Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл аймагындагы Өзбек-Каба айылынын эки тургуну 62 жаштагы айылдашын өлтүрүп, андан кийин денесин сарайдагы чөп менен кошо өрттөп жиберген деп шектелип кармалды. Милициянын маалыматына караганда, кылмышка шектүүлөрдүн бири Мунира айым экинчи кылмышка шектүү менен да, маркум менен да көңүлдөш болгон.
«КОЛУ-БУТУН БАЙЛАП, КӨЗҮН ТАҢЫП ЖАРДАН ТҮРТҮП САЛЫШКАН»
Аталган кылмыш тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ушул жылдын 26-сентябрынан 27-сентябрына караган түнү Базар-Коргон РИИБине Өзбек-Каба айылында сарай өрттөнүп, анда эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу аталган дарекке барып, кароо жүргүзгөн. Күйүп кеткен маркум айылдын 62 жаштагы тургуну Мамарасул аттуу жаран экендиги аныкталган. Маркумдун жакындары эч кимге арыз-доосу жок экенин, маркумдун кырсыктан улам каза болгонун билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан.
Бирок кароо жүргүзүлгөн учурда күч колдонуу белгилери байкалган. Ошондуктан Базар-Коргон РИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери бул кырсык эмес, атайын өрттөө болушу мүмкүн деген божомол менен иликтөө жүргүзө башташкан. Соттук-медициналык, өрт-техникалык экспертизалар даярдалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум киши колдуу болуп каза тапкандыгы тууралуу далилдер чыга баштаган. Мындан улам окуянын себептери аныкталып, маркум киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болгон. Кылмышка шектелип ошол эле айылдын тургундары 1964-жылы туулган Калбатыр жана 1981-жылы туулган Мунира аттуу жарандар кармалышкан.
Алгачкы көрсөтмөлөр боюнча, Мунира аттуу келин Калбатыр аттуу жаран менен да, Мамарасул аттуу жаран менен да жакын мамиледе болгон. Экөө тең Мунира аттуу жалгыз бой келинди аялдыкка алмак болушуп, бирок балдары каршы чыгышкан экен.
Мунира маркумдун 950 миң сом акчасы бар экенин билип, ошол акчаны алуу максатында аны өлтүрүүнү ойлогон. Шектүү ал акчаны алып Орусияга кетмек экен. Ойлогонун ишке ашыруу үчүн Калбатыр аттуу жаранды жардам берүүгө көндүргөн. Экөө ээн талада Мамарасулдун колу-бутун байлап, оозун таңып, бийиктиги 4 метр болгон тик кырдан түртүп жиберишкен. Маркум алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Андан соң маркумдун денесин ал өзү жашаган үйдүн сарайына алып барышкан. Маркум айылдашынын үйүн карап, ошол жерде жашап жүргөн экен. Шектүүлөр үйгө кирип көздөгөн 950 миң сомду издешкен. Жыйынтыгында 750 сом табышкан. Эртеси күнү кайра келип сарайда жашырылган маркумдун денесине бензин чачып жыйылган чөп менен кошо өрттөп салышкан. Кылмышка шектүүлөр тергөөдө бири-бирин кылмышты жасаган деп күнөөлөп жатышат. Мунира аттуу жаран «бул кылмышты жасоого Калбатыр мажбурлаган» деп көрсөтмө берсе, Калбатыр аттуу жаран «Муниранын айтканын жасадым» деп жатат.
Бул кылмыш боюнча Базар-Коргон РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. «МАГА БУЙРУК БЕРГЕНИ ҮЧҮН АГА ЖАРДАМ БЕРДИМ»
Кылмышка шектүүлөрдүн милицияга берген көрсөтмөлөрүн беребиз. Анда Мунира аттуу жаран баарына Калбатыр аттуу жаранды күнөөлөп жатат. Ал "Калбатырдан коркконумдан гана бул ишке бардым" дейт:
– Мен үйдө тамак бышырып жатсам Калбатыр келип, өтүгүнөн бычак алып чыгып мени коркутуп Мамарасулду чакырышым керектигин айтты. Мен телефон аркылуу Мамарасулду чакырдым. Ал келгенде мен аны акырын алдап аркан менен моюнунан байлап алдым. Ал каршылык көрсөткөн жок. Анткени моюнундагы жип менен тартып мени үйгө алып кирип кетет деп ойлоду. Бул учурда Калбатыр ары жакта бекинип отурган эле. Ошондо ал чыгып келип Мамарасулду жетелеп барып, жардан түртүп жиберди. Анан Калбатыр аны көтөрүп, Мамарасул жашап жүргөн сарайга алып барды. Мен ага жардам бердим. Анткени Калбатыр мага буйрук берди. Мамарасулду сарайдын үстүнө таштап кетип калдык. Бул учурда ал тирүү болчу. Эртеси Калбатыр экөөбүз кайрадан сарайга барып, ал бензин чачып чөп жыйылган сарайды Мамарасул менен кошо өрттөп салды. Мен аралашкан жокмун. Баарына ал күнөөлүү.
«950 МИҢ СОМ ИЗДЕП, 750 СОМ ГАНА ТАПТЫ»
Ал эми кылмышка шектелип кармалган экинчи жаран Калбатыр "Мунира акча үчүн маркумду өлтүргөн" дейт:
– Ошол күнү Мунира мени чакырды, барсам, Мамарасулда 950 миң сом акча бар экенин айтып, аны өлтүрүүгө ниеттенгендигин айтты. Мен коркуп кеттим. Бир маалда Мамарасул да келип калды. Мунира мага бактын арасында жашынып тура турушум керектигин айтты. Анан бир аздан кийин келе бер деп мага ишарат кылды. Барсам Мамарасул арканга оролуп, көздөрү таңылып, колу-буту байланып, жардын четинде тизелеп чөгөлөгөн абалда турган экен. Мунира мени түртүп жибер дегенинен түртүп жибердим. Мамарасул кулап, кыймылдабай калды. Артынан барып карасам, моюну сынып кетиптир. Мунира экөөбүз аны көтөрүп, ал жашаган үйдүн сарайына алып барып таштадык. Анан Мунира үйүнө кирип, акча издеди. Мен үйгө кирбей босогодо күтүп турдум. Бир маалда Мунира түйүнчөк көтөрүп чыкты. Өзү айткан 950 миң сомду таппай койду. Түйүнчөктө 750 сом бар экен. Ошону алды. Мунира аны акча үчүн өлтүрдү. Ал максаты үчүн мени пайдаланды. Эртеси күнү Мунира мени телефон аркылуу чакырып, бензин ала келүүмдү буюрду. Барбасам, күнөөлөп тил кат жазып, өз өмүрүнө кол сала турганын айтты. Коркконумдан 2 литр бензин алып үйүнө бардым. Экөөбүз Мамарасулду таштаган сарайга кайра барып, мен бензин чачтым, ал өрттөдү. Мен Мунира менен 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөм. Аны жакшы көрүп белек, акча берип турчумун. Анын мындай адам экенин билген эмесмин. Мен Мунирага баш кошуу ниетимди балдарыма да айткан элем. Бирок алар каршы болуп коюшкан.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg