Ушул жылы апрелде Башкы прокуратуранын Прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК кабарлаган. Кылмышка шектүү тергөө бүткүчө камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси – пара талап кылуу боюнча кылмыш иши ачылып, тергөөнү УКМК жүргүздү. 2016-жылы 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган Башкы прокуратуранын кызматкери Кылычбек Арпачиев 14 жылга эркинен ажыратылган. Мыйзам баарына бирдей иштесе, анда Чалбаевдин жазасы да Арпачиевдикинен жеңил болбошу күтүлөт.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg