлейт. Андан сырткары асторологияда 4 табият бар – от, аба, жер, суу. Баарыбыз билгендей, от аба бар жерде жакшы күйөт. Ал эми жер менен суу бириккенде ылай жаралат дагы, андан үй курулуп, анын бийиктиги улам жогорулайт. Демек, булар бири-бирине пайда алып келет.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Baiana2017
2018-10-16 11:39:23
Админ башка жылдыз белгилер боюнча да маалымат берип коюнуздарчы.менин жылдыз белгим суу куяр.жолдошумдуку кой
0
admin_media
2018-10-16 12:33:42
Baiana2017,саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
muhsina
2018-10-16 14:29:53
admin_media,Биздикин да жазып кое аласыздарбы? Куйоом экооздуку да букачаар. Ал 15 -май, а мен 4-май. Жер,суу,от дегендерине тушунбойм...
0
Baku88
2018-10-16 11:46:19
Жер мн от жөнүндө да маалымат берип койгулачы
+2
Daiana
2018-10-16 12:05:02
Биздики Нурлан м.н Асельдикиндей жер м.н суу куйоом экообуздуку:)
0
aszyma
2018-10-16 13:05:57
Жер суү от кандай мааниде
0
Pandora
2018-10-16 22:49:22
Айланайындар ушул экоону тынч койгулачы.Элдер деле тажап бутту.
+2
Sagyn.91
2018-10-17 04:21:07
Ушул жылдыз белгилер бир нерсени чечсечи!
Укмуш ишенип алгандар аман эле болсунда!
+5
Aisle
2018-10-17 13:40:11
мен балык куйоом эгиздер...экоосу 5 жыл 10жыл бирге жашашы мумкун бирок кийин айрым жолго тушот деп жазылыптыр бир жерде орустардын сайтында.Экообуз шайкеш эмес имишпиз.Айта бербейби.Эч качан ИШЕНБЕЙМ.
0
Atyrgul84
2018-10-22 16:17:17
Булардын баары калп. Тагдырды жалгыз аллах маңдайга жазат.Ишенип маани берген ЧООҢ ШИРК!!! ЧООҢ КҮНөө!!! АЛЛАХЫМ өзүң кечире көр мусулман бир туугандарыбызды!
0
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан