Ар бир адамдын башынан өткөн күлкүлүү, эстен кеткис "жиндилик" кылган жоруктары болот эмеспи. Бул ирет атактуулар кандай "жиндиликтерди" жасашкандыгы тууралуу кеп кылмакчыбыз. Назира Жетигенова, куудул, телеалпаруучу: “ТОЙГО БАРЫП ОВЧАРКАЛАР МЕНЕН АЛЫШКАМ”
– Бир жолу тойго тамада болуп бардым. “Кеңеш” тобу ырдаганы келиптир. “Канча ыр ырдалат?” десем, "7-8 ыр" дешкенинен, “ырдашса, андан кийин тыныгуу болсо, кийимимди алмаштырганга жетишет экенмин” деп бир бөлмөгө кирип, кийимимди алмаштырып эле эшикти тартсам ачылбайт. “Жардамга!” деп чакырсам, музыкадан эч ким укпайт. Чыгуунун амалын ойлоп, бөлмөнүн терезесин түртсөм ачылып кетти. Эптеп ашып түшсөм эле бет маңдайымда килейген овчаркалар турат. Аларды көрөр замат артымды карабай терезени көздөй качтым. Терезеге чыга алсамчы, дубалга тырмышып чыгам деп жатып ак көйнөгүм жарабай калыптыр. “Кет эле, кет” деп качып жүрүп, бир эшикти көрүп калып тартсам, ачылып кетти. Эшик араң эле турганбы, айтор, сынып кетсе болобу. Ичинен нан таап иттерге берип, алдап келе жаттым. Чогулган топурак дөңчө болуп калыптыр, анын үстүнө чыгып “жардамга эле, жардамга!” деп болушунча кыйкырдым. Кудай жалгап, официанттар көрүп калып аман калдым. Иттер менен 40 мүнөттөй алышыптырмын. Сынган эшиктин ээси “төлө эле, төлө!” деп кыйкырды. Мен дагы “сынбай турган эшик койбойсуңбу” деп аны менен да кыжылдаша кеттим. Жаңы көйнөгүм кирдеп, баягы биринчи көйнөгүмдү кайра кийбедимби. Биринчи жолу ушундай жиндидей кырдаалга туш болгом.Кенже Көбөкова, ырчы: “КЕРСЕЙИП ЖҮРГӨН КЫЗДЫН ӨПКӨСҮН ҮЗГӨМ”
– Мен студент кезде жатаканада жашачумун. Анан бизде “дедовщина” деген нерсе бар эле. Ал кезде 4-курста окуп жаткам. Бир ирет мага кыздар “1-курстун студенттери такыр учурашпайт” деп нааразы болуп калышты. Ошондон кийин эле 1-курста окуган кыз мени менен учурашпай өтүп кетсе болобу? Анан ошол коридор жактан башка жакка алып бардым дагы “эмне учурашпайсың?” десем, “сен кимсиң?” дейт. Жиним келип жанымда дагы бир кыз бар эле ага “тигил жакты карап турчу, бирөө жарым келип калбасын” дедим дагы, тигини ичке тээп, бетке чаап, "өпкөсүн үзүп" койгом. Ал кыз дайыма керсейип жүрчү. Ошого жараша жооп алган. Андан сырткары бизде салык салуу деген бар болчу. Тиги кызга “мага эртең мынчанчы комнатага файл алып келип бересиң” дегем. Эртеси алып келиптир (күлүп).
Эми бул өрт кезибизде болгон окуялар да. Азыр мындай окуялар болсо уят болот го. Эл адамы болгондон кийин дайыма алды-артыңды карап жүрүш керек экен. Биздин ар бир кыймылыбыз элдин көз алдында болгондуктан, сүйлөгөн сөзүбүздү да ойлонуп сүйлөшүбүз керек.Борончу Кудайбергенов, куудул: “7-ТРОЛЛЕЙБУСКА ТҮШҮП, ДААРАТКАНАГА БАРЧУБУЗ”
– Бишкекке жаңы келгенде эч жерди билбейсиң да. Барчу жерибизге дайыма автобекетке келип, ошол жерден кетчүбүз. Мен иштеген заводго 7-троллейбус барарын жакшы билем. Шаарда дааратканалар үйдө гана болот деп ойлоп, заводго барып иштейбиз дагы, дааратканага баргыбыз келсе, 3-4 бала чогулуп алып кайра 7-троллейбуска отуруп автобекетке барабыз жиндилерге окшоп (күлүп). Биздин билген жерибиз ошол жер болчу да, сурагандан уялчубуз. Кийин жумушта чогуу иштегендер “силер каякка эле барып жатасыңар?” дешкенинен баарын төкпөй-чачпай айтып берсек, укмуш күлүшкөн. “Сурасаңар биз деле айтмакпыз да, бул жакта деле даараткана бар да” дешкен. Ошентип көпкө чейин эстеп күлүп жүрүштү.
Кийинчерээк шаарга дос балабыз келип калды. Ага "7-троллейбуска түшөсүң" деп айттык. Ал болсо туура эмес түшүнүп алып бир, эки деп санап жетинчи келген троллейбуска түшүп алып башка жакка кетип калыптыр.
Билбейм, ал учурда 7-троллейбустан башкасына түшсөм адашып кетчүдөй туюлчу.Назира Айтбекова, телеалпаруучу: “ЭРКЕККЕ АЙЛАНАМ ДЕП ҮМҮТТӨНӨ БЕРЧҮМҮН”
– Кичинемден эле эркек балдарга тиешелүү оюнчуктарды ойночумун. Элестетсеңиз, бир мүшөк машинам бар эле. Эң кызыгы, мен өзүмдү эркек деп ойлочу экенмин. "Качан эркекке айланам?" деп абдан күтчүмүн. Кийинчерээк кыз экенимди билгенде аябай ыйлагам. Анда дагы “сен кызга айланып баратасың” дешсе жер тепкилеп ыйлаганымчы. Билбейм, мен кичинемден эркек балдар менен ойногонду жакшы көрчүмүн. Анан кайсы бир күнү эркекке айланам деп үмүттөнө берчүмүн. “Кийин өзүмдү эркек кылып алам” дегендеримди эстегенде жинди кыз экенмин деп ойлоп калам (күлүп).
Эми мындай жиндилик кылган учурлар ар бир эле адамдын башынан өтөт эмеспи. Жиндилик кылып, чектен ашкан жоруктарым деле бар бирок аларды элге жарыялоого болбойт го (күлүп).
Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg