Жанар Акаев: «Эл колдосо «ДЕМИЛГЕ» МЕНЕН ШАЙЛООГО БАРЫШЫМ МҮМКҮН»

Парламент депутаты Жанар Акаев «Демилге» деген кыймыл түздү. Кыймылдын максаты эмне? Кандай иштерди аткарат? Шайлоого даярдыкпы, же... Бул тууралуу депутат Акаев ой бөлүшөт.

– «Демилге» деген кыймыл түзүп, анын алгачкы иш-чарасын Орусиядан өткөрүп келдиңиз. Кыймыл түзүүдөгү максатыңыз эмне?

– «Демилге» кыймылын элдин көйгөйүн чечүүгө жардамдашалы, өкмөткө реалдуу сунуштарды берели деп түздүк. Өкмөттү сындап, кокодон алып же көзүн карап отура бергенден пайда чыкпайт экен. Андан көрө жаштар өз алдыбызча демилге көтөрүп, айрым маселелерди чет жердеги бизнесмен жаштардын, элдин колдоосу менен чечип, идеяларды ишке ашыра берели деген бүтүмгө келдик. Акыркы күндөрү ЖМКларда сырттагы Кыргыз мигранттары тууралуу сүзүп кетти, мушташты, бычактап салды деген негативдүү маалыматтар абдан көбөйүп кетти. Азыркы тапта мигранттар которгон акча өлкө экономикасынын өзөгүн түзүүдө. Алардын эмгегин баалап, дем берип, ыраазычылык билдирүү үчүн кыймыл 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө туштап Москвада алгачкы маданий-спорттук иш-чарасын өткөрдү.

– «Демилге» келечектеги саясий партиябы? Жанар Акаев шайлоого камына баштады десе болобу?

– Москвада 2 миңдей адам жыйнап жолугушуу өткөрсөк «булар шайлоого даярдана баштады» деп дароо башка нукка бурушту. Бул шайлоого даярдык эмес. Бирок алдыбызда чоң саясий максаттарыбыз, улуу пландарыбыз бар экенин жашырбайбыз. Андыктан партия болуп шайлоого катышууну биз азыр жокко чыгарбайбыз. Эгер катарыбыз калыңдап, идея, демилгебизди колдогон адамдар көбөйсө, эмне үчүн шайлоого катышууга болбосун? Катышып, жетиштүү добуш алууга аракет кылсак болот.

– Москвадагы жолугушууда жаныңызда Бишкек шаардык кеңешиндеги «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жанарбек Алымов жүрдү. Мындан улам «Демилгени» «Мекеним Кыргызстандын» түзүүчүсү деп айтылып, элге жайылып кеткен Икрамжан Илмиянов менен байланыштыргандар болууда...

– Иш жасап баштаган адамга бирөөнү жабыштыра калуу бизде адатка айланбадыбы. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жанарбек Алымов менен он жылдан ашуун убакыттан бери таанышпыз. Орусиядагы мигранттарга иш-чара уюштуруу демилгесин ал көптөн бери айтып жүргөн. Москвага чогуу барып келдик, ал эле эмес, биздин идеяны колдойм деген бардык саясий күчтөргө биздин эшик ачык. Илмияновго таңуулаган карандай жалган, ал киши азыр мени колдомок тургай, өзүн коргоп калса чоң иш.

– Жанарбек Алымовдун «Ихлас» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмоновдун иниси экени чынбы?

– «Ихластын» ээси Осмоновдор менен бир тууган экени чын, бирок анын курулуш компанияга тиешеси жок экенин так билем. Бирок биздин мамиле бизнести же жеке максаттарды көздөбөйт. «Мекеним Кыргызстан» партиясы менин колдоомо же жардамыма муктаж да эмес. Тескерисинче, шайлоого жакын саясий күчтөрдү бириктирүү максаты менде бар.

– Учурдагы парламенттеги абалга келсек, келерки шайлоого карата биригүүлөр боюнча сүйлөшүүлөр, сунуштар боло баштадыбы?

– Принципиалдуу маселелерде парламент бир тарапта, эл башка тарапта болуп калууда. Бул жерде эл дагы ойлонушу керек. «Кимдер мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берди, кимдер элге каршы мыйзамдарды колдоду?» деп кийинки шайлоодо эстеши зарыл. Келерки парламенттик шайлоо боюнча парламентте «чай үстүндөгү» сүйлөшүүлөр башталды. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоого кайсы партияны алып чыгары белгилүү болгон соң сүйлөшүүлөр жанданып, саясий күчтөр багытын ачыктоого өтөт.

– КСДП фракциясы Кожобек Рыспаевди катарынан чыгарган жок. Муну менен КСДП партиясынын талабына «жок» деди. Сизди кайра фракцияга кошууга болбойбу? Болсо эмнеге ал иш жасала элек?

– Фракциядан чыгаруу маселесинде Кожобек Рыспаев экөөбүздүкү эки башка кырдаалга туш келди. Рыспаевге азыр бийлик тараптан колдоо бар экени жашыруун эмес. Мага болсо ал убакта бийликтен такыр колдоо болгон эмес, тескерисинче, мага президент баш болуп каарын төгүп турган. Ал күндөрү карапайым эл гана мага жан тартып турганын сезип турдум. Азыркыга чейин КСДП фракциясынын айрым депутаттары мени фракциядан чыгарууну колдоп беришкени үчүн ыңгайсыз болуп жүрүшөт. Мен азыр фракцияга кошулууга муктаж эмесмин, эч кимден суранбайм дагы. Анткени мен жаш болсом да убагында айткандарым азыр чын чыкты. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин аны сындаган баатырлар көбөйдү. Ошон үчүн өз алдымча эркин депутат катары иш алып бара берем. «Фракцияга кошсок эле Жанардын оозу жабылат» деп ойлогондор жаңылышат.

– Сиз коррупцияга күнөөлөп жүргөн «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев кызматтан алынды. Кызматтан алуу менен коррупция токтоп калабы?

– Бизде адамды кызматтан алуу – бул жазалоо деп түшүнүп калдык. Кызматтан кеткен адам да ишинен кол жууса трагедия катары кабыл алат. «Кыргыз темир жолу» ишканасындагы коррупциялык иштерди биз ММК өкүлдөрү менен чогуу далилдеп бердик. Ошондо да 3-4 ай жүрүп кызматтан алды. Ал өзүнүн карачечекей кызына ишканага таандык жерге мейманкана курдурган, күйөө баласы тендерден утат, ушундай адамдар менен өнүгүү, тазалануу болобу? Жок! Биз ушулар сыяктуу өз чөнтөгүн биринчи орунга койгон чиновниктер менен тынымсыз күрөшүшүбүз керек, биз баары бир аягына чыгарабыз.

– Сапар Исаковдун адвокаттары президенттик аппараттын бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованы да суракка алууну талап кылууда. Исаковду айыптоодо негизги илинчек болгон кызматтык катка Ахметованын да колу коюлган. Бирок ага эч кандай айып коюлбай, президенттик аппаратта иштеп жатат. Бул бийликтин кош стандарттуу мамилесиби?

– Коррупция менен күрөштө «өзүбүздүкү» деген тар түшүнүк болбошу керек, мындай күрөш ийгилик алып келе албайт. Дүйнөлүк практиканы караңыз, коррупция менен натыйжалуу күрөштөр «өң таанышка» карабайт. Армения, Грузия, Малайзия буга анык мисал. Бирок мен сиз айткан кишилердин айыбы болсо, президент Сооронбай Жээнбеков коргобойт деп ишенем. Ахметовабы, башкасыбы, күнөөсү болсо жоопко тартылышы керек. Боор ооруп, жердеш, тууган деп аяп жүрүп ушул акыбалга келдик.

– Өлкөнүн мамлекеттик карызы 4,7 миллиард долларга жетти. Тышкы карызды төлөө кыйынчылык жаратары эмитен эле эскертилип жатат. Сиз конкреттүү кандай коркунучтарды көрүп турасыз?

– Коркунучтар алыс эмес. Биздин сырткы карызыбыздын 45 пайызга жакыны Кытайдын «Эксимбанкына» болуп жатканы мени катуу ойлондурат. Кытай биздин улуу кошунабыз, бирок эсеп деген эсеп. Кытайга карызын төлөй албай кен байлыгын, жерин, кеме портторун берген өлкөлөр бар. Ошого чейин жетпешибиз зарыл, ал үчүн азыртан экономиканы көтөрүп, ишкана куруп, казынаны толтуруу жолдорун башташ керек. «Кумтөр» алтын кенинен гана көз каранды болуп отурабыз. Орто жана чакан ишкердикти өкмөт радикалдуу колдошу шарт. Карызды эч ким кечип жибербейт, төлөп гана кутулабыз.

– Парламент өкмөттүн 9 айлык ишинин жыйынтыгын качан угат? Абылгазиевдик өкмөттүн мындан аркы тагдыры депутаттарга белгилүү болуп калса керек?..

– Өкмөттүн отчётун укканда эмне? Парламент эч тоскоолдуксуз кабыл алып берет, аны сиз жакшы билесиз. Бул өкмөт кетсе, анан булардан мыкты бирөөлөр келет дегенге кепилдик барбы? Андай да жок. Менимче, бул өкмөт азырынча отставкага кетет дешке эрте, парламент тараптан да, президент тараптан да колдоо байкалып турат. Мухаммедкалый Абылгазиев популизмден алыс киши, чарбаны өз нугунда улантууда. Бирок кадр тандоодо көп катачылыктар кетүүдө, бул эми парламенттеги фракциялардан дагы көз каранды эмеспи. Бул өкмөт туруктуу иштеши мүмкүн деген ой пайда болду менде.

– «Коопсуз шаар» боюнча 5-аракеттин жыйынтыгы да жокко чыкканы турат. Коңшу өлкөлөр саналуу айларда ишке ашырган долбоор бизде 5 жылдан бери башталбай келе жатат. Өкмөттү шайлаган депутаттар деле ыңгайсыз болуп жатасыңарбы?

– Кошуна Тажикстан алты айда ишке салып койгон «Коопсуз шаарды» бизде жылдап ишке ашыра албай жатканыбыз уят. Тажиктерде азыр кылмыштуулук азайып, жол эрежесин бузгандар тарабынан төлөнгөн айып пулдардын саны өсүп, бюджетке пайда алып келүүдө. Бизде болсо тендердин ызы-чуусу, соттошууларга чекит коюу үчүн чечкиндүүлүк, саясий эрк жетишпей жатат. «Коопсуз шаарды» ишке ашырам деп уткан компаниялардын баары Кудайдан жөө качкан шылуундар болууда. Муну «Кыргызтелекомго» берсе, өзүбүздүн күчүбүздү колдонуп эле долбоорду ишке ашыруу мүмкүн.

– Конор же Хабиб? Беттеште кимисине жан тарттыңыз?

– Экөөнүн мушташын көргөн да жокмун, агрессивдүү, кан жыттанган мындай мушташтардын жактоочусу эмесмин. Муну көргөн жаштар спортту ушундай аёосуз мушташ деп түшүнүп жатышат. Биз олимпиадалык спортту пропаганда кылышыбыз керек. Жоон билек балдар минтип мушташып таанылбай, Олимпиададан өлкөсүнүн желегин желбиретип, улутунун атагын чыгарса кана?

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан