КРЕДИТТИ ӨЗ УЧУРУНДА ИШТЕТПЕГЕНИ ҮЧҮН КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ КЫТАЙГА 4,6 МИЛЛИОН ДОЛЛАР АЙЫП ТӨЛӨДҮ
Кытайдан алынган кредитти өз убагында алып иштете албаганы үчүн Кыргыз өлкөсү Кытайдын "Эксимбанкына" 4,6 миллион доллар айып төлөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы УлукбекМарипов билдирди. “Акчажокдейбиз, бироктышкыкарызбоюнчаакчаныөздөштүрөалбаганыбызүчүнүстөкпайыздантышкарыкомиссиядатөлөпжатабыз. Мына, "Эксимбанкка" 4 миллион 622 миңдолларкомиссиятөлөдүк”,- деди Марипов. Мындан тышкары кредиттик макулдашуулар боюнча карыздык милдеттемелер өз убагында катталган эмес. “Убагындапайдаланылбаганыүчүнкомиссия” дегенаталыштагытөлөмбюджеттинэчбирбөлүгүндө, атүгүлтышкыкарыздытейлөөүчүнбюджеттинчыгашабөлүгүндөдакаралганэмес. Бул 2017-жылдын 31-декабрынакаратамамлекеттиккарыздынкаттоосунда 4 миллион 622 миңдоллар – "Эксимбанктын" кредитибоюнча “пайыздар” депбурмаланыпкөрсөтүлгөн”,- деп айтылат Эсептөө палатасынын отчётунда. Мариповбул боюнча каржы министринин тийиштүү орун басары МирланБайгончоковдун жоопкерчилигин кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.