Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны: «СУЛТАН «АТАМ МАГА ТОПУРАК САЛЫП КАЛБАЙБЫ» ДЕП ЫЙЛАГАН ЭЛЕ»

8-октябрга караган түнү 59 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов көз жумду. Ал бир жылдан бери онкологиялык оору менен алышып, 4 ирет Түркиядан операция жасатып келген.

Султан Жумагулов тууралуу

  • 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган;
  • 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде билим алган;
  • 1991-1993-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары;
  • 1993-1995-жылдары «Kyrgyzstan Chronicle» гезитинде баяндамачы;
  • 1995-2000-жылдары «Асаба» гезитинин баяндамачысы;
  • 2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы;
  • 2009-2010-жылдары президенттин катчылыгынын аналитикалык кызматынын жетекчиси;
  • 2010-2013-жылдары «Азаттык-Медиа» мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;
  • 2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;
  • 2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп эмгектенген;
  • 2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;
  • 2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;
  • 2017-жылдын ноябрь айынан бери маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеп келген.

    «АТАМ КОРООДОГУ ГҮЛДӨРҮН ДА ЭРКЕЛЕТЧҮ»

Акыркы жолу ооруканага жатып калганда атасы балдарын чогултуп алып көпкө чейин сүйлөшүп отурганын, пландарын айтып бөлүшкөнүн улуу кызы Касиет Жумагулова көзүнүн жашын токтото албай айтып берди:

– Атам ак көңүл, өжөр, кечиримдүү, түшүнүктүү, кыргыз үчүн күйгөн адам эле. Дайыма бизге «жөнөкөй болгула, байлыкка эмес, билимге умтулгула» дечү. Биз үйдө 1 уул, 3 кызбыз. Бизге эч качан «кыз мындай болуш керек» деп тыюу салып, эркиндигибизди чектеген эмес. Атам үй-бүлөсүнө күйүмдүү болчу. Бирок үй-бүлөсүнөн мурда кыргыз элин, өлкөсүн ойлочу.

Атам бизди эле эмес, короодогу гүлдөрдү да эркелетип, алар менен сүйлөшчү. Көчөдөгү ит, мышыктардын баарын ээрчитип алчу. Анан ит, мышыктар биздин короого келип тууп коюшчу. Ошентип бир убакта үйдө 6 күчүк, 11 мышык, 2 тоту куш жашап калган. Анан атам азык-түлүк алганы барганда жаныбарларынын санын кошуп «Мен көп балалуу атамын. Арзандатуу болобу?» деп тамашалап калчу.

Өткөн жылдын аягында жөтөлүп ооруп калды. Сасык тумоо деп ойлоп жүрө бергенбиз. Ооруканадан бронхит деп дарылашкан. Жөтөлү басылбай койгонунан январь айында МРТга түшсө, өпкөсүндө шишик бар экен. Сыртынан кайраттуу көрүнгөнү менен, жаман болуп жүргөнүн сездик. Маанайы чөгүп, ооруп калганына 2 жумага чейин ишене алган жок. Анан Түркияга барып дарыланып жүрдү. Акыркы ирет Түркияга барганында башынан шишик алдырган. Негизи мындай операциядан кийин адам 2 суткадай комада жатат экен. Атам 2 сааттан кийин эле ойгонгон. Ал жактан келип эле жумушка чыгып кеткен. Бул жасалган операциялардан үмүтүбүз чоң эле. Анткени абалы күндөн күнгө жакшырып бараткан.

Ооруканада каза болду. Ооруканада жатканда бизди чогултуп маңдайына отургузуп алып «силерге эки дүйнөдө ыраазымын» деп батасын берип, кеңештерин айтты. Бир катар пландары менен бөлүшүп, көпкө сүйлөшүп отурганбыз. Атабыздан айрылып калабыз деп такыр ойлобоптурбуз. Айыгып келип, пландарын ишке ашыруу үчүн чуркап иштейт деп ойлободук беле...

«БАРДЫК НЕРСЕНИН ЖАКШЫ ЖАГЫНАН КӨРӨ БИЛЧҮ»

Султан Жумагуловдун жакын санаалашы, акын, журналист Шайлообек Дүйшеев ага-инидей болуп ээрчишип, кошуна болуп бош убактыларында кобурашып калган замандашын мындайча эскерет:

– Султан мени дүйнөдөн кайтарына 2 күн калганда чакырткан. Жолугуп, жакында эле каза болгон комузчу Руслан Жумабаевдин атын өчүрбөй сактап калуунун жолун издеп, анын атын музыкалык мектепке ыйгаруу тууралуу сүйлөштүк. Комузду дүйнөгө кантип таанытуу тууралуу да пикир алыштык. Абалы жакшы болчу. «Мен жакында футбол ойноп калам. Операция ийгиликтүү жасалды» деп айткан. Көрсө, ошондо биз менен коштошкон окшобойбу.

Ушул жылдын башында «дарыгерлер өпкөмдө кара так бар экенин айтышты. Өлүп калат окшойм» деп айткан. Эмки жылы атасынын 90, өзүнүн 60 жашын белгилемек. Бир ирет «атам мага топурак салып калбайбы» деп ыйлаганы эсимде. Султан акылдуу, шайыр, чынчыл, ак ниет, адамдык касиети бийик, жаңычыл, калыс жан эле. Бизден айырмасы – бардык нерсенин жакшы жагын көрө билчү. Мамлекетчил, оптимист эле. Кыргызстандын өсүп-өнүшүнө, кыргыздар сөзсүз жаркын келечекке жетерине ишенип, бизди да ишендирчү. Кыргыз өлкөсү мындан да экономикасы жакшы кезде көтөрүлбөгөн маданият кызматкерлеринин айлыгын Султан тызылдап чуркап жүрүп көтөртүп кетти. Жаңыдан кызматына көнүп, пландары четинен аткарылып баштаганда шум ажал алып кетти. Жаткан жери жайлуу болсун.

«Супер-Инфо» гезитинин жамааты Султан Жумагуловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Haanykeeim
2018-10-20 22:31:15
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан