Гүлмира Кудайбердиева, Билим берүү жана илим министри: СЪЕЗДДИН ДЕЛЕГАТТАРЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ МАСЕЛЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛАШАТ

2018-жылдын 11-12-октябрында Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердеги билим берүү тармагынын кызматкерлеринин жана мугалимдеринин юбилейлик V съезди өтөт. Съезддин темасы – «КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү системасынын өнүгүүсү туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстинде». Бул съездде эмнелер талкууга алынары тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен маектештик.

– Саламатсызбы! Гүлмира Каримовна, съезддин жүрүшү туурасында айтып берсеңиз.

– Съезддин ачылышы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы залдардын биринде өтөт жана съезддин делегаттары жана конокторуна саламдашуу иретинде алгач Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөйт.

Ошондой эле ал жерде ар бир КМШ өлкөлөрү өздөрүнүн билим тармагындагы маанилүү жетишкендиктерин тааныштыра ала турган көргөзмө өтөт. Эрежеге ылайык, мындай көргөзмөлөрдө бир эле окуу китептери менен окуу материалдарын гана эмес, акыркы жылдары кеңири таралган электрондук түрдөгү окутуу материалдарын да көрүүгө болот.

Съезддин биринчи күнүндө пленардык жыйын болуп, анда делегаттардын жетекчилери сөз сүйлөшөт. Алар IV съездден кийинки эки жылда өз өлкөсүнүн билим берүү тармагында эмне өзгөрүүлөр болгондугу, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын жетишкендиктери үчүн өз өлкөсүндө кандай иштер жүрүп жатканы туурасында айтып беришет.

– Туруктуу өнүгүүнүн максаттары – бул 2015-жылы сентябрда БУУнун башкы ассамблеясынын отурумунда кабыл алынган программа. Билим берүүдө ал канчалык деңгээлде маанилүү?

– Туруктуу өнүгүү темасы бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн актуалдуу. Ошондуктан заманбап билим берүү бир гана бул дүйнөдө жашоого мүмкүндүк бербестен, болуп жаткан өзгөрүүлөргө активдүү катышууга же ага көнүүгө бүтүрүүчүнүн мүмкүн болгон компоненттеринин чөйрөсүн белгилөөгө багытталган.

Ушуга байланыштуу ар бир мамлекеттин алдында окуучуларды жана студенттерди алдыдагы жогорку деңгээлдеги дүйнөдө жашоого даярдаган билим берүү системасын куруу боюнча маселе турат. Бул суроого негизги жооптордун бири катары туруктуу өнүгүү үчүн болгон билим саналат. Мындай туруктуу өнүгүү маселелерин камтыган билим берүүгө өтүү, 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын билим тармагын өнүктүрүү стратегиясы жана КМШга мүчө мамлекеттердин бир катар стратегиялык документтеринде башкы тапшырма катары белгиленген.

Ошондуктан съездде иштей турган секциялар заманбап дүйнөдө жашоо жана анын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон окуучулардагы компоненттерди турукташтыруу маселелерине арналган.

– Сөз кайсы секциялар тууралуу болуп жатат?

– Бул «Мамлекеттик саясатты билим чөйрөсүндө ишке ашыруу – жаңы контексттер жана жаңы чечимдер» менен «Компетенттүү билим берүүдө стандарттын ролу: КМШ өлкөлөрүндөгү тажрыйбалар». Биринчи секцияда делегаттардын жетекчилери КМШ мамлекеттериндеги билим берүү саясатынын негизги багыттарын, туруктуу өнүгүүгө байланыштуу маселелердин концептуалдык жана стратегиялык документтерин, туруктуу өнүгүү жана башка маанилүү маселелерге байланыштуу маселелер боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулашат.

“Билим берүү уюмдары үчүн туруктуу өнүгүү: билим берүү чөйрөсүндөгү коопсуздукту калыптандыруу” маселелерине арналган секция билим берүү уюмдарында коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө арналат. Бул жерде башка өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен бөлүшө турган Кыргызстандын да жаңылыктары бар. Учурда психологиялык, маалыматтык жана экологиялык коопсуздук планында биздин мектептерде билим чөйрөсүнүн сапатын жогорулатуу боюнча нормативдик базаны түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын бир катар нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн материалдар даярдалган.

– Башка секциялар боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Билим берүүнү стандартташтырууга арналган секцияда компоненттүү билим берүүнү түзүүнүн методологиясы, билим берүүнүн бардык баскычтарындагы стандарттарды киргизүүнүн тажрыйбасы сыяктуу маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Дагы бир секциянын алкагында КМШ өлкөлөрүндөгү педагогикалык илимдин өнүгүүсүнүн заманбап абалы жана келечеги талдоого алынат. Орусия Федерациясы, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Армения Республикаларынын өкүлдөрү окууга болгон кызыктырууну жогорулатуунун жана мектептерде окутуунун сапатын жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришет. Бардыгы үчүн сапаттуу билим берүүнү камсыздоо үчүн мугалимдерди даярдоо жана алардын өз дараметин дайыма жогорулатуу мүмкүнчүлүгү чоң мааниге ээ. Ошондуктан бул маселелерге эки секция арналды.

– Билим берүү министрлиги педагогдордун квалификациясын жогорулатууга көп көңүл бурарын жакшы билебиз...

– Учурда өлкөбүздө билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту, аймактык институттар жана квалификацияны жогорулатуу борборлору иштейт. Билим берүү министрлигинде жумушчу топ түзүлгөн, анын максаты – педагогдордун квалификациясын жана дараметин жогорулатуу боюнча жаңы концепцияларды иштеп чыгуу. Анын ичинде бир эле квалификацияны жогорулатуучу курстарды түзүүнү өзгөртүү, мугалимдердин ар кандай топторунун керектөөлөрүн эсепке алган модулдук программага өтүү гана эмес, башка дагы, мектептик командаларды окутуу жана билим берүүнүн райондук бөлүмүнүн методисттерин, курстарды аяктаган мугалимдерди колдоону камсыздоо концепцияларын түзүү дагы бар. Ошондуктан биз үчүн КМШ өлкөлөрүнүн квалификацияларды жогорулатуу системасындагы тажрыйбасы өзгөчө маанилүү.

Экинчи жагынан алганда, Кыргызстан институттар жана борборлор сыяктуу эле бир катар жогорку окуу жайларынын (И.Арабаев атындагы университет, КОСУ, ОшМУ жана башкалар) базасында дагы квалификацияларды жогорулатуучу уюмдардын тажрыйбасы жана башка КМШ мамлекеттери менен биргеликте квалификацияларды жогорулатуучу уюмдардын тажрыйбасы менен бөлүшө алат.

Квалификациялардын улуттук алкагын түзүүгө байланыштуу секциялардын иши ошондой эле мугалимдерге тыгыз байланыштуу. Атап айтканда, андагы негизги маселелердин бири – мугалимдик кесиптин стандарттарын калыптандыруу. Азыркы тапта өлкөбүз үчүн бул теманы актуалдуу кыла турган улуттук квалификациялык системаны калыптандырууга байланыштуу “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга оңдоолор Жогорку Кеңеште кароодо турат. Орусия, Казакстан жана башка бир катар мамлекеттерде улуттук квалификациялык системасынын алкагында педагогикалык кесиптердин өз стандарттарын иштеп чыгып коюшту, ошондуктан педагогдун стандарттарын тажрыйба жүзүндө колдонуу маселелерин талкуулоо абдан кызыктуу болот.

Съездде мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мектептен тышкаркы билим берүү боюнча секция Кыргызстанда жана КМШ мамлекеттериндеги биздин кесиптештер балдардын жөндөмүн өнүктүрүүнүн кандай формаларын колдонорун көргөзөт. Секциянын жыйыны “Алтын түйүн” балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын базасында өтөт, бул Кыргызстандын мектептен тышкаркы билим берүүсүнүн мыкты тажрыйбасын кеңири тааныштырууга мүмкүнчүлүк берет.

– Съезд көңүл буруусуз жана жогорку билим берүүсүз өтпөсө керек?

– Съезддин эки секциясынын иши кесиптик билимге арналат. Билишимче, КМШ мамлекеттеринде билим берүүнүн эки баскычы (баштапкы жана орто кесиптик билим берүүчү) интеграцияланган, съездде бирдиктүү секция болот. Анын үстүнө Кыргызстандын билим берүү системасында болуп жаткан бир катар көйгөйлөр баштапкы сыяктуу эле орто кесиптик билим берүү үчүн дагы мүнөздүү.

Экинчи секция жогорку кесиптик билим берүүгө арналган. Бул секциядагы иштер ар бир мамлекеттин жогорку кесиптик билим берүү системасын ич ара өнүктүрүү маселелеринин тегерегинде сыяктуу эле КМШ бирдиктүү (жалпы) билим берүү мейкиндик алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүнү түзүү маселелеринин тегерегинде уюштурулат, анын ичинде – Тармактуу университеттердин ишинде – КМШ, ШОС, университеттердин евразиялык ассоциациялары, ошондой эле бирдиктүү иштердин башка формалары бар.

Мына ушундай өңүттө съезддин делегаттары билим берүүнүн бардык баскычтарындагы өнүгүүнүн негизги маселелерин талкуулашат. Секцияларда иштелип чыккан сунуштар съезддин бирдиктүү резолюциясында чагылдырылат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан