ТОКСИКОМАНИЯ ЖЕ ЦЕЛЛОФАН БАШТЫККА КАТЫЛГАН ӨЛҮМ

Бүгүнкү күндө жаш балдардын уулуу заттарды жыттап токсикоманга айланып жаткандары жашыруун эмес. Андыктан коомчулукту, өзгөчө ата-энелерди «балдар эмне үчүн бул жорукка барып жатышат? Аларды токтотуунун жолу барбы?» деген суроолор түйшөлтпөй койбойт. Ушул себептүү токсикомания жаатында изилдөө жүргүзүп, керектүү адистерге жолуктук.

СТАТИСТИКА

2017-жылы Республикалык наркологиялык борбордо токсикоман 150 бала катталып, дарыланган.

Ай сайын болжол менен 15тей уулуу зат жыттап ууланып калгандар түшөт.

«ТОКСИКОМАНДАР ӨМҮРЛӨРҮ КЫСКА БОЛУП КАЛАРЫН БИЛИШПЕЙТ»

Бишкектеги Республикалык наркологиялык борборуна барганыбызда борбор тынч экен. Ууланып калган токсикомандар да, наркомандар да келип түшкөн жок. Борбордун кабыл алуу бөлүмүнүн адис наркологу Каниет Мамбеталиевага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Токсикомания – байыркы грек сөзү, токсикоз – «уулуу», мания – «кумарлык, жиндилик, алагдылануу» дегенди билдирет. Токсикомандар башты айлантуучу же галлюцинациялык таасири бар уулуу заттарды (тиричилик жана өнөр жай химиясынын каражаттарын) жыттайт. Андыктан кээде «балдар наркоманиясы» деп да аталып жүрөт. Лак, краска жана аларды эритүүчү эритме, бензин, ацетон, желим, унаанын карбюраторун жууп-тазалоочу карб каражатын жана башкаларды жытташкандыктан өздөрүн «нюхач», «пыхач» деген жаргон сөздөр менен аташат. Кээ бир заттарды целлофан баштыкка куюп жытташса, айрымдарын оозуна, жеңине чачып жытташат.

Тиричилик жана өнөр жай химиясынын каражаттары наркотикалык психотроптуу заттардын реестрине киргизилген эмес. Андыктан ал бардык жерде сатыла берет. 18 жашка чейинкилерге сатылбасын деген мыйзам жок. Анын үстүнө алар кымбат эмес. Токсикомандардын арасында жетишсиз үй-бүлөнүн да, бардар үй-бүлөнүн да 9 жаштан тартып 18 жашка чейинки балдары бар. Арасында аз санда болсо да кыздар кездешет. Кээде студенттер да дарыланууга келип калат.

Уулуу заттарды жыттоого жеткирүүчү факторлор кайсылар?

Психологиялык фактор.

1) Өспүрүмдөр чоңойгулары келип, ата-энесинен көз каранды болгулары келбей баштайт. Ата-энеси жана коомчулук тыюу салган нерселерди жасагылары келет. Башкача айтканда, аларга каршылык көрсөтөт.

2) Балдардын 60 пайызга жакыны кызыгуунун айынан жыттап көрүшөт. Кээ бирлер 1-2 жыттап көргөн соң аң-сезимдүү түрдө бул жакшы эмес экенин түшүнүп, кийинкисинде баш тартып койсо, айрымдары көнүп кетет.

3) Өзүн кыйын көрсөтүү максатында. Кимдир бирөө жыттагандан кайф алып жүргөнүн, бул жаатта кыйын экенин айтса, бала да «лидерлерден» калгысы келбеши мүмкүн.
Социалдык фактор.

Ата-энелер балдарга жетишерлик көзөмөл кылбагандан, көңүл бурбагандан болот. Өзгөчө ата-энеси эмгек мигранты болуп жүргөн, ата-энеси иштен колу бошобогон балдар. Жашоо-турмушу начар, үйүндө уруш-талаш көп болгон балдар баарынан жадап, жанына тынчтык издеп көчөгө качып калышат да, жаман топко кошулуп кетет. Ата-энесинен же алардын биринен, же ата-энеси жок туугандарынын колунда калып, алардан зомбулук көргөндөр да көчө балдарына, токсикомандарга айланып жатышат.
Башка факторлор.

Кээ бирлер улуулардын коркутуп-үркүтүүсүнөн, азгыруусунан улам аларга кошулууга аргасыз болот.

Уулуу заттарды жыттап ырахат алганга көнгөн балдар кийин наркотикалык заттарга өтүп кете тургандыгы да жашыруун эмес.

Балдардын ден соолугуна кандай зыян келет?

– Алгач жыттаганда башы, көңүлү айланат, жүрөгүнүн кагышы ылдамдайт, кусат. Кыймылы жана сүйлөө речи бузулат. Белгилүү убакыттан кийин көзүнө ар нерселер көрүнүп баштайт (галлюцинация). Айрымдары айткандай, «мультфильм» көрүшөт, каармандар менен сүйлөшүшөт. Галлюцинацияны кайра көрүү үчүн эртеси кайра жытташат. Көп убакыттан бери жыттап жүргөндөрдүн уулуу заттардан нерв системине доо кетип, мээси акырындап кургай баштайт. Акыры кем акыл болуп калышат. Дем алуу жолдору химиялык заттардан улам күйүккө учурайт. Боор, өпкө, жүрөк, бөйрөк оорулары жаралат. Мисалы, өпкөнүн рак оорусу жана абсцесси, инфаркт, гипертония жана башка. Кусканда кусундусу дем алуу жолдоруна кирип кетип, же уулуу заттан мерцателдик аритмия жаралып, же газдан муунуп, башына целлофан баштыкты кийип отурган боюнча өлүп калгандар бар. Негизи токсикомандар өмүрү кыска болуп каларын билишпейт.

Дарылоо

– Бизге атайын дарылатуудан тышкары уулуу заттан ууланып калгандарды аман алып калуу үчүн да алып келишет. Дарылоодо уулуу заттарды организмден тазалоо үчүн тамчылатма дары, нервди тынчтандыруучу дары-дармектер колдонулат. Ата-энеси кааласа, биз баланы каттоого алып бекер дарылайбыз. Эгер анонимдүү дарылатабыз дешсе, анда төлөп дарылатышат. Андыктан токсикомандардын саны мынча деп так айтуу кыйын.

Балдар менен психологдор да иштешет. Жогоруда айткандай, балдар жөн жерден токсикоманга айланышпайт. Бир себеп түртөт. Андыктан ата-эне баласынын токсикоман экенин билип калса, аны жазалоодон майнап таппайт. Үйүнө камап салгандар, бутунан батареяга чынжыр менен байлап койгондор кездешкен. Мыкты жол: психолог менен кошо токсикоман болуусунун себебин таап, себеп болгон нерселерди четтетүү, балдарды туура тарбиялоонун жолун үйрөнүү болуп саналат.

АТА-ЭНЕ КАЙСЫ УЧУРДА БАЛАДАН ШЕКШИШИ КЕРЕК?

  • Бала уулуу зат жыттанса, башынын ооруганы жана уктабай калышы көбөйсө;
  • Мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрүлүп, ата-энени укпай, жини бат келме болуп баратса;
  • Ой жүгүртүүсүнүн жана эс-тутумунун начарлаганы, окуудан жетишпей баштаганы билинсе;
  • Бөлмөгө бекинип, элге көп кошулбоону адат кылса, көздөрү кызарып кала турган болсо;
  • Үйдөн акча же буюм жоголуп жатканы билинсе.

«БАЛА КӨЗӨМӨЛДҮН ЖОКТУГУНАН ЖАМАН ЖОРУККА БАРАТ»

Ленин РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Акматов токсикомания жаатында эмне иштерди жүргүзүшөрү тууралуу айтып берди:

– Биз апта сайын мектептерге барып токсикомания, баңгилик, жол эрежесин сактоо сыяктуу темадагы лекцияларды окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Рейддерге чыгабыз. Элден «бул жакта балдар уулуу заттарды жыттап жүрөт» деген билдирүүлөр түшсө айтылган жерлерге барып текшеребиз. Эгер шек туулса баланы кармап, үйүнө ата-энесине алып барабыз. Ата-энесинин жана жашоо абалдары кандай экендигин тактайбыз. Анан ата-энеси менен кошо баланы наркологиялык борборго алып барып текшертебиз. Таза чыкса коё берилет. Эгер уулуу зат жыттап жүргөнү аныкталса, анда каттоого алынып, дарылоо башталат. Аймакты көзөмөлдөөчү инспектор балага карточка ачып, ал баланын күндө эмне кылганын текшерип турат. Баланын достору кимдер экенин да билип, аларга да жолугуп, керектүү маалыматтарды чогултат. Мүмкүн, бала бирөөнүн зордугунан улам жыттап жүрөгөндүр, ошол аныкталат. Кыскасы, бардык аракет баланын жаман адатын калтырып, оң жолго салуу үчүн жумшалат.

Негизи ата-энеси ичкиликке жакындардын, чыр-чатактуу жана мигрант үй-бүлөнүн балдары жаман балдарга кошулуп кетишет. Себеби – көзөмөлдүн жоктугу. Баланын тагдырына ата-эне жооп бере тургандыктан ата-энелик милдетин так аткарышса, туура тарбия беришсе. Балага көңүл бөлүп, достору, чөйрөсү кандай экендигине кызыгуулары, бош койбой спорт ийримдерине жиберүүлөрү зарыл. Үй жумуштарын бөлүштүрүп берип, анын аткарылышын көзөмөлдөө керек. Тарбиялык мааниси бар китептерди окуп, фильмдерди көрсөтүү да оң. Мугалимдеринен окууга жетишүүсүн, тартибин сурап туруу шарт. Токсикомания, баңгилик сыяктуулар менен коомчулук менен кошо күрөшпөсөк азайта албайбыз.

Биздин район боюнча быйыл 10 ай ичинде токсикомания боюнча бир да бала катталган жок.

«НЕБЕРЕМ "КАРПОВАТЬ" ЭТИП КЕТКЕН»

Зейнеп, 63 жашта, Бишкектин тургуну:

– Мен кызым, күйөө балам жана 2 неберем менен турам. Улуусу студент болсо, кичүүсү 7-класста окуйт. 2 жыл мурун кызым менен күйөө балам Орусияда иштеп, мен неберелерим менен үйдө калгам. Кичүү неберемдин кышка жакын жүрүм-туруму, мүнөзү өзгөргөнү байкалып калды. Үйдөн жоголуп кетип, бир жаман жыт жыттанып келчү болду. Аны-мунуга деп менден акча алуусу көбөйдү. Улуу неберем экөөбүз шекшип класс жетекчисине бардык. Анан баарыбыз тактап көрсөк, зыяндуу нерселерди жыттап жүрүптүр. Ата-энесине чалып айтсак дароо келишти. Көрсө, неберем балдар менен ойноп жүргөн жерге улуу балдар келип, желимби, айтор, бир нерсени көрсөтүп, "эркек болсоңор жыттайсыңар" деп намыстарына тийип жатып жыттатышыптыр. Ошентип аларга кошулуп калыптыр. Жыттагандан кийин көзүнө ар нерсе көрүнүп, самолётто учканын, укмуштуудай жандыктарды көргөндөрүн да айтты. Карб деген немеси бар экен, аны жыттоону «карповать» дешет экен. Жыттап алгандан кийин ачка болгону билинбей, суук да, ысык да сезилбей калат имиш.

Ата-энеси неберемди дарылатып, башка мектепке которуп жиберишти, «карповать» эткен адатын калтырышты.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aitun
2018-10-23 13:30:15
Карповать эткени кызык экен тобо. Мечитер курулса мектептен мечит коп дейсинер. Ыйман болуш керек биринчи.
+4
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан