(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн саныбызда)
ЖЫНЫСТЫК ЖАГЫНАН ШАЛ ЭРКЕКТЕР
Кээде презарватив колдонсо да жакшы. Бул жыныстык катнашты узагыраак созууга мүмкүндүк берет. Секс ыкмаларын да билгичтик менен колдонуу керек. Мисалы, эркек чалкасынан жатып, денесин бош коёт. Аял анын үстүнө отуруп, эркектин “алигисин” жан жерине акырын киргизип, түрдүүчө ыйкап, каалаганча жасайт. Бул ыкма аялды секс рахаты менен дене кумарына бат кандырат. Эркектин бел суусунун түшүшү узакка созулат. Кээ бир эркектер бел суусу түшүп рахатка батканына карабастан, канчалык кыйын болсо да ыйкоосун токтотпойт. Колдору, тили, эриндери менен аялды дене кумарына кангыча дүүлүктүрө берет.
Америкалык доктор В.Штеоксель “Кандай гана сүйүү болбосун, анын пайдубалы секске барып такалат. Сүйүү эки адамдын дене кумары менен бүтөт” деп баса белгилеп айткан.
Доктор Ж.Келл “Сен аялыңды “аспабың” менен рахатка батыра албадың. Башкача айтканда, оргазмга жеткире албадың дейли. Аялың ооруп, жинди болуп, жиндиканага түшүп калбоосу үчүн “аспабыңдан” тышкары сенин колуң, оозуң, тилиң бар го. Колуң менен клиторун, оозуң менен эмчегин же башка эрогендик чекиттерин эпчилдик менен дүүлүктүрүп, денесин балкытып, жыныстык рахатка батырып салбайсыңбы?!” дейт.
Чынында жубайлар төшөктө бири-биринен эч уялбоосу зарыл. Кандай гана секс ыкмалары болбосун, экөөнө тең жыргал сезимин тартууласа, эч уялбастан колдоно берүү кажет. Антпесе жубайлар ортосундагы шайкештик болбой, өмүрлөрү кунарсыз өтүп же ажырашууга алып келет.
Эгер эркек жыныстык катнашта аялды дене кумарына кандыра албаса, анда аялдын көңүлү калып, төшөккө болгон эңсөөсү жоголуп, сексуалдык жөндөмү төмөндөйт.
Сексопатологдордун айтымында, мындай аялдардын нерви бузулуп, уйкусу качып, тез чарчап, урушчаак болуп калат.
Жыныс органдарында кан уюп, сезгенүүгө алып келет. Аялдын жатыны чоңоюп, жыныс кынынын ичи, жан жеринин чоң жана кичине эриндери шишип кетет. Бел көчүгү уюп ооруйт. Эгер аял эркекке канса, мунун баары таркап кетет. Аял мастурбациялык жол менен деле өзүн кандырып алса, денеси бошой түшүп, жаны жай алып калат. Демек, жубайлар төшөктө бири-биринен такыр уялышы кажет эмес. Уялган же бирин-бири эркелетүүнү билбеген жубайлар жыныстык катнашты жек көрүшөт. Сүйүү жана дене кумарына канбагандар көпчүлүк убакта ооруп, дүйнөдөн арманда өтүп кетишет.
Жыныстык жагынан тез муздаган эркектерге кеңеш
Аялдарды дене кумарына толук кандыруу үчүн америкалык сексопатолог Жеймс Симансон тез муздаган эркектерге төмөндөгүдөй машыгууларды иштеп чыккан:
1-тепкич. Эркек жайма-жай отуруп алып, өзүнүн “аспабын” ушалап, катуу чыңалганга чейин козгойт. Бел суусунун түшөрүнө жакын калганда ушалоону токтотуп, эс алат.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Астра Айдарова
erotika@super.kg