БИР БҮРКҮМ. ТАЛАНТБЕК ИСАЕВ КАЙРАДАН КЫЗМАТТА...

  • Маданият, маалымат жана туризм министри СУЛТАН ЖУМАГУЛОВ узакка созулган оорудан улам 59 жашында каза болду.
  • ЖЭЭНБЕК КУЛУБАЕВ Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси болуп дайындалды.
  • Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө психикалык жактан жабыр тарткан 53 МИҢ АДАМ каттоодо турат.
  • Алматыда куш тумоосу жайыла баштады деген маалыматтан улам Кыргызстан Казакстандан ТООК ЭТИН АЛЫП кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.
  • Бишкек шаардык соту экс-мэр КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВду28-октябрга чейин камакта калтырды.
  • Бишкекте 9 айда 1594 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, анда 40 адам каза болгон.
  • “Бишкекте Кытай компаниялары 2 жылда 90 ЧАКЫРЫМ ЖОЛ курушту” деди шаар мэри Азиз Суракматов
  • Баткенде кийикти улагы менен кошо мыйзамсыз аткан жаранга 220 МИҢ СОМ АЙЫП салынды. Айыпты ал 1 айдын ичинде төлөөгө тийиш.
  • 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктар 7-ноябрдан 11-ноябрга чейин ЭС АЛЫШАТ.
  • Базар-Коргондо автобекетте айылдашын бычактап салган жаран 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН ажыратылды.
  • ТАЛАНТБЕК ИСАЕВ ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Депутат Руслан Казакбаев президенттен учурда сыртта баш калкалап жаткан ӨМҮРБЕК БАБАНОВдун маселесине көңүл бурууну өтүндү.
  • Парламент депутаты Махабат Мавлянова УКМКны социалдык тармактагы ОРУНСУЗ КАРАЛООЛОР менен күрөшүүгө чакырды. Буга чейин аталган депутат Кытай жарандарына визасыз режим киргизүү сунушу үчүн сындарга кабылган.
  • Облус, акимчиликтерди жоюп болсо да МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫН көтөрүү керек дейт парламент депутаты Абдывахап Нурбаев.
  • Экс-депутат Аида Салянованын иниси УЛАН САЛЯНОВдун ӨЛҮМҮ боюнча сот жыйынында жабырлануучу тараптын кылмыш ишин кайра тергөө өтүнүчү канааттандырылган жок.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан