ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ал кайрадан кирди. Бир нерсе деп айтмакчы болуп туруп калганын далысы менен сезди аял.

– Айтпа, кайра эле айтыш керек деп баштаба.

– Сен, балким, чындап эле анын энеси экениңди айтышың керектир. Азыр Элина өзү да эне, балким, түшүнөт беле?

– Мени милиция алып кетип бара жатканда чочуп кеттиби, катуу чаңырды. Билесиңби, ошол үн, кызымдын ыйы күнү бүгүнкүгө чейин кулагымда. Ошол үн менен жашадым. Мени аябай жакшы көрчү, жарыгым. Иш кылып жатсам да халатымдын бир четин кармап алып жүрчү. Чоң энесинин колунан жулунуп мени көздөй келе жаткан элеси карегимде катып калды. Мен кызымдын ошол сүйүүсү менен жашадым. Мен дүйнөдөн ушунчалык жаман нерсе көрдүм. Эми кызымдын жек көрө тиктеген көз карашын көтөрө албайм. Айта албайм. Эчен жыл мурун таштап кетип, эми келип “мен энеңмин, мени кечир” дегенге кандай укугум бар? Менсиз өткөргөн күндөрүн мен кантип төлөп берем? Ыйлагандыр, жетимсирегендир, жыгылгандыр, ката кетиргендир, кубангандыр. Ошонун эч биринде мен болбодум. Эми келип “энеңмин” дегеним канчалык туура? Анын дүйнөсүн кайра кыйратканым канчалык адилеттүүлүк?

– Менимче, аны таптакыр энесиз калтырган эң чоң адилетсиздик. Бала кандай болсо да өз ата-энеси тууралуу чындыкты билгени оң.

Аял үн катпады. Акылында туура деп чечкенин гана кылмак болду. Сыртынан суктанганы оң. Ансыз да оор жашоосун астын-үстүн кыла албайт.

ххх

Элина таң атпай жумушуна бармак. Балдарын ойготуп, бакчага жеткирип коюп жумушуна келе жатты. Аркасынан кимдир бирөө тиктеп турганын сезди да, шарт бурулду. Жаныбек экен.

– Кандайсың?

– Салам.

– Эмне жөө жүрөсүң?

– Машинемди сатып жибердим,- Элина күлүмсүрөп жооп берип жатты. Бирок анын күлүмсүрөгөнү ыйламсыраганга окшош эле.

– Соттук отурум болот. Биз...

– Жок, бул жолу барбайм. Мага эч нерсенин кереги жок, Жаныбек. Мейли, баарын алсын. Мен балдарымды өзүм эле чоңойтом.

– Бул чечимиң туура деп ойлойсуңбу?

– Сага рахмат. Көп убара кылдым.

– Элина, азыр баш тарта албайбыз. Эки жыл сүйрөлүп жүрдүк, эми жыйынтыгы чыгарда... Жок, сен баш тарта албайсың.

– Мен чарчадым, Жаныбек. Аябай чарчадым. Алар менен күрөшкөнгө алым жок. Баса, сен айтпадың беле аларга алыбыз жетпейт деп. Баары бир иштин аягы алар каалагандай болот. Андан да... Андан да балдарымдын жанын тобокелге сала албайм. Кечээ жакындан бери балдарымдын жанында бир аял пайда болду дейт коңшум. Менин жакын эч бир адамым жок. Ким болушу мүмкүн? Мен балдарымдын жанында канча саат болом, билесиңби? Жапжалгыз калышат. Мени азыр жашоодо кармап турган бир нерсе болсо, ал дагы балдарым. Аларды тобокелге сала албайм.

– Корктуңбу?

– Корктум!

– Сен эч нерседен коркпойм дегенсиң.

– Менин убактым жок, Жаныбек. Кеттим.

Элина узап бара жатты. Айласы кеткен Жаныбек аркасынан кыйкырып жиберди.

– Сен менин кандай даярданганымды билбейсиң. Бул соттук отурумга мен кандай даярдандым? Орто жерден далысын салып кетип калуу баарынын колунан келет. Макул кет, кете бер...

Жаныбек жини келип машинесине отуруп кетип калды. Элина болсо өз жолун улай берди.

ххх

Телефону чырылдады. Колу колуна тийбей машина тигип жаткан ал бир тиктеп койду. Иш бүткөндөн кийин гана чарчаңкы колуна алды.

– Алло...

– Саламатсызбы, бул Элинабы? Телефондогу үн казакча сүйлөдү.

– Ооба.

– Мен Амандын досу болом. Сизди издеп Казакстандан келдим.

Аман деген сөздү укканда эле калтырап кетти. Телефонду мыкчый кармады.

– Угуп жатам.

– Сиздин телефон номериңизди араң таптым. Жаныбек берди. Менин сизге айта турган кебим бар. Жолугалыбы?

– Мейли, саат канчада?

Сүйлөшкөн соң Элина даректи жазган баракты тиктеп көпкө турду. Болжошкон жерге эрте келди. Машине келип токтоп, андан шыңга бойлуу жигит түштү. Аман менен сүрөткө көп түшө турган бул жигит. Буга өтө ишене турганын айтканы бар. Ал дагы Элинаны дароо тааныды.

– Салам...

– Кандайсыз?

– Жүрүңүз бул жакка отуруп сүйлөшөлү.

Ресторанга жупуну кийими менен киргиси келбеген Элина тарткынчыктап турду. Анысын байкабады окшойт, Бауржан алдыга түшүп жөнөп калды.

– Сизди көп издедим.

– Эмнеге?

– Аман экөөбүздүн көп иштерибиз бар эле. Эмне болгонун да түшүнө албай калдым. Анын өлүмү...

– Эмнеге мени издедиңиз?- Элина сөзүн бөлүп жиберди.

– Менимче, ал өз ажалынан өлгөн жок.

– Кандайча?

– Казакстандагы алтын кенинде чогуу иштедик. Отуруп калган заводду тез ордуна келтирип, 2 жылдын ичинде өнүктүрө алды. Аман мыкты жигит болчу. Мен анын жашоосун сураганымда көп нерсесин айткан эмес. Акыркы жолу ал Казакстандагы алтын кенинин жетекчилигинен кете турган болду. Сизди, балдарды алып чет өлкөгө чыгып кете турганын, Кыргызстанда мындан ары туруусу кооптуу экенин, ошол үчүн арыз жазганын айткан. Өзүнүн резюмесин Австриядагы эң мыкты деген алтын чыгара турган заводго жиберди. Алар макул болушту.

– Эмнеге? Мунун баарын эмнеге мага айтпады?- деди Элина.

– Аны билбейм. Мен ал каза болгондо чет өлкөдө элем. Кийин уктум. Сизди издегенге аракет кылдым, бирок таба албадым. Анын ордуна мага башка аялдын номерин беришти. Анын мыйзамдуу аялы жана мураскери башка аял экенин билдим.

– Билем!- келиндин көздөрүнөн жаш мөлт дей түштү.

– Элина, Аманды өлтүрүштү. Анын өлүмү кимге, эмне үчүн керек экенин билбейм. Бирок ал өз ажалы менен өлгөн жок.

– Сиз кайдан билесиз?

– Кенде ай сайын кире турган адамдар чачынын учунан бутуна чейин атайын адистин текшерүүсүнөн өтөт. Мына, колумда медициналык картасы турат. Ден соолугу эң мыкты! Врачтар берген, бүтүм чыгарган документти Жаныбектен алып карап чыктым. Анда жүрөгү алсыз, каны аз, бир шумдук диагноздорду койгон экен. Бирок бул чындык эмес.

Элина жигиттин колундагы картаны алып окуп чыкты. Өлгөнүнө бир ай калганда өткөн экен текшерүүдөн. Мында бүт бардыгы таптаза, ден соолугу мыкты деп турат. Аман эч качан чылым чекчү эмес, ичимдикти кээде ууртап койгону болбосо, аны деле иччү эмес. Эртең менен ар дайым чуркап, спорт залга барып турчу.

Элина дел боло тиктеп көпкө отурду. Эмнегедир ага бирөө колдуу болду деген ой таптакыр келген эмес. Жүрөгү кысылып дем жетишпей кетти.

– Мен сыртка чыгайынчы...

Сыртка чуркап чыкты.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
BTFB93
2018-10-16 09:28:55
Мынча аз жазылган
+2
omka100514
2018-10-16 09:30:41
Рахмат супер, аябай коп жазыпсыздарго
+8
Journalistgirl
2018-10-16 10:18:51
Мынча аз жазгансыздар бир жума зарыгып кутуп окуп жатабыз го
0
Shaa-82
2018-10-16 11:57:38
Бир сонун жанылык боло тургансып шашып окуп атсам бутуп калдыго ичти бышырып. Эми ушул киши жардам берсе керек деп ойлойм.
0
aydarken
2018-10-16 12:48:24
Аман киши колдуу болгон кайнатасы аркылуу,
0
nazi25
2018-10-16 17:07:00
Пай пай пай бир тамчыдан тамчылатып тургула суперчилер.
+2
originalkgz96
2018-10-16 19:14:13
Ммм
0
Djka
2018-10-17 16:25:42
Tee bashynan ele bilgem kyzyn tashtap ketse tubuno jetmek Amandyn kainatasy ele kyldy
0
uikuchu
2018-10-19 13:10:25
Кутобуз
0
tenteeeshka
2018-10-21 18:24:33
Кайын атасы замешан наверное(
0
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан