"Кыргыз элчисинин бул чечкиндүү кадамы дипломаттарды коркок, принципке турбаган адам катары элестетип, калыптанып калган стереотиптерди жокко чыгарат. Дал ушундай инсандар дүйнө коомчулугунун алдында өлкө имиджин түзө алышат. Кылычбек Султанов (ред.: Султан) – эркиндик жана демократия жолун тандаган Кыргыз мамлекетинин символу болуп калды. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги анын жасаган кадамдарына татыктуу баа берет деп ишенем”,- дейт Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча мусулмандар комитетинин башчысы Мурат Телибеков.
Айта кетсек, быйыл 22-сентябрда ошол кездеги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Сеул аэропортунда учакта чыр салып, “Эйр Астана” авиакомпаниясы полиция чакырууга аргасыз болгон. Ал эми Элчи Кылычбек Султан Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Каденованын бул жоругун ачыкка чыгарбоо боюнча президенттик аппараттан телефон чалуу болгонун, бирок ал талапты аткаруудан баш тартканын билдирген.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg