“РУСГИДРО” КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮН ЭЛ АРАЛЫК СОТКО БЕРДИ

Орусиянын “Русгидро” ишканасы Кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берди. Компания Кыргыз тараптан 37 миллион доллар өндүрүү үчүн 3 жылдан бери бүтпөй жаткан талашты Гаага сотунда териштирүүнү чечти. Маалыматты “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын директору Азамат Абдыкадыров тастыктады.

37 миллион долларлык карыз кайдан жаралды эле? 2012-жылы Кыргыз-Орусия өкмөттөрү ортосунда Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу үчүн келишим түзүлгөн. 2014-жылы “Русгидро” компаниясы куруу иштерин баштап, көпкө узабай курулуш токтоп калган. 2015-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Орусия ГЭСтерди кура албай турганын, Кыргыз тарап келишимден бир тараптуу чыгарын жарыялаган. Ал кездеги экономика министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, келишимди бузууга Орусиянын койгон талабы себеп болгон. Ага таянсак, Орусия келишимге өзгөртүү киргизүүнү, Кыргыз тарапка жеңилдетилген эмес, коммерциялык кредит алууну сунуштаган. Бирок Кыргыз бийлиги бул өзгөртүү өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келет деп тапкан. 2016-жылдын башында Жогорку Кеңеш келишимди жокко чыгарган. Документке ылайык, келишимден чыгууну демилгелеген тарап долбоорго коротулган акчаны төлөөгө тийиш эле. “Русгидро” курулушка
37 миллион доллар жумшалганын жарыялаган. Бирок 37 миллион доллар конкреттүү эмне иштерге жумшалганын эч бир орган так түшүндүрүп бере албай келе жатат. Анткени ГЭСтер каскады курулат деген жерде мынча суммалык иштер жасалбаганын Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы жарыялаган. Орусия тарап
37 миллион долларды төлөөнү талап кылып келе жатат. Кыргыздын Эсептөө палатасы келишимге ылайык, бул долбоор боюнча аудит жүргүзө албай турганын билдирген. Ал эми көз карандысыз аудит жасалган жок. Ошентип, конкреттүү иш жасалбаган абалда эле өлкө моюнуна ири карызды илип алды. Албетте, карыз ар бир салык төлөөчүнүн эсебинен төлөнөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан