МИРБЕК АТАБЕКОВДУН ЖАҢЫ КЛИБИ ТАЛКУУГА ТҮШТҮ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун казак ырчысы Камшат Жолдыбаева менен аткарган “Тыңда мени” аттуу ырына тартылган клип катуу талкууга түштү. Клипте Мирбек менен Камшат сүйүшкөндөрдүн ролун жаратып, анда ашыктыктын "ысык" кадрлары кездешет. Социалдык тармактарда “Аялың кызганбайбы?” деп ырчы мырза үчүн кабатырлангандар чыгууда. SUPER.KG порталына комментарий берген Мирбек режиссёрдун “кучакташып, өбүшкүлө” деген талаптарын аткарбай койгонун айтат. Анан да клипти жубайы түшүнүү менен кабыл алганын кошумчалаган. Ырчы мырзанын жубайы Мээрим Төлөпберген да Инстаграм баракчасына “Урматтууларым, бул деген чыгармачылык, андан ашыкча эч нерсе жок. Мирбек баш тарткысы келгенде мен чектен ашпай тартылса болорун айткам. Клиптен кийин Мирбек мени ого бетер сүйүп, сыйлап калды”,- деп билдирүү калтырды.

Белгилей кетсек, Мирбек Атабеков көп жылдан бери хит ырларды жаратып келген таланттуу мырзалардын сап башында. Эми минтип боордоштордун жылдыздары менен иштешип, Казакстанды багындыра баштады.

"Клиптен кадр".
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
fanatka19
2018-10-16 09:56:32
Биздин менталитетке бир аз туура келбейт албетте, анан дагы Мирбектин ажы статусу бар. бирок мага Жеки Чан болуп кеткен жери жакты)))
+9
Ice-creme
2018-10-16 13:39:28
Клиптен кийин жубайын кобуроок суйуп калганы кызык экен. Дагы тартылсын, суйуунор мынданда ыссыгыраак болушуна себеп болот экен.Байкуш элди эмес, озун озу алдап, сооротуп атканын Мээрим тушунуп атты бекен?
+8
Ice-creme
2018-10-16 13:42:18
Кайын журт, ата-эне дегендердин алдында жуз кызарбай кантип бет келишип журосунор, казактар жыланач чыкса силер да чечинип артынан ээрчип алгыла. Искусствону жыланач фондун артында коруп, тушунуп баштаган "эл артистер"аман болгула!!!
+6
zinagull1996
2018-10-17 02:25:48
Билбейм эмне дешти. Ырчыны сындаш учун ырчы болуш керек. Эмне дешти да билбейм. Бирок анчалыкка барыш шарт эмес эле
0
Jigitchem
2018-10-21 03:28:35
Озун бул жагынан да сынап коргон го. Мурдагыдай эле тамдын башына эле отуруп алып ырдап журо берсен болмок
0
nurhan2702
2018-10-21 12:17:22
Мирбек келбетин деле сексуальный эмес эле .Сага жонокойлук кобуроок жарашат деп ойлойм
+3
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан