КАЗАКСТАН КЫРГЫЗДЫН ЭТ АЗЫКТАРЫН КИРГИЗҮҮГӨ ЧЕКТӨӨ КОЙДУ

Казакстан Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн эт азыктарын өз аймагына киргизүүгө чектөө койду. Муну коңшу өлкө адаттагыдай “Кыргыз өлкөсүнүн аймагында үй жандыктары арасында коркунучтуу оорулар тарап жатканы үчүн” деп түшүндүрдү. Өлкөнүн 5 ишканасынын азыктары 5 күндөн бери Казакстанга киргизилбей жатат. Кыргыздын Чек ара ветеринардык-санитардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Ырсалиев Казакстан эскертпей туруп негизсиз чектөө киргизди дейт. Бул чектөө Казакстандын Кыргызга жооп катары аракетиби деген суроо жаралат. 8-октябрда “Алматыда канаттуулар фабрикасында куш тумоосу жайыла баштады” деген маалыматтан улам Кыргыз өлкөсү Казакстандан тоок этин алып кирүүгө чектөө киргизген. Казакстандын Айыл чарба министрлиги бул чектөөнү “мыйзамсыз” деп чыккан. Бирок бир күндөн кийин эле Кыргыз тарап “Алматыда эпизоотикалык абал туруктуу экени далилденди” деп киргизген чектөөсүн алып таштады. Ал эми Казакстандын чектөөсү качан алынары азырынча белгисиз. Бул коңшу өлкө Кыргыз товарын чек арадан өткөрүүгө тыюу салган биринчи окуя эмес. Эскерте кетсек, мындан туура 1 жыл мурун ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин Казак бийлигине айткан ачуу сындарынан кийин Казакстан чек арадан жүктөрдү өткөрүүгө жөнү жок чектөө коюп, андан өлкөнүн жүздөгөн ишкерлери ири зыян тарткан.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан