ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 15-ОКТЯБРДАН 21-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада дос, өнөктөштөр менен иштешүүдө түшүнбөстүктөр жаралат. Ортодогу акча, буюм маселесин талкуулоодо кыраакылык керектелет. Чыгым чыгышы мүмкүн. Акча муктаждыгы ойлондурат. Сарамжалдуу болуу сунушталат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада өкмөт адамдары же жетекчилик тараптан көйгөйлөр жаралат. Адамдар менен алакалар бузулат. Токтоо болуңуз. Кыжырыңызды кайнатууда жубайыңыз да четте калбайт. Кеңешүүгө курбуңузга жума күнү кайрылганыңыз оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иш кагаздарын, документтерди тактап чыгыңыз. Текшерүүлөр болушу ыктымал. Жумушта чыңалуу абалы жаралып, аргасыз көп иштейсиз. Көзөмөл органдарынан оолак болуңуз. Унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Кооптуу мезгил.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жеке иштерди бүтүрүүдө, үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашууда түшүнбөстүктөр чыгат. Эс алууга же балдарга акча сарптоого туура келет. Балдарга сарптасаңыз таарынычтар болбойт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жеке жана чарба иштерди бүткөрүүдө, үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашууда сабырдуулук керек. Болбосо пикир келишпестиктер жаралып, айтышуулар чыгат. Жума күнү колуңузга азыраак өлчөмдөгү акча тиет. Үйүңүзгө конок келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кошуна, жакындар жана кесиптештер менен түшүнбөстүктөрдөн улам айтышып калууңуз мүмкүн. Жакын курбуңузга аяр мамиле жасап, ден соолукка көңүл буруңуз. Жол жүрүүдө, унаа башкарууда абайлаңыз. Шашмалыкка алдырбаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эс алууга, балдарга, чыгармачылыкка байланыштуу көйгөйлөр жаралып, акча коротосуз. Романтиканы кийинки айларга жылдыра туруңуз. Бул аптада ансыз да акча муктаждыгы ойлондурат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Тоскоолдуктар болуп, пессимисттик маанай ээлеп алуусу ыктымал. Сырткы келбетиңизге көңүл буруңуз. Чарба жумуштарын аткарууда так, жакындарыңыз менен алака кылууда токтоо болуңуз. Жаракатка кабылуудан сактаныңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Абайлаңыз, жашыруун душмандар активдешет. Сырдуу нерселер ачыкка чыгат. Жабык типтеги мекемелерге ишиңиз түшөт. Достор, кошуна, жакындар менен пикир келишпей урушуп каласыз. Жолдо жүрүүдө сактык керектелет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Курбу, өнөктөштөр, кичи ишканалар менен чогуу иш алып барасыз. Ортодогу мамиле салкындап, таарынычтар билинет. Бул акчага байланыштуу болот. Кирешенин кириши кечеңдеп, чыгаша көбөйсө капаланбаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Айрым каршылыктарга дуушар болосуз. Каршылык өкмөт адамдары же жетекчилик тараптан жаралышы толук мүмкүн. Андыктан алар менен баарлашууда токтоо болуңуз. Бардык жерде сылык болууга аракет жасаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жашыруун, сырдуу нерселер айкынга чыгат. Даяр болуңуз. Душмандардын кылтагына илинүүдөн абайлаңыз. Жабык типтеги мекемелерге каттооңуз мүмкүн. Бөтөн жактык өнөктөштөр, алыскы жол, көзөмөл органдары көйгөй жаратат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан