БОЛГАР КАЛЕМПИРИ КЫШКЫ ДАСТОРКОНДО

• Болгар калемпиринин курамындагы С, Р витаминдери кан тамырларды бекемдеп, кан айланууну жакшыртат.

А витамини чачтын өсүшүн камсыздап, терини, тырмактын сапатын жакшыртат. Өзгөчө чачы түшкөн мырзалар үчүн пайдалуу жашылча болуп саналат.

•Курамында В1, В2, В6, РР витаминдери көп болгондуктан кант диабети менен жабыркагандар үчүн пайдалуу. Эс-тутумду, көздүн көрүүсүн жакшыртып, уйкусуздук, чарчоо сыяктуу көйгөйлөрдөн арылтат.

• Минералдык туздарга (калий, натрий, йод, фосфор, темир, цинк, кальций, магний) бай. Булар иммунитетти жогорулатат. Өзгөчө кош бойлууларга, түйүлдүктүн өсүшүнө пайдалуу.

• Курамындагы капсаицин алкалоиди уйку безинин жакшы иштешин шарттайт, жогорку кан басымды төмөндөтөт жана канды суюлтат.

Эскертүү! Болгар калемпирин кан басымы төмөндөр, ашказан жарасы, гастрит, геморрой, боор жана бөйрөк оорулары барлар көп жебеши керек.

БОЛГАР КАЛЕМПИРИНЕН ПАСТА

(1 литрлик 2 банка үчүн)

Керектелүүчү азыктар:

Болгар калемпири – 4 килограмм

Пияз – 3 баш

Өсүмдүк майы – 220 миллилитр

Туз, кумшекер – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Болгар калемпирин жана пиязды тазалап, жууп, эт туурагычтан өткөрүп алабыз.

2. Буга эми татымына жараша туз, кумшекерди жана өсүмдүк майын кошуп аралаштырып, жай отто коюуланганча 20-30 мүнөт кайнатабыз. Кышкыга паста даяр! Эми аны бууланган банкаларга салып жаап коёбуз.

ТУУРАМЖЫ ТОЛТУРУЛГАН КАЛЕМПИР

(1 литрлик 3 банка үчүн)

Керектелүүчү азыктар:

Болгар калемпири – 1,5 килограмм

Капуста – 500 грамм

Сабиз – 500 грамм

Помидор – 3 килограмм

Өсүмдүк майы – 200 миллилитр

Туз, кумшекер, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Калемпирди таза жууп, баш жагын оюп, уругун тазалап салабыз да, өзүн кайнак сууга 3-4 мүнөткө чылап коёбуз. Андан соң 1-2 мүнөткө муздак сууга кармайбыз.

2. Сабиз менен капустаны аарчып, тазалап, жууп, ичке, узун-узун кылып туурайбыз же сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Тууралган жашылчаларды майга кууруп алабыз. Татымына жараша туз, мурч кошулат. Бул куурмач менен калемпирлердин ичин толтурабыз да, бууга кармалган банкага салабыз.

3. Помидордун ширесин сыгып алып же эт майдалагычтан өткөрүп сүзүп алып, татымына жараша туз, кумшекер салып, жай отто 20-30 мүнөт кайнатабыз. Томат ширесин алдын ала даярдап алууга да болот.

4. Томат ширесин туурамжы толтурулган болгар калемпиринин үстүнө куюп, банканы сыртынан 30 мүнөт кайнатабыз. Аягында банкалардын оозун бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

МАРИНАДДАЛГАН БОЛГАР КАЛЕМПИРИ

(3 литрлик 1 банка үчүн)

Керектелүүчү азыктар:

Болгар калемпири – 2-2,5 килограмм

Туз – 2 аш кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Лимон кычкылы – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Калемпирди таза жууп, баш жагын оюп, уругун тазалап салабыз да, өзүн кайнак сууга 3-4 мүнөткө чылап коёбуз. Андан соң 1-2 мүнөткө муздак сууга кармайбыз.

2. Алдын ала бууланган банкаларга болгар калемпирлерин иреттеп, ныктап салабыз.

3. 1 литр сууга тузду, кумшекерди, лимон кычкылын кошуп кайнатып маринад даярдайбыз.

4. Маринадды банкага куюп, сыртынан 25 мүнөт кайнатабыз. Эгер 1 литрлик банкага жасасаңыз, анда 10-15 мүнөт, 2 литрлик банканы 20 мүнөт сыртынан кайнатуу шарт. Маринаддалган болгар калемпири туурамжы толтуруп бышырууга мыкты негиз болуп бере алат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан