Бир помидор болуптур. Аны кожоюну базарга алып барып сатмак экен. Аңгыча ал айланадагы жашылчалардын сүйлөшүп жатканын угуп калыптыр:
– Өлдүк!- дептир бадыраң пиязга.
– Эмне болду?- деп сураптыр пияз бадыраңдан.
– Карабайсыңбы! Биздин жаныбызга помидорду алып келди. Сен, мен, ал үчөөбүздү көрсө, ким болсо да сатып алат. Анан үйүнө алып барат да, жыргап “шакарап” жасап жейт. А биз болсо ошентип заматта жок болобуз,- деп бадыраң ыйлай баштады. Аны уккан пияз коркуп кетти:
– Анда эмне кылабыз?- деп ал да ыйлады. Анан көзүнүн жашын аарчыды да, минтип айтты:
– Бул жерден тезирээк качып кетели!
Кожоюн жашылчалардын тилин кайдан билсин? Ал эч нерсе менен иши жок, акчасын санап отурду.
– Кана кеттик!- деди бадыраң пиязга.
– Кеттик!- деди пияз да аны колдоп.
Помидор алардын сөзүн угуп кошулуп качкысы келди. Караса, бадыраң менен пияз секирип түшүп качып баратышыптыр. Соодагер болсо акчасын санап отурат.
– Кеттик!- деди ошондо помидор дагы секирип баратып. Бирок ал эзилип быша баштагандыктан “былч” этип жерге түшкөндө тим эле карды жарылып кала жаздады.
– Ой, ичим!- деп онтоп жиберди. Аны угуп калган бадыраң кылчайып артын карады. Караса, помидор ичин басып тоголонуп жатыптыр. Бадыраң өз курбусун таштагысы келген жок. Кайрылып келип аны колтугунан таяп жетелеп алып жөнөдү. Бир кезде алардын алдынан чоң жол көрүндү.
– Эми эмне кылабыз?- деди алактаган помидор.
– Эч нерсе эмес, бул жолдун кесилишинде күтө турабыз. Жол чырактан машиналар токтогондо өтүп кетебиз,- деди пияз ишенимдүү үн менен. Аңгыча жол чырактын сары жарыгы жанды. Өзү алдыга түшүп:
– Кана, даярдангыла, кеттик!- деп чаңкылдады пияз жол чырактын жашыл жарыгы күйгөндө. Ошентип алар жолдун кесилишинен аман-эсен өтүп алышты.
– Эми каякка барабыз?- деди ичинин ооруганына чыдабай келе жаткан помидор.
– Тигил жакка!- деди бадыраң. Алар бадыраң көрсөткөн тарапка жөнөштү. Помидордун ичи эми чыдатпай ооруду.
– Акырын баскылачы...- деп суранды ал. Тигилер болсо жайыраак басышты.
– Ой, минтип кыбырап жолдо жүрө берсек соодагер жетип келип кармап кетпейби?!- деди пияз.
Соодагердин атын уккан бадыраң чочуп кетти. Ал помидорду карап минтти:
– Кой, ылдамдайлы! Соодагер кармап албасын!
– Ичим оорубаганда силерге минтип жалдырабайт элем...- деди помидор аларга таарынгансып мурчуюп. Бадыраң ак көңүл эле. Ал помидордун көңүлүн көтөргүсү келип мындай деди:
– Андай болсо мен сени көтөрүп алам!
Помидор сүйүнүп кетти. Бадыраң помидорду көтөрүп алды. Ал эми пияз болсо бадыраңга жол көрсөтүп баратты.
(Аман Кармышаков)
Жаңыл Ниязбекова
balakai@super.kg