КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН ДОСАЛЫ ЭСЕНАЛИЕВ МЕНЕН ЭРЛАН АБДЫЛДАЕВДИ "ЖЕҢИШИ" МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын алдындагы Коопсуздук Кеңеши элчи Кылычбек Султан жарыялаган маалыматтар жана Тышкы иштер министринин аны кызматтан бошотуу сунушу боюнча иликтөөсүн жарыялады.

Элчи иликтөөдө жарыяланган өзү тууралуу маалыматтын 90 пайызы чындыкка дал келбейт дейт. Ал ушундай иликтөөнүн башында турган президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев менен Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди "жеңиши" менен куттуктаарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коррупционерлерин да "жеңиши" менен куттуктаарын билдирди. Андан сырткары элчи Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековдун эң акыркы адилетсиз чечими мен болоюн деп президентке ийгилик каалады.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан