АКТЁР НУРСУЛТАН КУРСАНАЛИ УУЛУ ҮЙЛӨНДҮ

Жарайт City", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу эми бойдок эмес. Тактап айтканда, ал Диана аттуу сүйүктүүсүнө баш кошту. Кыз узатуу тою 15-октябрда Казакстандын Талгар шаарында, үлпөт той 17-октябрда Бишкек шаарында болуп өттү. Куттуктап байланышканыбызда той тууралуу актёр төмөндөгүлөрдү айтып берди:

– Диана өзү ордолуу Оштун кызы. Ал алтыга чыкканда ата-энеси Казакстандын Талгар шаарына көчүп, ошол жерде отурукташып калышыптыр. Диана мектепти аяктагандан кийин Кыргызстанга келип, Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган.

Талгар шаарында өткөн кыз узатуу тоюна ата-энем, туугандарым жана "Жарайт City", "Эл эмне дейт?" долбоорунун жигиттери барышты. Үлпөт тоюбузду 17-октябрда борбор калаадагы тойканалардын биринде өткөрдүк. Казакстандык юморист досторубуз да куттуктап келишти. Өкүл атабыз продюсер Асхат Табалдиев "каалаган жериңерге саякаттап келгиле" деп жолдомо берди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kakukani
2018-10-23 10:03:54
Аллахым эки дуйно бактылуулук берсин!
+3
vikidiki
2018-10-24 10:08:51
Окул атасынын белеги жакшы экен. Таланттуу бала, бактылуу болгула!
+1
mawa.32
2018-10-28 23:05:10
Бактылуу болушсун...
+1
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан