Азамат Байматов, футболчу: «АЗИЯ КУБОГУНА КАТЫШПАСАМ ДА, УЛУТТУК КУРАМ МЕНЕН БОЛОМ»

Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов учурда Индонезиянын «Борнео» клубунда ойноп жүрөт. Футболчунун жаракатынан улам январь айында өтө турган Азия Кубогуна катыша албай калышы “Ак шумкар” үчүн чоң жоготуу болуп жаткан чагы.

– Кандайсыз, Азамат? Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Жакшы, рахмат. Индонезиянын чемпиондугунда ойноп жүрүп бутумду кокустан кайрып алдым. 13 жылдан бери футболдо жүрүп, биринчи жолу ушундай олуттуу жаракат алып отурам. Тизеде кайчылаш байламта деген болот, ошол байламта жабыркаптыр. Эки айдай убакыт операция кылдырбай, башка жол менен калыпка келүүгө аракет кылсам да ооруй бергенинен дарыгерлер менен кеңешип, операция жасатууну чечтик. Москва шаарындагы ЦСКА клубунун бейтапканасында жасалган операция ийгиликтүү өтүп, өзүңөр көргөндөй, басып, ал тургай рулга отура баштадым. Келишим боюнча медициналык чыгымдарды “Борнео” клубу көтөрүп, айлыгымды берип жатат.

– 2019-жылы боло турган Азия Кубогуна Кыргыз өлкөсү 1-жолу чыгып жатса, ага катышпай каларыңызга ичиңиз ачышып тургандыр?

– Ооба, өлкөбүз бул биринчиликте ойноо мүмкүнчүлүгүн алганына абдан кубанычтамын. Азия Кубогу ушуну менен эле бүтүп калбайт, бул жолу болбосо, кийинки жолу өлкө намысын коргоого аракет кылам. Бул ирет жигиттер менен кошо БАЭге барып колдоп келем деп турам. Анан 2019-жылдын июнь айында Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары башталат. Ошого даярдык көрөм.

– Сиздин оюңузча, Азия Кубогунда Кыргыз курама командасынын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү кандай?

– Команданын бүгүнкү курамы 2015 же 2016-жылдардагы курамдан андагы 8 оюнчу жоктугу менен айырмаланат. Ошондогу коргоочулардан Валерий Кичин Орусияда, Талант Самсалиев карьерасын жыйынтыктады, Виктор Майер операция болду, мен жаракат алдым. Ага карабастан Даниэл Тего, Тамирлан Козубаев өңдүү мыкты коргоочулар бар. Бүгүнкү курам Сирияны утту, футбол күн сайын алмашып жатат, Азиянын деңгээлинде жакшы жыйынтык көрсөтүшөт деп ишенем. Аталган кубокто Түштүк Корея менен Иран мамлекеттеринин футбол боюнча курама командаларын фаворит деп эсептейм.

– Буга чейин Бахрейнде ойноп жүрүп былтыр Индонезияга кеттиңиз. Клуб алмаштыруунун башкы себеби эмнеде?

– Мага “эмнеге клуб алмаштырасың?” деген суроону көп беришет. Көз карашың алмашкан сайын дагы өскүң келип, алга умтулат экенсиң. АФКнын жобосуна ылайык, клубдун курамында 3 адам дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн, 1 оюнчу Азиянын аймагынан болушу керек. Мен эки мамлекетте тең Азиянын аймагынан барган легионер катары ойнодум. Эки мамлекеттин ичинен мага Бахрейн көбүрөөк жагат. Бахрейн чакан болсо да, жашоосу жакшы мамлекет. Индонезияда жүргөндө ал жакты сагынчумун. Кийинки жылы Бахрейнге кайра барып калышым мүмкүн.

– Убагы келгенде карьераңыз кыргыз футбол клубдарынын биринде жыйынтыкталат деп күтсөк болобу?

– Мен азыр аябай иштегим келип жатат. Учурда кыргыз футболу өйдө эмес, же ылдый эмес болуп ортодо турат. Менин көз карашымда кыргыз футболунда көптөгөн чоң көйгөйлөр бар. Курама командабыз чет мамлекеттер менен ойноп, ийгилик багындырып жатса да, менин баамымда өлкөнүн ичиндеги чемпиондук алсыз. Топ-Лигада болгону 8 команда бар, атаандаштык аз, финансылык колдоо дээрлик жок, жадакалса күйөрмандар аз келет. Жергиликтүү клубдарыбыз коңшу өлкөлөрдүн клубдары менен ойногондо өз үйүндө утулуп калып жатышат. Ошондуктан клубдар аралык чемпиондуктун деңгээлин көтөрүү үчүн атайын бир ири долбоор керек деп ойлойм. Анан демөөрчүлөр, күйөрмандар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүнү өнүктүрүү зарыл. Ал күндөр да алыс эместир. Канча жашка чыкпайын “Дордойдо” болобу, “Алайда” болобу футболду жакшы деңгээлде жыйынтыктагым келет.

– Сизден кийинки муунга, дегеле жаш футболчуларга чет өлкөлүк командаларда ойноо үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?

– Мен сыртка чыгам десем, ата-энем “биринчи кезекте жогорку билим ал” деген талап койгон. Аларды угуп туура кылыптырмын, жогорку билимдүү болдум. Чет жакка чыгуу тилеги бар балдарга туура жол көрсөтүп, “мен Азаматмын, кел сүрөткө түшөбүз” деген эмес, кантип чет өлкөлүк командаларда ойносо болорун түшүндүрүп, туура багыт, мотивация бериш керек. Легионер болуу үчүн ата-эненин туура тарбиясы, билим, тил жана, албетте, жөндөм керектелет.

– Жакында эле ФИФАнын мыктысын тандоого катышып, Роналду, Модрич жана Мессиге добуш бердиңиз. Эми “Алтын топко” кимди татыктуу деп ойлойсуз?

– “France Football’дун” “Алтын тобуна” Криштиану Роналдуну татыктуу деп ойлойм. Бул да, ФИФАнын мыктысы да командалык эмес, жеке сыйлык. Ошондуктан бул сезондо да жеке оюнчу катары Роналду кыйындыгын көрсөттү деп эсептейм. Ал Чемпиондор Лигасында 16 гол жаратып, чемпион аталды. Дүйнө чемпиондугунда да тайпалык оюндарда 4 гол киргизип, командасын плей-оффко алып чыкты жана символикалык курамага кирди. Сезон сайын мындай ийгилик жарата берген футболчу жок. Жеке оюнчу катары Лука Модричке салыштырмалуу жакшы жыйынтык көрсөттү.

– Эми кепти башка нукка буралы. Үй-бүлө куруу тууралуу ойлонуп жатасызбы?

– Чет жерде да, Бишкекте да жалгыз жашап, жалгыздыкка көнө түшүптүрмүн. Бирок үй-бүлө куруп, балалуу болгум келип жатат. Убакыт келди, буюрса, быйыл үйлөнөм. Сүйүктүү адамым бар. Экөөбүз 1 жылдан ашык мамиле куруп, сүйлөштүк. Менин мүнөзүм да жеңил эмес, чет жерде жүрөм дегендей. Ошого чыдап, колдоп, түшүнүп келатканы үчүн ага, өзү айткандай, медаль тагыш керек. Жеке жашооңдо баары жакшы болсо, ишиң да ийгиликтүү болот. Бизде баары жакшы, ата-энелерибиз менен тааныштык. Бактылуумун.

– Жакшы жаңылыгыңыз бар экен. Бактылуу болуңуздар.

КЫСКА-НУСКА...

– Утулуп экинчи болгон жакшыбы же утуп үчүнчүбү?

– Менимче, утуп 3-болгон жакшы.

– Роналдусуз “Реал Мадридби” же Роналду бар “Ювентуспу”?

– Үчүнчү вариант: Роналду бар Португалия курама командасы (күлүп).

– Сиз жактырган чемпиондук?

– Англия Премьер-Лигасы.

– Өзүңүздүн оюндарыңызды кайталап көрөсүзбү?

– Ооба.

– Талаада симуляция кыласызбы?

– Жок.

– Өзүңүзгө жагып, эсиңизде калган гол.

– 2015-жылы Кыргыз өлкөсү менен Австралия курама командаларынын ортосундагы беттеште 92-мүнөттө киргизген гол эсимде калган.

– Кофеби же чайбы?

– Ар бир таңым даамдуу кофе ичүү менен башталат. Албетте, кофе.

Алтынай Тынышова
Адилет Бектуров
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Азамат Байматов: "Менин мүнөзүмө чыдаган сүйүктүүмө медаль тагыш керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
asdef
2018-10-16 12:48:10
Мурда уйлонгон беле бул?
+3
ainura220888
2018-10-16 14:41:11
Уйлонуп ажырашып кеткен. Аялы красавица болчу Айжан деген. Жаль
+6
Zaina
2018-10-17 04:17:18
2 жолу уйлонгон беле? Жылуулукту эми таптым деп.
-2
Arlenchik
2018-10-20 14:38:27
Мурункусу жакшынакай сонун аял эле, корунушунон кулк мунозуда, бул озу ХХХ ХХХ окшойт.
0
batma200294
2018-10-22 15:45:03
Мен ойлоп калдым да бул озумчул окшойт.озунун айтканы эле боло.берсе экен да
+1
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан