Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айлынын 16 жаштагы тургуну Арген Капасов мындан туура бир жыл мурун каза болгон. Маркумдун өлүмүнө шектелип 2 айылдашы кармалган. Аргендин жакындары кылмышка шектүү балдардын биринин милиция кызматында иштеген туугандары бар болгондуктан мыйзам чегинде жазаланбай калат деп чочулап жаткандыгын айтышат. Ал эми кылмышка шектүүлөр өздөрүнө эмнеге күнөө тагылып жаткандыгын түшүнбөй тургандыктарын билдиришти.
“ВРАЧТАР БАЛАМДЫН ӨЛГӨНҮН АЙТЫШКАНДА БУТУМ БАСПАЙ КАЛДЫ”
Венера Капасова үйүнөн эшикке чыкса эле уулу көмүлгөн мүрзө көрүнөт. Аны көргөн сайын көзүнүн жашын көл кылган эне бир жылдан бери сот болбой, шектүүлөр үй камагында жүргөнүн көрүп ичи сыздаарын айтат:
– 2017-жылдын 13-октябрында 10-класста окуган уулум Аргенден айрылып калдым. Ал күнү баарыбыз короодо огородду жыйнап жатканбыз. Арген мектептен келип, “апа, бир аз уктап алайынчы” деп үйгө кирген. Бир маалда үйгө кирсем балам жок. Көчөгө чыгып, ары жактагы ичке жолдо бир кыз менен сүйлөшүп турганын көрүп чакырдым. Ал “телефон кубаттандыргыч алып барам” деди. Бир маалда Зухридин аттуу бала “Арген желим жыттап алып жыгылып калды” деп келди. Жүрөгүм шуу дей түштү. Чуркап барсам баламдын бети-башынын баары суу болуп жатыптыр, жанындагы 2 бала суу чачып эс алдырабыз дешкен экен.
Балдар машина чакырып коюшуптур, аны менен ооруканага жөнөдүк. Жолдон баламдын оозунан “кышш” деген үн чыкты. Үзүлгөнү билинди. Жулмалап, кыйкырып жаттым. Бирок кантип уулумду жоготконго ишенип калмак элем. Болбой эле үмүттөнүп Бишкектеги №4 ооруканага алып бардык. Иним артымдан келип калды. Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип, 5-10 мүнөткө жетпей ак халатчандар “балаңар жыгылганда эле жан берген экен” дешти. Күтүлбөгөн жерден мындай кабарды укканда иним эсин жоготуп жыгылып, менин болсо бутум баспай туруп калдым.
“БАЛАМДЫ ЖЕЛИМ ЖЫТТАДЫҢ ДЕП САБАШЫПТЫР”
– Баламдын жанында турган кыздын айтымында, мен уулумду чакырып кеткенден кийин алардын жанына 3 бала келиптир. Аларды көргөндө эле ал кыз качыптыр. Анткени Нургазыдан коркушат экен. “Ал жаман байке” деп жатат. Кыз качып баратып жолдон кайрылганда эле “дүңк” деген үн чыгат. Анан эле ошол Нургазы кыздын артынан келип, “желим жыттап турдуңар беле? Үйлөчү” дептир. Үйлөсө, “таза экенсиң, кете бер” деп коё берет. Нургазы кайра баламдын жанына барып, аны дагы урган окшойт. Уулум жыгылып калыптыр. Нургазы уулумду жолдо турган Зухридиндин жанына жетелеп барып, “желим жыттап алыптыр, карасаң кебетесин” дептир. Анан Зухридин дагы урганда балам кулап, ошол жерден эле жан берген экен. Зухридин “Аргенди менин жаныма араң жетелеп келди. Ошондо эле абалы начар болчу” деп жаткан.
“ЭКИ ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ АР КАНДАЙ ЧЫКТЫ”
– Мен баламдын сабалганын билген эмесмин. Балдар “желим жыттады” десе ошого ишенип жаман болуп жүрдүм. Ооруканага барганда дарыгерден “желим жыттаптырбы?” деп сурасам, ал “желим алыстан жыттанат, жыттабаптыр” деди. Уулумдун классташтарынан сурасам Арген желим жыттачу эмес экен.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 2 айдан кийин “жүрөк оорудан улам каза тапты” деген жыйынтык чыкты. Бул экспертизаны жасатып эле коюшкан. Анткени баламдын жүрөк оорусу жок болчу. Жыйынтыгына ишенген жокпуз, ошондо Аламүдүн РИИБи көз карандысыз экспертиза дайындады. Экинчисинде “катуу предметтин талуу жерге урулушунан улам каза тапты” деген жыйынтык чыкты. Анан 5-6 айдан кийин кылмыш иши козголду. Биз ошондо гана баламдын сабалганын билдик.
“НУРГАЗЫНЫН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫНДА ИШТЕГЕН ТУУГАНДАРЫ КӨП”
– Зухридинге күнөөнүн баарын оодарып жатышат. Ага Нургазынын милицияда иштеген туугандары “сен моюнуңа алып тур, сени кайра чыгарып алабыз” дешиптир. Анан ал бала моюнуна алып коюптур. Кийин Зухридиндин ата-энеси Нургазынын үйүнө барышса, алар “Өз балаңарды өзүңөр чыгарып алгыла. Эч нерсе билбейбиз” деп коюшкан экен. Ошондон кийин гана кесилип кетерин билген Зухридин беттештирүүдө Нургазынын да күнөөсүн айтып, Нургазы 2 жолу, өзү 1 жолу урганын билдириптир.
Кылмыш иши башында Нургазынын үстүнөн 234-берене (бейбаштык) менен, Зухридиндин үстүнөн 101-берене (байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) менен козголгон. Иш сотко өткөн. Башында судья Сагыналиев “эки адам бир ишти жасап жатса, эмнеге бөлүп карап жатабыз? Экөөнү бириктирип бир дело ачкыла” деген. Кийинки соттук отурумда ишти башка судья карап калыптыр. Эмне себептен судья алмашканын билбейбиз. Иш бириктирилген дешкен, бирок сот боло элек. Ар кандай себептер менен жылдырылып келе жатат. Менимче, ишти жапканга аракет кылышууда. Нургазынын милиция кызматында иштеген туугандары көп. Иш тергелген Аламүдүн РИИБинде да эки байкеси иштейт.
“КЕЧИРИМ СУРАП ҮЙГӨ КЕЛИШКЕН”
– 6-апрель баламдын туулган күнү болчу. Ошол күнү кылмышка шектүүлөрдүн жакындары кой союп, кийит көтөрүп куран окутуп келишти. Кечирим сурашты. Тырмактай балам жерде жатса, кантип кечирем? Ал жигиттер биз менен учурашып коюп, айылда ээн-эркин эле жүрүшөт.
Арген кээде балдарга жолугуп келгенде буттарында таяк менен чабылгандай издер болор эле. Сурасам, “зымга чалынып түштүм” деп койгон. Бир ирет "улуу балдар бутка тебет" деп айтып калды. Кайсы балдар экенин сурасам айтпай койгон.
Үйдөн чыксам эле уулумдун мүрзөсү маңдайымдан көрүнөт. Аны көргөн сайын жүрөгүм жанчылат. Соттон адилеттик күткөн жокпуз, жазасын жеңилдетип коюшат деп ойлоп жатабыз. Бирок биз ишти таштабайбыз. Жогорку органдарга, бийликке кайрыла беребиз. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазалансын.
“КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ ТУУГАНЫМ, БИРОК АГА ЭЧ НЕРСЕ АЙТКАН ЭМЕСПИЗ”
Кылмышка шектүү делген 24 жаштагы Нургазы менен 23 жаштагы Зухридинге жолукканыбызда алар Аргенди урган эмеспиз дешти:
Нургазы:
– Өзүмдүн инилерим менен тең кичинекей баланы кантип сабамак элем. Колум тийген эмес. Мени эмнеге күнөөлөп жатышат, билбейм. Сабасак денесинде көк ала болмок. Бирок анын денесинде көк ала жок болчу. Ал окуя болгон күнү Зухридин досум торпокторумдун ошол көчөдө жүргөнүн айтып телефон чалган. Баратсам Арген өзүнөн кичүү кыз менен көчөдө туруптур. Мен жакын калганда ал кыз басып кетти. Ага чейин бир ирет желим жыттап алган жаш кыздарды кармап алганбыз. Алардын арасында Арген да бар болчу. Ошондуктан дагы желим жыттап жатышат деп ойлоп Аргендин жанына барып, “Арген, өзүң жыттай бер. Бирок кичүү кыздарга жыттатпай эле кой да” деп айттым. Желим жыттаганын танып койгону менен, жыттанып эле турду. Арген ал кыздан телефон кубаттандыргыч алыптыр. Анан Аргендин үйүн көздөй экөөбүз чогуу бастык. Жолдон Зухридинге жолугуп калдык. Ошол убакта Арген кулап калды. Мен ага байке катары эле кеңеш айткам. Мурун биз деле тамеки чегип улууларга кармалып же качып жүрчүбүз. Ошондой эле нерсе болгон.
Милицияда иштеген аталаш агаларым бар экени чын. Зухридинди кармап кеткенин тоодо мал кайтарып жүрүп уктум. Аламүдүн РИИБине өзүм бардым. Барсам менден эч ким эч нерсе сураган жок. Кайра чыгарып коюшту. Аламүдүн РИИБинде 2 байкем иштейт. Бирок алардын менин ишиме кандай тиешеси бар? Мага жардам берсе өздөрү камалып кетпейби. Жардам беришкен жок. Экспертизага кийлигишкен жок. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев аталаш тууганым болгондугу үчүн ар кандай сөздөр чыгып жатат. Министр атабыз бул тууралуу эч нерсе билбейт, ага айткан эмеспиз. Милиция кызматкерлерине окуяны болгонун болгондой эле айтып бергем. Айылда мен тууралуу да жаман кептер тарады. Ачык айтайын, мен нашаа чегип көргөм, бирок азыр чекпейм. Адам баласы болгондон кийин баарын көрүш керек. Бирок желим жыттап көргөн эмесмин. Жакындарым Аргендин үйүнө 1 жолу эмес, 3 жолу барып келишти. Бирок алар эмнелерди сүйлөшүшкөнүн сураган деле жокмун.
Зухридин:
– Мен ошол күнү Арген менен Нургазыга жолдон жолугуп калдым. Арген ал учурда соо эмес болчу. Досум “Арген желим жыттап алыптыр, жыттап көрсөң” деп калды. Үйлөттүк, жыттанып турса да Арген “жыттаган жокмун” деди. Бир аздан кийин эле Арген кулап калды. Биз сабаган жокпуз. Тескерисинче, бетине суу сээп жардам көрсөттүк. Мен чуркап барып ата-энесин чакырып келдим. Досум унаа чакырып коюптур. Ошентип Арген менен апасын ооруканага жөнөттүк. Ал учурда Арген эсин жоготуп койгон. Кийин бала өтүп кетиптир деп уктук. Ошол күнү эле милиция кызматкерлери келип, түшүнүк кат жаздырып кетти. Арген эмнеден улам каза тапты айта албайм. Бирок желим жыттаганы чындык. Бул окуяга чейин Арген менен мамилем жок болчу. Саламдашып гана койчубуз. Биз мектепте окуп жүргөн кезде улуулардын тарбиялап турмайы бар болчу. Кийин бул жоголуп кеткен. Каза болгон кезде Аргендин жанында экөөбүздөн башка эч ким жок болгондуктан эле бизди кылмышка шектүү кылып кармап кетишти. Каза болгон күнү түшүнүк кат алып жатканда милиция кызматкерлери “баланын денесинде көк ала жок экен, эмнеге өтүп кетиши мүмкүн?” деп сурашкан.
2018-жылдын 27-март күнү милиция кызматкерлери мени көчөдөн колу-бутумду кайрып кармап кетишти. Суракка алышты. Мага ар кандай ыкма көрсөтүштү, “акыры моюнуңа алдырабыз” дешти. Мага ден соолук керек болчу. Ошон үчүн аларды сабаганга жеткирбей эле “бир жолу ургам” деп койдум. Ошентип кылмышты моюнума алып отуруп калдым. Ошондон улам эле азыркыга чейин мени сүйрөп жүрүшөт. Эми маңдайга жазганын көрөбүз. Күнөөсү жок камалып кеткендер деле көп экен.
“ЖАМАН ЖОЛГО БАРСАК, УЧУРАШПАСАК УЛУУЛАР УРУШУ МҮМКҮН”
Арген менен бир мектепте окуган теңтушу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Арген менен бир мектепте окуганбыз. Жакшы бала болчу. Биздин айылда акча же бир нерсе таап келүүбүздү талап кылган “дедовщина” жок. Бирок улуу байкелерге салам бербей өтүп кетсек, керсейип койсок, желим жыттап, тамеки чексек алар уруп коюшу мүмкүн. Мен Аргендин желим жыттаганын көргөн эмесмин. Жыттаса бизге деле сунуштамак деп ойлойм.
Перизат Музуратбекова