БИЙЛИКТИ БЕЗГЕ САЙГАН ЭЛЧИ ЖЕ ТИМдеги КЫҢЫР ИШТЕР

2017-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп иштеп келген Кылычбек Султан кызматтан кетти. Жөнөкөй себептен эмес, ТИМдеги кемчиликтерди, коррупциялык фактыларды коомго ачык айтып чыкканы үчүн.

ЧИНОВНИКТИН УЧАКТАГЫ ЧУУСУ

Ушул жылы 22-сентябрда Сеулда учакта кыргыз чиновниги чыр салганы белгилүү болду. Башкы каарман эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова болуп чыкты. Түштүк Кореядагы сапарынан Бишкекке кайткан чиновникти мас абалында алып кете албайбыз деп “Эйр Астана” компаниясы каттамдан чыгаруу чечимин кабыл алат. Бирок Каденова дипломатиялык паспортуна таянып учактан чыгуудан баш тартканы, экипаж мүчөлөрү аны учактан түшүрүп салуу үчүн полиция чакырууга аргасыз болгону белгилүү болду. Полиция Түштүк Кореядагы Кыргыз элчилигине чалып, чиновникти элчилик кызматкерлери алып кеткени да билинди. Бул жоругу үчүн Каденова кызматтан алынды.

3 ЖЫЛДЫК АРАКЕТ

Чиновниктин окуясы белгилүү болгон маалда Бишкекте болгон Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан 24-сентябрда маалымат жыйын берди. Себебин “ТИМдеги коррупциялык иштерди президент Сооронбай Жээнбековго ЖМК аркылуу жеткирүүдөн башка жолум калбады” деп түшүндүрдү. Элчи ТИМ системиндеги кемчиликтерге чара көрүүнү айтып бир нече жолу министрлик жетекчилигине, тийиштүү органдарга кайрылып натыйжа чыкпаганын, мындай маалыматты өлкө башчысына түз жеткирүү аракетине президенттик аппараттан тымызын каршылык көргөнүн, акыры төртүнчү бийлик – массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирүү жолу гана калганын билдирди.

Анын маалыматына таянсак, 2016-жылы Малайзияда элчи кезинде элчиликтеги жана ТИМдеги коррупциялык иштерди таап чыгат. Мисалы, Малайзияга Кыргыз элчилигине жамынып элчиликке тиешеси жок адамга баасы 100 миң доллар турган Мерседес автоунаасын бажы төлөмүсүз алып кирүү, ал унаага мыйзамсыз дипломатиялык номур берүү, элчилик кызматкери тарабынан Малайзия жаранынан пара талап кылуу, кыргызстандык студент кызга дипломатиялык паспорт берүү өңдүү фактылар. Кылычбек Султан бул маселелер боюнча 2016-жылы адегенде ТИМдин өзүнө кайрылганын, бирок тийиштүү жыйынтык чыкпаганын, тескерисинче, аталган автоунааны тезинен каттоодон чыгаруу, башкача айтканда, күмөндүү иштин изин жашыруу тапшырмасы келгендигин айтат. 2017-жылы элчи УКМКга кайрылып, бул орган элчи айткан фактыларды бир нече ай иликтеп, жыйынтык чыккан-чыкпаганы белгисиз калган. “2018-жылы апрелден тарта бул боюнча президенттин өзүнө түз маалымат жеткирүү үчүн ага жолугууга аракет кылдым, бирок Сооронбай Жээнбековго жолугууга мүмкүнчүлүк беришкен жок, менде ЖМК аркылуу ачык билдирүү жасоодон башка жол калбады”,- деди маалымат жыйында Кылычбек Султан.

Айта кетсек, буга чейин Кылычбек Султан өзүнүн интернеттеги баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жасаган. Анда элчи тышкы саясат багытында орчундуу кемчиликтерди айтууга аракет кылганын, бирок ал маалыматтарды президенттик аппарат чектеп же бурмалап жатат деп күмөн санап жатканын айткан эле. Буга президенттик аппараттан жооп болгон эмес.

Журналисттер маалымат жыйында элчиден Түштүк Корея аэропортунда жаңжал салган Каденова тууралуу да сурашты. Кылычбек Султан Каденованын жоругу ачыкка чыкпасын деп президенттик аппараттан телефон чалуу болгонун, бирок кыңыр ишти жаап-жашырып өзүнө жоопкерчилик албай турганын билдирген. Килейген министрликтеги, бийликтеги мындай кемчиликтерди ачык жарыялап чыгууга кандай жооп болот? Көпчүлүк коррупция менен аёосуз күрөш жүрөрүн айтып, ал үчүн элден колдоо сурап жаткан президент Жээнбеков элчини колдоого алат деп күткөн. Бирок окуя башка жол менен өнүктү.

ТИМ: ЭЛЧИ КЫЗМАТТАН АЛЫНСЫН

Элчинин билдирүүсүнөн 2 күндөн кийин ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго “мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин бузду” деп аны кызматтан алууну сунуштады. Президент Кылычбек Султан айткан маалыматтарды жана ТИМдин сунушун изилдеп чыгууну президенттик аппараттын алдындагы Коопсуздук кеңешине тапшырды.

Коопсуздук кеңеши – президенттик аппаратка баш ийген орган. Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Коопсуздук Кеңеши Президенттик Аппараттын алдындагы өз алдынча түзүм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынан сырткары Президенттик Аппараттын жетекчисинин да тапшырмаларын аткарат. Кылычбек Султан буга чейин “президентке жолугуп, ТИМ системиндеги бул олуттуу кемчиликтер тууралуу билдирүү аракетиме бут тосуу болду” деп президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевдин ысымын атаган. Андыктан элчи Коопсуздук кеңеши адилеттүү иликтөө жүргүзүшү үчүн Досалы Эсеналиевди, ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевди жана өзүн кызматтан четтете турууну президентке сунуштады. Бул өтүнүчкө реакция болгон жок.


КОҢШУ ӨЛКӨНҮН КӨҢҮЛҮН БУРГАН ОКУЯ

Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча мусулмандар комитети Кылычбек Султанды “2018-жылдын мыкты дипломаты” атады. Бул кабарды адегенде Казакстандын ЖМКлары жазып чыгышты. Укук коргоочулардын пикиринде, жогорку наамдын ыйгарылышына Түштүк Кореяда чиновниктин этикага туура келбеген жоругун ашкерелөөдө элчи Кылычбек Султан принципиалдуу позицияны карманганы себеп болгон. "Кыргыз элчисинин бул чечкиндүү кадамы дипломаттарды коркок, принципке турбаган адам катары элестетип, калыптанып калган стереотиптерди жокко чыгарат. Дал ушундай инсандар дүйнө коомчулугунун алдында өлкө имиджин түзө алышат. Кылычбек Султанов (ред.: Султан) – эркиндик жана демократия жолун тандаган Кыргыз мамлекетинин символу болуп калды. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги анын жасаган кадамдарына татыктуу баа берет деп ишенем”,- деди аталган комитеттин башчысы Мурат Телибеков.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШКӨН АДАМДЫ КОРРУПЦИОНЕР КАТАРЫ КӨРСӨТҮҮ АРАКЕТИ БОЛДУ

11-октябрда Коопсуздук кеңеши Кылычбек Султандын билдирүүсү жана ТИМдин сунушу боюнча иликтөө жарыялады. Анда ТИМдеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча элчинин айткандары ырас, ал башка мамлекеттик органдар тарабынан алынган документтер менен да тастыкталды деп айтылат. ТИМ системиндеги мындай олуттуу кемчиликтерге кимдер жол бергени, коррупциялык иштерге кимдер аралашканы тууралуу андан ары бир ооз сөз жок. Коомчулукка “мыйзам бузуулар болгону ырас” деп кыска маалымат таратуу менен чектелген Коопсуздук кеңеши ошол мыйзам бузууларды таап, ачык жарыялап чыккан Кылычбек Султанды элчи кызматында турганда кемчиликтерге жол берген деген узун тизме жарыялап, укуктук баа берет деп материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Кылычбек Султан тизмеленген бул иштердин 90 пайызы чындыкка туура келбесин жарыялады.

БИЙЛИКТЕН ТҮҢҮЛҮҮ

Президенттин тапшырмасы менен иликтөө жүргүзүшү керек болгон Коопсуздук кеңеши өзүнө кайрылып, бир ооз маалымат укпаганын айткан Кылычбек Султан 12-октябрда өзүнүн интернеттеги баракчасына кайрылуу жасады. “Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн башпаанек сурап кайрылдым”,- деп жазылат, кайрылууда. Бул билдирүүдөн көп өтпөй президенттик аппарат өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков Кылычбек Султанды элчилик кызматтан бошоткону тууралуу маалымат таратты. Ушул эле күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да кызматынан бошотулду.

“ЭМИ КОРРУПЦИЯ ТУУРАЛУУ ЭЧ КИМ АЙТЫП ЧЫКПАЙТ”

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылып “коррупционерлердин атын ачык айткыла, ансыз коррупцияга каршы күрөштө жылыш болбойт” деп бир нече жолу айткан. ТИМге байланыштуу соңку окуя ачыктады – коррупционерлердин атын ачык айтуудан оң натыйжа чыгат деген кепилдик жок. Тескерисинче, коррупцияны ашкерелеген адам өзү тузакка илиниши мүмкүн. Коомчулукта коррупция тууралуу айтып чыгуу кооптуу деген пикир түзүлдү. Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев "Азаттыкка": “Кылычбек Султан айтып чыккан фактыларды иликтеп чара көрүү керек эле. Тескерисинче, коррупция тууралуу айткан кишилерди куугунтуктай берсе, эртең эч ким айтып чыкпай калат. Баары ачык айтуудан тайсалдап калат”,- деген оюн айтып чыкты.

ПАРЛАМЕНТТЕ ТИМДИН ИШИ ТАЛКУУЛАНАТ

Парламент депутаттары ТИМ боюнча Кылычбек Султан айтып чыккан маалыматтарга көңүл бурулбай жатат деп чыгышты. Эл өкүлү Ирина Карамушкина элчи олуттуу билдирүү жасады, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бул билдирүүнү карашы керек деп билдирди. Аталган комитеттин төрагасы Исхак Пирматов бул маселе комитетте эмки аптада караларын айтты. Айрымдар Кылычбек Султанды өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюна көлөкө түшүрдү, Кыргызды уят кылды деп сындап жетишишти. Беделдүү эл аралык уюмдардын рейтингинде Кыргызстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарынан башы чыкпай келе жатат. Кыргызстан бизнес жүргүзүү ыңгайлуулугу боюнча өлкөлөрдүн ичинде да арткы сапта. ТИМдин былык иштеринин жүзүн ачкан экс-элчинин аракетинен эмес, мамлекеттин ушундай абалынан уялуу зарыл...

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан