Кудайберди Айтбосунов, ырчы: “ТОЙЛОРДО БЕКЕР ЫРДАГАН КҮНДӨР БОЛОТ”

Жаш ырчы Кудайберди Айтбосунов шоу-бизнес чөйрөсүнө жаңы гана аралашканына карабастан, интернетте анын клиптери миллиондон ашуун кароого ээ болуп, угармандардын алкоосуна татып келет. Эмесе, сөз болуп жаткан жаш ырчынын чыгармачылыгы менен жакындан таанышалы.

Туулган жылы – 1994-жыл, 23-март

Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району

Бою – 178 сантиметр

Салмагы – 77 килограмм

Билими – Орто

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Хоббиси – Спорт менен машыгуу, машина айдоо

Репертуарындагы ырлары – “Таптым”, “Лейли”, "Кыргызстан”, “Сага” жана башка

– Чыгармачылыкка аралашканыңызга 6 жылдын жүзү болуптур...

– Негизи мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдан виолончель менен пианино боюнча сабак алдым. Кийинчерээк гана ырдаганга кызыгуум арта баштады. Чыгармачылыкка жеңди түрө аралашканыма быйыл 3 жыл болду. Бир ирет дос балдар болуп отурганбыз, ошол жерден Лутфилла Бусурманкул уулу менен жолугуп, таанышып калдым. “Сенин жакшы ырларың бар экен, жардам берейин, чогуу иштешели” деп кол сунду. Ошондон бери ал мага продюсерлик кылып келет. Чыгармачылыгымда жалпы 17 ыр жаздырдым. Жакында “Түгөйүм” аттуу жаңы ырым чыкканы жатат.

– “Эч ким менен атаандашпайм” деген экенсиз, бирок “атаандаштык адамды өстүрөт” дешет...

– Ал сөздү бирөөлөргө көрө албастык кылып атаандашпайм деген ойдо айткам. Атаандаштык бүт жерде болот, жадакалса достор арасында да бар. Атаандашуу болбосо чыгармачылыгың аксап калса керек. Ошондуктан бул нерсе болуп турушу керек.

– Чыгармачыл адамдардын киреше алып келчү булактарынын бири той эмеспи, тойлорго чакыруулар болобу?

– Ооба, тойлорго чыгып турабыз. Бекер барган күндөр деле болот. Тууганың бар, тууганыңдын тууганы бар дегендей. Негизи "ставкам" 200 доллар. Мурун тойлорго барганда ырчылар менен сүрөткө түшүп жатышса, “мени менен деле түшүшсө” деп кадимкидей кыялданчумун.

– "Чыгармачылыкка жаңы аралашкан ырчылар тойлорго чакыруусуз барып калышат" деген сөздөрдү кулагым чалды эле...

– Сизде ушундай учурлар болду беле деген суроо го, ээ (күлүп)? Жок, болгон эмес. Болсо шеф атууга кетирет го. Бирок чынын айтсам, башында мындай ой менде да болгон. Ошондо продюсерим “Эгерде андай кыла турган болсоң кадыр-баркың түшөт. Мынча сомго ырдап жатыптыр деген сөздөрдү айтышат” деп тыйып койгон.

– “Ырларымдын тексттерине көңүл бурам” деп айтыпсыз. Сиздин оюңузча, сиздин ырларыңыз маанилүүбү?

– Негизи ырлардын тексти жеңил болсо, элге да жеңил өтөт экен. Себеби текст абдан татаал болсо, кыйыныраак болуп калат. Менин оюмча, ырлардын сөздөрү жеңил жана маанилүү болушу керек. Чача-пача эмес.

– Унутулуп калат деген коркунуч жокпу?

– Жо-ок. Унутулуп калбайт болуш керек. Себеби ырларымдын аркасынан мени таанышат да.

– “Ай, бала, качан үйлөнөсүң?” деген сөздөр сиздин дарегиңизге да айтылып жатса керек?

– Баары өз учуру менен. Азырынча жашмын, иштеш керек. Мага ыймандуу, жөнөкөй кыздар жагат. Албетте, сулуулугуна да карайсың. “Мен сулуулугуна карабайм” дегендер калп айтышат, баары эле карайт болуш керек. Эң башкысы ата-энемди сыйласа экен дейм.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
adiaza
2018-10-23 12:25:20
Сахнада 6 жыл журом дейт го тааныбайт экем бул ырчыны, сапааты жок ырчылар кобойду го
+4
sumaika
2018-10-23 13:18:21
Ушундайларды коруп,мен да ырчы болсомбу деген ой келет)))
+3
Aitun
2018-10-23 13:47:37
Момквадан жадагандын баары эле барып ырчы болуп алышат. Бирде бироосу айты элего 5мин $ берсен сен жонокой адам болуп уктап жылдыз болуп ойгоносун деп.
+7
Nurkyz1977
2018-10-23 23:01:15
200$ ким ырдатат муну ордогу канатсыз учуп кеткенго, мындан кыйын ырчылар 5000сомго эле ырдап журушот. Коруп, билип,кубо болуп журобуз,кичине эптуурок болсонор. Корбойт деп ууру кылба,укпайт деп ушак айтпа дейт,мээне жакшылап туйуп ал азыр сага 200$ эмес 2000сом берсе суйун.
+1
dina
2018-10-23 23:42:48
Nurkyz1977, озунчо кыялданып ставка коюп алгандын. Мумкун атактуу болуп кетемби деп))
0
dina
2018-10-23 23:48:37
Тойлорго чакыруусуз барып калгандар бар экен. Той берсек бутоюн деп калганда аз-маз таанылып келаткан ырчы кыз продюссери менен келип, чакырган эмеспиз десек болбой мин сомго ырдап кетти. Бир чети журогун ооруйт, Оз баркын кетирбейле койбойбу деп бир жинин келет экен.
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан