ӨКҮЛ БАЛДАРГА БАЙ АТАКТУУЛАР

Кыргыздын каада-салты заман талабына ылайыкталып, түпкү максатынан кыйла алыстап кеткенин көрүп жүрөбүз. “Жар-жар” ырын мурда турмуштан өз ордун тапкан, бала-чакалуу келиндер, жеңелер ырдаса, азыр бойдогу деле, башкасы деле айтып калды. Ошол сыңары илгери эки жашка туура багыт көрсөтөт деп салтты билген, наркты билген, турмуштук тажрыйбасы бар үлгүлүү жубайларды өкүл ата-апа кылып шайласа, азыр атагына, чөнтөгүнө карап калгандары жаңылык эмес. Бул тууралуу атактуулар эмне дешет? Кеп ошол тууралуу болсун.

Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин депутаты: “ЖЕТИ ОБЛУСТАН ТЕҢ ӨКҮЛ БАЛАМ БАР”

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун өкүл балдары 20дан ашса да, ар жолку “балалуу” болгондо толкунданарын айтат:

– Биз үйлөнгөнүбүзгө 7-8 жыл болгондо биринчи ирет өкүл балалуу болгонбуз. Ошондо чоң жоопкерчиликти алып жатканыбызга бир чети кубанып, толкунданганыбыз дагы деле көз алдымда. Азыр балдарымдын саны 20дан ашты. Кыргызстандын 7 облусунан тең бар. Алардын дээрлик баары жубайым экөөбүздү өкүл ата, өкүл апа кылып мен депутат болгонго чейин тандашкан. Канчалык балдарым көп болсо деле, жаңы өкүл ата болуп шайланган сайын толкундана берем.

Өкүл ата шайлоодо анын мансабына же башка себебине карап тандаган туура эмес деп эсептейм. Жеке өзүм боюнча айтсам, балдарым мени адам катары сыйлап-урматтаганы үчүн коюшат. Анткени ушул кезге чейин менден жумуш орун сураган да, жардам күтүшкөн да жок. Мен эл өкүлү болгондон кийин кээде тойлорго барганга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошол себептүү айрымдарынан кечирим сурап баш тартууга туура келген.

Балдарымдын алды менден ашып 4-5 балалуу болуп калышты. Неберелеримдин саны 50дөн ашты. Азыркыга чейин баарын бир учурда чогултуу мүмкүнчүлүгү боло элек. Бирок качан жолукпайлы, "бир туугандай катышып тургула" деп кеңештеримди айтып турам.

Кенже Дүйшеева, ырчы: “ТААНЫГАНЫ ДЕЛЕ, ТААНЫБАГАНЫ ДЕЛЕ СУРАНА БЕРИШЕТ”

Кенже Дүйшеева “өкүл апа болуп бериңиз” деп сурангандар арбын экендигин айтат. Бирок шарты келбей, көпчүлүгүнөн баш тартууга туура келиптир:

– Биздин 5 өкүл балабыз бар. Акыркысы “Жебе” тобунун ырчысы Минур болду. Балдарыбыздын көпчүлүгү чыгармачыл чөйрөдөн экен. Баары менен тыгыз байланыштабыз. Тааныганы деле, тааныбаганы деле “өкүл апа болуп бериңиз” деп көп суранышат. Учурда үй куруу иштери менен алек болуп жүрөбүз. Андыктан көп учурда баш тартууга туура келүүдө. Минур өзүмдүн “балам” болгондуктан жок дей алган жокпуз. Эң кызыгы, Минурга өкүл апа экенимди мен акыркылардан болуп билдим. Көрсө, жездеси экөө макулдашып, чечишип коюшуптур. Тойго жакын калганда WhatsApp`тан аудио жөнөтүптүр, “Сизге чалгандан уялып жатам, бизге өкүл апа болуп бериңиз. Сизге айтпай, жездем менен макулдашып койдук эле” деп. Аябай күлдүм. Муну мен мага болгон сый-урмат деп түшүнөм.

Абдылда Иманкулов, куудул: “ӨКҮЛ АТАЛЫККА МЕНИ АТА-ЭНЕЛЕРИ ТАНДАШАТ”

Куудул Абдылда Иманкулов өкүл ата темасына өзгөчө олуттуу карайт. Балдары менен сырдашпаса да, каадасын кылып, жоопкерчиликтүү мамиле кылам дейт:

– Өкүл ата-бала темасына олуттуу караш керек. Өкүл ата болуп дайындалган соң анын милдети, жоопкерчилиги деген бар. Кээ бири жашына деле карабай өзүнөн кичүүсүн коюп алышат. Кээ бирлери үйлөнө элек жатып токолуна дайындап алышат, анын алар-албасы да белгисиз. Андайда “мен болбойм” деп айта албайсың, бирок көрүп турасың туруктуу үй-бүлө болчудай эмес экенин. Ошондуктан бул нерсени оюн көрбөш керек.

Менин 4-5 өкүл балам бар. Алардын жаштары канчада экенин билбейм, алды 40 жашка барып калган. Ар кимиси ар тармакта иштеген карапайым үй-бүлөлөр. Мени өкүл аталыкка жалаң эле балдарымдын ата-энеси сунушташкан. Балдар-кыздарыбыз менен жакшылык-жамандыкта катышып турабыз. Бирок, чынын айтайын, ар бири менен сырдашып, арыз-муңун уккан эмесмин. Алар өздөрү деле айтышпайт. Балким, апасы менен сырдашып жатышкандыр. Кээде өкүл кыз-балдарым эмес, өзүмдүн балдарымды да унутуп калам (күлүп).

Камчы Сарыбаев, актёр: “БАЛДАРЫМ БОЛДУЧУ, АТА, БАШКА АЛБАЙ ЭЛЕ КОЙЧУ ДЕШЕТ”

Камчы Сарыбаевдин өзүнүкүнөн тышкары 14 баласы бар экенин билет белеңиздер? “Бир нерсе баштаар алдында балдарым менен сөзсүз кеңешем” деген Камчы мырза абдан камкор ата:

– Жалпысынан 14 өкүл балам, 15 неберем бар. Анын сегизи Кыргызстанда, калганы чет жактарда окуп-иштешет. Ар кимиси ар кайсы кесиптин ээлери. Чыгармачылдары Эркин (ред.: Эгембердиев), Анвар (ред.: Осмоналиев), Аксай (ред.: Мукамбет уулу). Эркин менен жубайы Диананы мен тааныштырып, үйлөнүшүнө себепчи болгондугумдан аларга "өкүл ата болом" деп өзүм айткам. Калганы жубайым Эльвира аркылуу да бизди табышкан. Кыздарыбыздын көбү дарыгерлер, педиатр, гинекологу да бар. Азыр балдарым “Болдучу, ата, кичүүлөрүбүздүн аттарын унутуп, өзүбүз да адашып калдык. Албай эле койчу башка” дешет. Балдарым менен ай сайын кезигип, боор батырышып сүйлөшүп отурабыз. Биринчи айда кыздар манты жасашса, кийинки айда эркектер барбекю менен сыйлайбыз. Бул салтыбыз 7 жылдан бери уланып келатат. Апаларыбыз айтып коюшчу эле го, кимиси ооруса ошол жүрөгүңө жакын болот деп. Ошол кеп чын экен. Балдарымдын алсыз болуп калгандарына жан тартып калам.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
asil-08
2018-10-23 14:21:28
Камчы сонун өкүл ата экен.Азаматсыз.
+12
fanatka19
2018-10-23 14:51:03
Окул ата апаны жаштар уйлонгондон кийин ата жнеси улгулуу уй булоодон коюп берет. А азыр мансабына, акчасына карап койо беришет айрыкча уйлоно электе эле бироону окул ата деп алышат. же бойдок бироону окул ата койуп алышат. кыргызда жч качан бойдоктор окул ата апа болгон эмес.
+2
vikidiki
2018-10-23 17:50:18
Мен бироону билем, улам окул атасын барган сайын кучтууроогуно алмаштырат (байлыгы, статусу боюнча). Эми таанымал эле адам. Уят ай дейин десен. Тили буудай куурат.Негизи туура эмес го. Озу жооп берээр эми.
+2
tmttmt
2018-10-24 14:29:28
Камчы Сарыбаев жакты баракелде ынтымакта болуңуздар дайыма
+5
Alia82
2018-10-29 10:42:15
Камчы Сарыбаев улгулуу окул ата экен, азамат!
0
chynara-str3
2018-10-29 15:31:46
Илгери окул ата, энени кыз жаны булого келгенде ошол булого конуп кетиши учун кеп кенеш сурап, билбегенин уйронуп, жакын туткудай кишиси болсун деп баланын туугандарынан коюшкан экен. Азыр окул ата, эне деген аты эле болбосо,, сурап деле коюшпайт кобу.
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан