Кимдики чоң?
Илгери Транк аралында сырткы жыныс мүчөлөрү (жыныс тилчеси, чоң жана кичине эриндери) чоң кыздар гана сулуу жана сексуалдуу деп эсептелинген. Ал үчүн кыздарды кичинесинен аталган мүчөлөрүн чоюп, көзөп туруп майда шалдырактарды илип жүрүүгө үйрөтүшкөн. Көчөдөн өтүп бараткан кайсы кыздын шалдырагы жакшы үн чыгарса, демек, ал кыз төшөк үчүн мыкты даярдыкта делген.
“Алигисин” көзөп, шуру тагуу мода
Борнео аралындагы (Малай архипелагы) дайяк уруусунун эркектери төшөктө аялды укмуштуудай жыргалга бөлөө үчүн “алигилеринин” терисин көзөп алышчу. Бул үчүн күмүш ийне колдонулган жана тери кулак көзөгөндөй эле көзөлгөн. Анан жара айыккан соң ал жерге күмүштөн (жез, алтын, жыгач) жасалган шакекче, кичинекей билерик же башка нерсе тагылып коюлган. Кээ бир эркектер 2-3 жеринен көзөп, кооздоп алууга жетишишкен.
Аялдары болсо кандай формадагы жана өлчөмдөгү “алигини” кааласа, тамекинин жалбырагын ошондой өлчөмдө ороп туруп, тагынышкан. Аны эркектер бир көрүп эле түшүнүшкөн.Азыр бул жөрөлгөнү улантып келе жаткандар да бар.
Атайын түтүкчө же баштыкча
Индонезиянын дани уруусунун жана Жаңы Гвинеянын папуасынын эркектери “алигисине” конус түрүндөгү түтүкчө кийгизип коюшканы гана болбосо, жылаңач жүрүшөт. Түтүкчөнүн милдетин кургатылган ашкабак, матанын айрындысы же мех аткарат. Кээ бирлеринин “алигисинин” түтүкчөсү түз болсо, кээлериники спираль же буралган түрүндө болот. Түтүкчөнү тасмага байлап, тасманы белдерине таңып коюшат.
Вануату өлкөсүнүн мырзалары “алигилерине” жалбырактан же кабыктан жасалган баштыкчаларды кийгизип жүрүшөт.
Европада убагында элеганттуу делген мырзалар эркектик “аспабына” эмес, умасына (урук калтасы) атайын мата баштыкча кийгизип жүрүшкөн. Баштыкча болсо ич кийимдин ичине тигилип коюлган.
Сувенирлер
Жибуту өлкөсүндө мырзаларда 1970-жылга дейре өзгөчө жөрөлгө сакталып келген. Тактап айтканда, эркектер эркектердин “алигисин” чогултушкан. Буга колго түшкөн душмандыкын кесип алуу менен жетишишкен. Кайсы эркек мындай сувенирди көп чогултса, ал эр жүрөк, анан төшөктө мыкты делинген.
Эфиопияда эркектер эркектин жыныс мүчөсүнүн кебин жыгачтан, темирден жасап алышып, маңдайына таңып жүрүшкөн. Бул эркекке күч-кубат берип, аялды төшөктө онтотот деп эсептелинген.
Бузукулуктун алдын алуу
Судан өлкөсүнүн кээ бир урууларында 5-7 жаштардагы кыздардын жыныс кынын тигип коюшат. Бул кыздардын эркектер менен жатпоосу үчүн көрүлгөн аракет. Жыныс кынында абдан кичине тешикче калтырылат да, калганы тигилет. Бул жөрөлгөнүн жаман жагы төрөттө оордук келгендиги.
Мүчөгө сыйынууЯпонияда кызыктай майрамдар бар. Мисалы, алардын бири эркектердин жыныс мүчөсүнө сыйынуу жана болочок тукумга кам көрүү майрамы. Эркектер бет кап жана маскараддык костюм кийип, көчөгө чыгышат. Колдоруна жыгачтан же картондон жасалган чоң “алигини” көтөрүп алышат. Жөн чыгышпай, майрамды көрүүгө чогулган аялдарды жасалма “алиги” менен кубалап чер жазышат.
Кавасаки шаарында храм бар. Анын алдына эркектин абдан чоң 2 темир мүчөсү тургузулган. Биерге “эркектик бел-кубатым ашып-ташсын”деген мырзалар жана балалуу болууну максат кылган аялдар сыйынууга келишет.
Храм алдында “алигинин” түспөлүндөгү момпосуйлар, шарлар, шоколаддар сатылат.
Астра Айдарова
erotika@super.kg