ЖАҢЖАЛДЫН ОРТОСУНДА КАЛГАН МИНИСТР ИСАКУНОВА КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ
Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованы кызматтан бошотту. Исакунова бул кызматта 2016-жылдан бери иштеп келген. 24-сентябрда парламент депутаты Аида Касымалиева аталган министрликтин жетекчилеринин чет өлкөгө жасаган иш сапарлары тууралуу шектүү маалыматтар түшүп жатканын айтып чыккан. Тагыраагы, министр Исакунова мамлекеттин акчасына үй-бүлөсү менен саякаттап жүргөнү айтылган. Министрлик бул айтылгандарды четке какты. Маалыматты Башкы прокуратура териштирип, министрликтин жетекчилери чет өлкөгө чыгууда мыйзам бузганын аныктады. Ага таянсак, министр Таалайгүл Исакунова 2017-жылдан бери 9 өлкөгө: Улуу Британия, Кытай, Орусия (2 жолу), Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Арабия, Литвага сапар жасаган. Ал кызматтык сапарга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча отчёт берген эмес. Ошондой эле Исакунова иш сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырбаганы аныкталганы айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында. Исакунованын иш сапарга мамлекеттин акчасына үй-бүлөсү менен чогуу чыкты деген маалыматка тийиштүү органдар тарабынан так жооп айтыла элек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.