Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочулары ЖОЛ КИРЕНИ КӨТӨРҮҮНҮ талап кылышууда. Мэрия азырынча макул эмес.
"27 абитуриентти окууга мыйзамсыз киргизген" деп айыпталган Жогорку Кеңештин экс-депутаты КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВди Бишкектин Биринчи Май райондук соту актады.
Өлкөдө КОЙ-ЭЧКИЛЕР 2019-жылы идентификациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Жакындары мыйзамсыз соттолуп кеткенин айткан Бишкектин жарандары Ак үйдүн алдына МИТИНГГЕ ЧЫГЫП, президенттен өлкөдөгү баш аламандыкты токтотууну талап кылышты.
Ушул жылдын 9 айында салыктын эсебинен мамлекеттик казынага 57 МИЛЛИАРД 479 миллион сом түшкөнү расмий маалымдалды.
Кыргызстанда жалпы 19 УЧАК бар, анын 17си жеке авиакомпанияларга таандык. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди.
Жыл башынан бери өлкөдө 10 ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫ катталганын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
Өлкө боюнча 203 СОТ АТКАРУУЧУ бар. Бул тууралуу Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов билдирди.
Парламент депутаты ИРИНА КАРАМУШКИНА КСДПнын Бишкек шаары боюнча координатору болуп шайланды. Мындай чечим партиянын шаардык конференциясында кабыл алынды.
Бишкек-Ош трассасында айдоочу оор жүк ташуучу унаа менен 15 ЖЫЛКЫНЫ СҮЗҮП өлтүрдү.
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө 18-октябрдан тарта ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛЕ баштады.
Парламент депутаты ААЛЫ КАРАШЕВ "азыркы өкмөттүн иштеп жатканына 6 айдан ашты, ишкерликти колдоо боюнча көзгө көрүнөрлүк иши жок" дейт.
"Манас" аэропорту 9 айда 2 МИЛЛИОН 667 МИҢ 862 жүргүнчүнү тейлегени маалымдалды.
Депутат ДАСТАН БЕКЕШЕВ "Кыргыз соттору чечкинсиз, анткени УКМК менен Башкы прокуратурадан коркушат" деген пикирин билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.