Нурбек Кожобеков, балбан: «ОЛИМПИАДА КЫЯЛЫМ БОЙДОН КАЛА БЕРЕТ»

Нурбек Кожобеков жөнөкөй балбандардан эмес. Ал бир эле эмес, бир нече спорттун түрү боюнча спорт чебери. Дзюдо, самбо, кыргыз күрөшү, алыш жана бел боо күрөшү боюнча мыктылыгын далилдеп келет. Спортчу быйылкы жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алтын байгесиз калган жок.

Толук аты-жөнү
– Нурбек Кожобеков

Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 20-май

Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Кыргызстан айылы

Билими – Жогорку. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы

Жетишкендиктери – Бел боо күрөшү боюнча Дүйнөнүн чемпиону (2014, 2015, 2016). Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү (2013-жыл), кыргыз күрөшү боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү (2014, 2016, 2018).

– Ассалому алейкум, Нурбек мырза. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында багынткан эки алтын байгеңиз кут болсун. Бул оюндар эмнеси менен эсиңизде калды?

– Чоң рахмат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эң мыкты деңгээлде өттү. Кийинки оюндар мекенибизде болбогону бир аз капа кылат. Спортчулардын деңгээли тууралуу айтсам, дээрлик бардыгы мыкты даярдык менен келишиптир. Кыргыз күрөштө өзгөчө кытай балбаны менен болгон беттеш мен үчүн кыйынчылыкты жаратты. Анткени ал мен үчүн ыңгайсыз каршылаш экен. Менин ыкмаларыма эч туура келбей койду. 3 мүнөттөн кийин гана анын чарчаганынан пайдаланып жеңишти илип кеттим. Жалпысынан кыргыз күрөшүндө жана түрк күрөшүндө эки алтын медаль тагындым.

– Улуу көчмөн күрөшүндө өзүңүздөн 30 килограмм оор монгол балбаны менен кездешип жеңилип калдыңыз. Жеңиш үчүн салмак жетпей калдыбы же?..

– Улуу көчмөн күрөшүнө бул оюндарда болгон күрөштүн абсолюттук салмак категориясындагы жеңүүчүлөр катышты. 100 килограммдан ашыгы бар, ага жетпегени да бар. Жеңүүнүн себеби салмактын жеңилдигинде эмес, күрөш эрежелерин так билбей калганымда болду. Себеби эрежелерди бизге мелдеш башталарына 15 мүнөт калганда видео аркылуу түшүндүрүштү. Ошол беттеште тизем жерге тийгени үчүн жеңишти каршылашыма берди. Бизге көргөзгөн видеодо болсо, тизеси тийсе жеңилет деген эреже жок болчу. Эгер бул эрежени билсем, мен монгол спортчусун негизги убакытта эле жеңмекмин. Буйрук ушундай экен, жеңилип калдым.

– Спорттогу алгачкы кадамдарыңыз кайда, кандайча башталган? Эң биринчи жеңишиңиз эсиңиздеби?

– Кичинекей кезимде балдар менен күрөшүп жүрүп, кызыгуу пайда болду. Ал эми спорт залга 1-классымдан баштап бара баштагам. Анда деле убакыт болгон учурда гана барчумун. Албетте, эң биринчи жеңишим эсимде, азыр деле ошол күн мен үчүн эң кубанычтуу көз ирмемдер катары сакталып турат. Айылда 3-класста окуп жүргөн кезимде Айтиев Шамшидин атындагы кыргыз күрөшү боюнча мелдеш болгон. Ошондо мен 2-орунду ээлеп диплом алгам. Ал диплом азыркы күнгө чейин сакталуу.

– Дзюдо, самбо сыяктуу спорт түрлөрү боюнча дагы өлкөнүн спорт чебери экениңизди билебиз. Эмнеге кыргыз күрөшүнө басым жасап, аны тандап кеттиңиз?

– Мектепте окуп жүргөндө жалаң кыргыз күрөшү менен гана алектенчүмүн. Кийин шаарга келип, самбо менен машыга баштадым. Алгачкы жылы эле өлкө биринчилигинде 3-орун алдым. Ошол учурда дзюдо боюнча машыктыруучу мени жактырып, өздөрүнө чакырып алышкан. Ошентип дзюдо менен алектенип баштадым. Дзюдо боюнча ийгилик жаратып, эки ирет өлкө чемпиону болуп, 2013-жылы Азия биринчилигине барышым керек эле. Бирок машыктыруучулар акыркы учурда курама командага кошпой койгондо аларга таарынып дзюдодон кетип калгам. Эки күндөн кийин эле Казанда боло турган Дүйнөлүк универсиадага бел боо күрөшү боюнча тандап алуу мелдеши болмок. Ошондо мен ызаланып ал жакка барып күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Мелдеште биринчи орун алуу менен Казанга жолдомо алдым. Универсиаданы багынткан соң толугу менен бел боо күрөшүнө өтүп кеттим.

– Килем үстүндө токтоо, эмоцияга алдырбаган адамсыз. А жашоодочу?

– Ачыгын айтканда, жашоодо дагы токтоо жана уялчаакмын. Тартынчаактыгымдын айынан көп нерседен калып кетем.

– Калыстарга нааразы болгон учурлар кездешсе керек.

– 2017-жылы Ашхабадда Жабык имараттагы Азия оюндары болду. Ушул биринчиликте калыстарга аябай нааразы болгом. Алыш күрөшү боюнча мелдештин финалдык беттешинде калыс тарап бир нече жолу жасаган аракеттериме упай бербей көз жумуп туруп алды. Себеби каршылашым жергиликтүү балбан эле. Эң өкүнүчтүүсү, ушул эле биринчиликте бел боо күрөшү боюнча мелдештин экинчи айлампасында каршылашымды 5-1 эсеп менен утуп жатканда ортодогу калыс мага 3 эскертүү берип жеңишти атаандашка ыйгарып койгон. Бир эле мелдеште эки жолу жеңишти ачык эле тартып коюшту. Спортто мынчалык адилетсиздиктин болушу мени капа кылган.

– Спортто жүрүп эмне таптыңыз жана эмне жоготтуңуз?

– Спорттон көп нерселерди көрдүм. Эң негизгиси спорттун жардамы менен бекем ден соолук менен досторду таптым. Спортто жүрүп эч нерсе жоготкон жокмун. Болгону өкүнүчтөр бар.

– Эмне өкүнүчтөр?

– Олимпиадалык спорт түрлөрү көбүрөөк баркталат эмеспи. Ошол себептен олимпиадалык спорт менен машыгып, Олимпиадага катышпай калганыма өкүнөм. Кээде ойлонуп, дзюдодон кетпей, дагы аракет кылсам ал спорттон ийгилик жаратмакмын деп ойлоп коём. Кыргыз улуттук спортунда чоң ийгиликтерди багынтсам дагы, Олимпиада мен үчүн чоң кыял бойдон калат.

– Жакында Эл аралык кыргыз күрөш федерациясы түзүлдү. Бул кыргыз күрөшүнө кандай пайда алып келет деп ойлойсуз?

– Бул биздин улуттук күрөшүбүздүн келечеги үчүн чоң кадам болду деп эсептейм. Буюрса, 2019-жылы биринчи ирет кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилиги Кыргыз жергесинде болот. Мындан тышкары Пакистанда дагы кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеш орун алары макулдашылды.

– «Келечекте машыктыруучу болом» деп мурунку берген маегиңизде айттыңыз эле, пландар ишке аша баштадыбы?

– Буюрса, пландарым ишке аша баштады. Учурда Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде бел боо күрөшү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенип келе жатам. Келечекте дзюдо менен да машыктырып, окуучуларымдан чемпиондорду тарбияласам дейм. Спортчу катары Олимпиадага катышпасам дагы, машыктыруучу катары катышам деген ниеттер чоң.

– Кыялыңыз орундалсын.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Shaa-82
2018-10-23 10:14:14
Кыялын орундалсын, тилеген максатына жет! Бубрса олимпиада оюндарында кыргыздын желегин желбиретесинер деген умуттомун.
+2
saint-Petersburg
2018-10-23 10:35:18
Ушул жигиттин курошун коруп мазза кыл.Таза курошот
+1
sportik
2018-10-23 14:30:44
Нурбек байке элдин сыймыгы!!! ДАЛЫ жерге тийбеген спортчуларыбыздын бири. Мен сиз менен сыймыктанам жана абдан жакшы кором!!!!
+1
elhan123
2018-10-23 20:44:48
Бул балбан байкебиздин эмгеги дагы бааланбай жатат да. Чыныгы спортсмен чыныгы патриот. Ийгилик сизге
+1
Mara8492
2018-10-24 00:25:57
Сыймыктанабыз, Алга жердешим!Биз бир айылдан, бир урууданбыз! Вперед Байдобот!!!
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан