АШКАБАКТАН ТҮРЛӨП ДААМ ЖАСАҢЫЗ

Ашкабак – табияттын сыйкырдуу жашылчасы. Бул жашылчаны тибет элдик медицинасында боорду, бөйрөктү, гастритти, ашказан жарасын айыктырууда колдонуп келишкен. Сиз да ашкабактан түрлөп даамдарды жасап, ден соолугуңузду чыңдап, менюңузду байытыңыз.

АШКАБАК САМСАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Каттама камыр – 400-500 грамм

Ашкабак – 500 грамм

Пияз – 2 баш

Өсүмдүк майы – 5 аш кашык

Жумуртка – 1 даана

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабакты ичиндеги уругунан тазалап, кабыгын аарчып, сүргүчтөн өткөрүп же майда туурайбыз.

2. Пиязды аарчып, ичке туурап, өсүмдүк майына 5 мүнөттөй кууруп алабыз.

3. Куурулган пиязды ашкабактын үстүнө салып, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

4. Каттама камырды 50-60 граммдан бөлүп алып, тоголоктоп, ар бирин 2-3 миллиметр калыңдыкта тегерек формада жаябыз. Камырдын ортосуна 2 аш кашыктан туурамжы салып, шар формасындай кылып түйөбүз. Камырды ашкабактын формасына окшоштуруу үчүн чыгырык жипти камырды айланта ороп, бөлүктөргө бөлөбүз. Камырдын түйүлгөн жагы асты жагында калышы шарт.

5. Самсанын эң үстүнө жыпар мончоктон (гвоздика) саябыз. Бул “ашкабак” самсанын сабагы. Эми самсанын бетине жумуртканын сарысынан сүртүп, 220 градуста иштеп турган электр мешине кызартып бышырып алабыз.

МАФФИН

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 750 грамм

Сүт – 400 миллилитр

Жумуртка – 3 даана

Ун – 250 грамм

Кумшекер – 50 грамм

Каймак май – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабактын кабыгын аарчып, чакан бөлүктөргө бөлүп, манты касканга салып бууга бышырып алабыз.

2. Бышкан ашкабакты эзип, сүт, кумшекер, жумуртка, каймак майды, унду салып жакшылап аралаштырабыз.

3. Кекс бышыруучу калыпты бир аз майлап, тең жарымына чейин аралашмадан куюп, 180 градуста иштеп жаткан электр мешинде кызартып бышырып алабыз. Маффиндер муздаган соң бетине кумшекер упасынан себелеп, дасторконго койсок болот.

КУЙМАК

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 500 грамм

Банан – 1 даана

Кумшекер – 2 аш кашык

Көбүрткүч (разрыхлитель) – 1 чай кашык

Ун – 200-250 грамм

Өсүмдүк майы – 200 миллилитр

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабактын кабыгын аарчып, үстүнө 1 стакан суу куюп, жай отто эзилип бышканча кайнатып алабыз.

2. Бышкан ашкабакка бананды туурап кошобуз да, эзебиз. Татымына жараша туз, мурч кошулат. Эми буга ун менен көбүрткүчтү аралаштырып салып, өтө суюк эмес, өтө коюу эмес ботко даярдайбыз.

3. Көмөч казанга майдан куюп, боткодон 1 аш кашыктан салып, эки тарабын тең кызартып бышырып алабыз.

АШКАБАК НАНЫ

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 250 грамм

Ун – 500 грамм

Ачыткы – 1 чай кашык

Суу – 3 аш кашык

Майонез – 80 грамм

Кумшекер – 2 аш кашык

Жумуртка – 1 даана

Сүт – 1 аш кашык

Туз – 1,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабактын кабыгын аарчып, үстүнө 1 стакан суу куюп, жай отто эзилип бышканча кайнатабыз.

2. Ачыткы менен бир аз кумшекерди аралаштырып, үстүнө 3 аш кашык жылуу суу куюп, 10-15 мүнөткө тыныктырып коёбуз.

3. Бышкан ашкабакты эзип, ага майонез, туз, кумшекер, ачыткыны кошуп аралаштырабыз да, үстүнө унду салып камыр жууруйбуз. Камырды жылуу ороп, ачытып алабыз.

4. Ачыган камырдан кадимкидей нан жасап, бетине жумуртканын сарысы менен сүттүн аралашмасынан сүйкөп, электр мешинде кызартып бышырып алабыз. Ашкабак кошулган нан таттуу жана жумшак болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Shaa-82
2018-10-23 10:46:58
Сонунго бышырып корушум керек экен.
0
deva
2018-10-23 11:37:53
Ашкабак самса жегим келип жатат)) Наны сонун болот да былкылдап
0
Pandora
2018-10-23 14:57:09
Аш кабакты обожаюго ))) Чокко бышкандан баардык турун жактырамын,нанын жасап коруш керек экен.
0
Tank
2018-10-23 15:01:02
Зору
0
Razzak.kg
2018-10-27 13:03:29
Менде суроттору ачпай жатат админ
0
momun74
2018-10-27 14:53:52
Скуга бышырып Кадимки котлетке да сухаринин оордуна кошом сочный болот
0
jashoonu-suiup-jashagyn
2018-11-30 17:54:09
Тандырга жапкан нанга дагы ашкабак кошуп жабат элем нан катыбайт жумшак болуп даамы да сонун болот
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан