– Айжамал, ырчылык жолго кадам таштаганыңа канча болуп калды?
– Кудай буюрса, быйыл он эки жыл болот.
– Аткарууңдагы көптөгөн ырларың популярдуу болуп келе жатат. Ага карабастан ушуга чейин эмне себептен жеке концерт бербей келдиң?
– Менин оюмча, ырларың жана клиптериң менен элге таанылып, сахнада өзүңдү алып жүрүүнү толук өздөштүргөндөн кийин гана жеке концертке даярдансаң туура. Баамымда менин даярдыгым эми бышып жетилди. Репертуарымдагы ырларымдын саны кыркка жетти. Негизи, Гүлшайыр эже "топто он жыл кызмат кылган кыздын жеке концертин коюп берем" деген убадасы бар болчу. Ошол убадасы менин жеке концертимди өткөрүүгө өбөлгө болууда.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).