ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТЕРДИ КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРАТУУ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ КЕЛИП ТҮШТҮ
Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуучу мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Долбоор парламенттин тийиштүү комитетинде каралып, андан ары депутаттардын жалпы кароосуна сунушталат. Депутаттар Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев сунуштап чыккан бул мыйзамдын максаты – “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесин толук жоюп салуу. Бул беренеге ылайык, экс-президент макамы бар жаран кол тийбестик укугуна ээ. Аны президент болуп турганда жасаган же жасабай койгон иши үчүн кармоого, камакка алууга, тинтүүгө, суракка алууга, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес. 1993-жылкы эгемендүү Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясында “экс-президенттин статусу” деген берене болгон эмес. Экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө 2003-жылы Баш мыйзамга атайын берене киргизилген. Ушул эле жылы өлкөдө “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, анын 12-беренесине экс-президенттин кол тийбестикке ээ экени жазылган. Азыркы Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу сөз жок. Анда экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет деп жазылган. Сөз болуп жаткандай, ошол мыйзамдын кол тийбестик жөнүндө беренеси бүгүн талаш жаратып турган учур. Өлкөдө экс-президент деген статуска Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев гана ээ. 2010-жылы бийликке келген топ Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден кол тийбестикти алып салышкан. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса мындан ары экс-президенттерди жоопкерчиликке тартууга жол ачылат. Анткен менен азырынча экс-президенттерди жоопкерчиликке тартуу жол-жобосу мыйзамдарда жок. Жакында Конституциялык палата экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу процедурасын Жогорку Кеңеш иштеп чыгууга тийиш, бирок кол тийбестиктен ажыратуу жол-жобосу президентти кызматтан четтетүү процедурасындай эле татаал болушу зарыл деп бүтүм чыгарды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.