САПАР ИСАКОВДУН КАЙНАТАСЫНЫН ҮЙ-МҮЛКҮ ТЕКШЕРИЛЕБИ?

Бишкек шаардык соту экс-премьер Сапар Исаковдун жакындарынын мүлкүн текшерүүгө уруксат берген Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Исаковдун адвокаты Замир Жоошев “сот Исаковдун жакындарынын үй-мүлкү тууралуу далилдерди көрүп туруп мурдагы чечимди күчүндө калтырып койду” дейт. “Тергөөчүлөр “Сапар Исаковдун жакындарынын мүлкү кирешесине туура келбейт, мүлктөрдү баалашыбыз керек” деген кайрылуусунан улам Биринчи Май райондук соту Исаковдун жакындарынын мүлкүн текшерүүгө уруксат берген. Шаардык сотто биз Исаковдун кайнатасы мурда эмне иш кылганын, үйлөрдү өз мээнети менен сатып алганы тууралуу далилдерди бердик. Бирок шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып койду”,- дейт Жоошев. Буга чейин Исаковдун дагы бир адвокаты Нурбек Токтакунов “УКМК Исаковдун ишинен илинчек таппай, анын кайнатасынын мүлкүн текшермей болду” деп чыккан. Ал эми УКМКнын маалымат кызматы Токтакуновдун айтканын төгүнгө чыгарып, Исаковдун жакындарынын мүлкүн кароодон өткөрүү боюнча УКМКда эч кандай маселе көтөрүлбөгөнүн маалымдаган эле. Шаардык соттун чечими адвокаттардын айтканы чын экенин көрсөттү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан