ЧАРЧАДЫҢЫЗБЫ? ЭНЕРГИЯ АЛУУНУН ЖОЛДОРУ

Эч нерсеге жетишпей жаткандайсыз, көп чарчайсыз, эч нерсеге көңүл келбейт, демек, сиз энергиялык балансты жоготуп жибердиңиз. Кантип энергияны тең салмакта кармоо керектиги тууралуу бизге энергопсихолог Назира Тилек кызы айтып бермекчи.

ЭНЕРГИЯ ӨЗ КОЛУҢУЗДА...

Энергиялык балансты тең салмакта кармабаса эмне болот? Бул көп ооруга, көбүнчө жан дүйнө оорусуна алып келет. Адам депрессияга кабылат. Ички органдар өз функциясын жакшы жүргүзө албай калат. Эми энергияны кантип толтуруу керек? Ким жардамга келет? Чоң мегаполистерде психологдордун кызматы эң көп акча төлөнгөн кесип. Анткени чоң шаарлардын шары менен адамдар энергия алууну унутуп коюп жүрө беришет. Энергияны тең салмакта кармоо үчүн эмнелер керек, билип алыңыз.

  • Өзүңүз кандай болсоңуз ошондой кабыл алыңыз. Сизден ийгиликтүү бирөөгө көз артып, ошого жеткенге аракет кылбаңыз. Башкаларга кыйын экендигиңизди далилдөөнүн кереги жок. Адам көз артууга же бирөөгө теңелүүгө канча энергиясын коротуп жатканын билсе кана?! Өзүңүздү түшүнүү, кабыл алуу менен энергияны калыбына келтире аласыз. 100 пайыз өз жашоосуна жоопкерчилик алган адам энергиясын максатсыз коротпойт. Сиз да анын катарына кошулуңуз.
  • Жашоо шарты. Бетон үйлөрдөн качыңыз. Алар адамга муздак энергия тартуулагандыктан ачуулуу боло баштайсыз. Топурактан, кирпичтен салынган үйлөрдө жашаганга аракет кылыңыз. Жашаган үйүңүз, отурган иш бөлмөңүз кең жана жарык болгону оң. Тар бөлмө бир канча адамдын энергиясы менен толгондуктан чарчоого алып келет.
  • Тамак-аш. Толугу менен 5 маал аз болсо да, тамактанганды адат кылып алыңыз. Өзгөчө эртең мененки тамак бүт күнгө энергия берет.
  • Тынч жерге, табият коюнуна чыгыңыз. Керексиз баарлашууну азайтыңыз. Өзүңүздүн ички маанайыңызга сереп салганга көнүңүз. Мейли, эл ушак айта берсин, урушсун, сиз өз бейпилдигиңизди сактай алсаңыз, жеңиш сиздики.
  • Ишеним. Динге, адамдарга, өзүңүз кабылган чөйрөгө, атүгүл унааңызга да ишениңиз. Медитация кылыңыз. Бул нерселерден күчтүү энергия аласыз.
  • Спорт. Адам көп кыймылдагандан терс энергияны кетирип, жаңы энергияны кабыл алат.

ЭНЕРГИЯНЫ ЭМНЕЛЕР ЖЕЙТ?

  • Техниканын өнүгүшү менен учурда жашообузду телефон, телевизор, социалдык тармак ээлеп алды. Мындай карасак көнүмүш нерсе, аларсыз жашоо мүмкүн эместей. Окумуштуулар “энергиясын максатсыз жеген керексиз маалыматтардын айынан адамдар өзүнүн түпкү максатын аңдабай калуусу мүмкүн” деп коңгуроо кагышууда. Адамдын түпкү максаты – энергияны пайдалуу коротуу, өзүн-өзү өстүрүү, ден соолукту карап чыйрак жашоо. Андыктан жогорудагы саналгандардын убактысын ченөө зарыл.
  • Баш аламандык. Иште, үйдө, мээде, атүгүл иштеген столдо баш аламандык болуусу энергияны коротот. Бардык керексиз нерселерден арылсаңыз, эски буюмдарды ыргытып турсаңыз энергияңыз тазаланып турат.
  • Бийик имараттар, унаалардын үндөрү, ичимдик, жакшы тамактанбоо, ар дайым шашкалактап максатсыз чуркоо адамдын энергиясын жейт.
  • Ушак, ачуулануу, кимдир бирөөнүн күнөөсүн талдоо же өзүңдү жемелөө, карыз суроо, убадага турбоо, калп айтуу, сүйбөгөн жумушта иштөө, жактырбаган адамдар менен сүйлөшүү, ишенбөө, шектенүү, акча үчүн же дене кумары үчүн жыныстык катнашка баруу, мунун бардыгы психологиялык жактан энергияны коротуу.

    ОТТОН, СУУДАН, ЖЕРДЕН, АБАДАН ЭНЕРГИЯ АЛУУ

Абадан. Иш бөлмөңүздө отуруп өтө чарчаганыңызды сездиңиз дейли. Бутту кайчылаштырбай, колдорду бош таштап, мурдуңуз менен демди тартып алып бир аз сактап, кайра оозуңуз менен чыгарыңыз. Акылыңызда эч нерсе калбасын, дене мүчөдө тырышкан эч нерсе калбасын. Көздү жумуп бул эрежени чарчооңуз бүткүчө кайталаңыз. Жасап көрүңүз, чындап жардам берет. Сыртка чыкканда абадан кере-кере жуткан да пайдалуу.

Суудан. Кимдир бирөө менен урушуп кеттиңиз дейли. Маанайыңыз түштү, ачууландыңыз. Иш учуру болсо дааратканага кирип эки колду, жүздү жана желкени жууп салыңыз. Анткени жаман энергия желкеде жана далыга көп топтолот. Эгерде үйдө болсоңуз душка түшүңүз. Суунун алдына эки алаканды ачып, бош суунун алдына көпкө туруңуз. Жаман нерсенин баарын агызып бараткандай элестетиңиз. Табият бооруна чыксаңыз суунун агымын көпкө тиктеңиз. Жаман ойлорду сууга ыргытканды адат кылыңыз.

Оттон же күндөн. Эки алаканды ачып, көздү жумуп күндүн алдында туруңуз. Эгерде бөлмө болсо күн тийип турган жерге барганыңыз оң. Күн адатта чарчаңкы денени жибитип, сейректикке чакырат. Көз алдыңызга күндүн энергиясы төбөдөн кирип бүт денеге тарап жаткандай элестетиңиз. Жаман энергия оттон да качат. Андыктан ата-бабабыз колдонуп келген арча түтөтүү ыкмасын колдонсоңуз да болот. Же шамды жагып эки колуңузду кактап туруп жакшы ойлорду ойлонуу менен энергия ала аласыз.

Жерден. Бул үчүн таман толугу менен жерге тийгени зарыл. Мурункудай эле денени бош таштап жылаңаяк топурак үстүнө басыңыз. Көк чөп да болот. Бул жолу энергия төбөдөн эмес, тамандан кирип жатканын элестетүү керек.

ЭРКЕК-АЯЛДЫН ЭНЕРГИЯ АЛМАШУУСУ

Эркек жана аял баарлашуудан, бири-бирине жакшы мамиле жасоодон жана төшөк мамилесинен энергия алмашат. Бул “эки жерде эки төрт” сыяктуу эле белгилүү нерсе. Эгерде эркек аялдан энергия албаса ал күчүн жоготот. Иши ийгиликтүү болбой, артка кетет. Ошондой эле баш аламан сүйүүсүз төшөк кумары да алсыздыкка алып келет. Ал эми аялдар болсо эркектин энергиясысыз назиктигин, ийкемдүүлүгүн, боорукерлигин, мээримдүүлүгүн жоготот. Эгерде аял-эркектин сексуалдык энергиясы тыгыз алмашылып турса, ал үй-бүлөдө жана иште позитивдүү энергиянын топтолушуна алып келет.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
777bazamat
2018-10-16 09:38:16
жакшы кенеш экен рахмат
+9
Shaa-82
2018-10-17 11:57:22
Мен ушул акыбалдамын азыр чарчап турам негедир.
0
Samandar
2018-10-17 15:55:22
Мен чарчаган мезгилде же жумуш кылып чарчаганда аккордеон ойноп эс алам ,
+1
modem4999
2018-10-18 08:58:42
Акыркысы жакты
-1
blackStar
2018-10-21 14:28:42
Сагынуу,шаардагы ызы-чууларга чыдай албай жатам)))
-1
Dima69
2018-12-30 00:56:26
Чындап жакшы кенеш экен. 2 жолу окудум...
0
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан