Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылына №18-автобус барат. Автобуска “Ош базары” тараптагы аялдамадан түшөйүн деп күтүп калдым. Эң аз дегенде бир саат күттүм окшойт. Алыстан карааны көрүнгөндө аялдамадагылардын жарымы эле ошол автобуска жөнөштү. Мен да шашыла аларга кошулдум. Жүргүнчүлөр түшө турган эки эшигинен батпай калып, айдоочу тараптан кирдим батканыма сыймыктана. Киргендеги абалды ошол автобустун туруктуу жүргүнчүлөрү түшүнсө керек. Консервадагы балыктар да анча кыналып тизилбейт. Жетер жериме жеткиче тыгындан эч жерим сынбаса экен деп эле Кудайлап бардым. Эмнеге ушунча көп жүргүнчүнүн суроо-талабы бар каттамда автобустар аз? Негизи эле калкты тейлөө үчүн шаарга канча автобус керек? Суроолорубузга жооп издеп көрдүк.
БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ АВТОБУСТАРДЫН БААРЫ КЫТАЙДАН АЛЫНГАН
Бишкек шаарындагы автобустар тууралуу сөз кылганда 2008-2010-жылдары шаар башчылык кызматында турган Нариман Түлеев эске келет. Нариман Түлеевдин убагында Кытайдан 455 даана автобус келген, анын жарымы гранттык негизде, жарымы болсо ар бири 31 миң доллардан (2008-жылдагы доллардын курсу (орточо 38 сом) менен бир автобус 1 миллион 178 миң сом) алынган. 2012-жылы Түлеевге карата кылмыш иши козголуп, андагы жүйөлөрдүн бири катары ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган убакта Кытайдан сатып алынган автобус ашыкча чыгым сарптоо менен сатып алынып, мамлекетке зыян келтирген деп айыпталган.
Ошол бойдон 2016-жылы гана Бишкекке 10 автобус келген. Аны да Кытайдын Үрүмчү шаарынын бийлиги Бишкекке белекке берген.
1 ДААНАСЫ 145 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК 350 АВТОБУС АЛЫНМАК...
2017-жылдын 22-декабрында Бишкек шаардык мэриясы Бишкек шаардык кеңешине муниципалдык баалуу кагаздарды (облигация) сатыкка чыгарып, андан түшкөн 3,5 миллиард сомду автобус алууга сарптайбыз деген сунушту камтыган токтомдун долбоорун сунуштаган. Баалуу кагаздарды “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду сатып алууга даяр болгон. Бул сатып алууну ишке ашырыш үчүн орусиялык “Газпромбанк” “Газпром Кыргызстанга” 12 пайыз үстөк менен 5 жылга насыя берүүгө макулдугун билдирген. Ошол кезде алына турган ар бир автобустун баасы 10 миллион сом деп айтылган (1 доллардын курсу болжолдуу 69 сом деп эсептегенибизде 1 автобустун баасы 145 миң долларга жакын). 3,5 миллиард сомго 350 автобус келмек. Бул токтом ошол кездеги өкмөт башчы жана шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк тарабынан колдоо таап, Орусиянын “Газпромбанкы” менен биргеликте автобустарды сатып алуу тууралуу токтом кабыл алынган. Бирок мэрия шаардын бюджети бул насыяны көтөрө албасын айтып, кайрадан шаардык кеңешке кайрылып, токтомду жокко чыгарууну сураган.
Эми болсо Бишкек шаардык мэриясы 2018-жылдын аягына чейин газ менен жүрүүчү 50-60 чакты автобус сатып алууну пландап жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, шаардык мамлекеттик автопаркты жаңылоого бюджеттен 382 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Жакынкы күндөрдө автобустарды сатып алууга тендер жарыяланат. Ар бир автобустун болжолдуу баасы 110-140 миң доллардан болушу мүмкүн.
“САПАТТУУ АВТОБУС 20 ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЫЗМАТ КЫЛАТ”
20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар айдоочу Мукамбет Каримкулов Кыргызстанга сапатсыз автобустар алынганы үчүн бат жарактан чыгат деп эсептейт:
– Мен Орусиянын Москва шаарында бир нече жыл жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун айдоочусу болуп иштеп келгем. Ал жакта Орусиядан жана Германиядан чыгарылган 20дан ашык жүргүнчү ташуучу автобустардын иштөө мөөнөтү 7-10 жыл деп берилет. Бул жылдар аралыгында автобус такыр жарактан чыгып калбайт. Иштөө мөөнөтү бүттү дегенден кийин ал автобусту кыска аралыкка туристтерди ташууга же башка маданий иш-чараларга колдоно башташат. Ошондо бир автобус 20 жылга чейин деле кызмат кылып коёт. Албетте, арзанына карап Кытайдан чыккан автобустарды алса бат эле бузулуп калат. Бул жерде алып сатарлардын “бизнеси” да ишке аралашып, ортодо чоң акча роль ойноп коёт.
“БУЗУЛГАН УНААНЫ КАНЧАЛЫК ОҢДОБО, ЭРТЕСИ КАЙРА БАШКА ТЕТИГИ БУЗУЛА БЕРЕТ”
Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыкановго кайрылып, Бишкек шаарындагы автобустар тууралуу маалымат алдык.
– Нурлан мырза, айтсаңыз, Бишкек шаарында учурда канча автобус каттамда жүрөт да, канча автобус жараксыз абалда турат?
– Бишкек шаарына 2008-2010-жылдар аралыгында келген автобустардын бардыгы Кытайдан келген. Алардын ичинен учурда 192 автобус эсептен чыгарылган, башкача айтканда, жараксыз абалда турат.
– Автобустардын иштөө мөөнөтү канча? Улам жаңы автобус сатып алууга көп акча короткуча, бузулган автобустарды оңдоп турса болбойбу?
– Бизге алынып келген кытай автобустарынын эксплуатациялык мөөнөтү 7-8 жыл. Эсептен чыгарылган автобустар 2008-жылы ишке берилген, эми жарактан чыгып отурат. Эсептен чыгарылганга чейин да оңдоп-түзөөдөн өтүп турат да. Бир бузулган унааны канчалык оңдобо, эртеси кайра башка тетиги бузула берет. Андай болбой эле койсун, бирок иштөө мөөнөтү өтүп кеткен унаа кырсыкка кабылса, кайрадан эле биз коомчулуктун сынына кабылабыз “Эмнеге иштөө мөөнөтү өтүп кеткен унааны колдоносуңар?!” деп.
“БИШКЕК ШААРЫНА ДАГЫ 800ДӨЙ АВТОБУС КЕРЕК”
“Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы" муниципалдык мекемесинин Эксплуатация бөлүмүнүн башчысы Сатыбалды Хакимов бизди автопаркта токтоп турган автобустардын абалы менен тааныштырып өттү.
– Бишкек шаары боюнча күнүгө каттамга 105-110 автобус чыгат, 168и болсо оңдоп-түзөөдө турат. Ал эми Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн дагы 800дөй автобус керек. Эсептен чыгарылган автобустарды сатуу үчүн кайрадан тендер жарыяланат. Андан уткан компания автобустарды металлоломго өткөрөбү, эмне кылат, өздөрү билет. Андан түшкөн каражат мэриянын бюджетине кетет.
"Бишкектеги жол кырсыктарын, жол тыгындарын азайтуу үчүн маршруттук кичи автобустарды каттамдан чыгарабыз" деп дайыма айтып келишет. Автобустарынын 110у гана иштеп жатса, дагы 800 автобус качан алынат, кайсы акчага алынат? Автобус жаатындагы абал бул болсо, шаарды кичи автобустардан тазалоо жакынкы күндөрү ишке ашпай тургандай көрүнөт.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg