Өкүнүчтүүсү, биз бүгүн айтылган маалыматтын чындыгы эмес, анын бүйүр кызыткан таасири маанилүү болуп калган заманда жашап жатабыз. Саясаттагы эпчилдер менен жалданма маалымат каражаттары эми карандай калптан опоңой эле чындык жасашууда.
Интернет-басылмаларга көз чаптырсаң, «Кыргызстанга дефолт жарыяласа болот», «Кыргызстан – сызга отурган мамлекет» деген сыяктуу үрөй учурган аталыштарды көрөсүң, анан да мунун баарында негизги күнөө Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө иштеген жетекчилерде жана албетте, Атамбаевде экени көрсөтүлөт. Айтор, бир кезде өлкө үчүн жан үрөп, күч-кайратын аябай иштеген адамдар заматта кылмышкерге айланышты, ал эми өлкөнү караңгылык менен сенектиктин сазынан сууруп чыккан долбоорлор «ашка жүк, башка жүк» аталышты.
Көптөр мага унчукпай эле коё турууну айтышууда. «Бир аз убакыт өтсүн, баары ордуна келет, калптын бети ачылат, чындык адамдарга жетет» дешет. Бирок дүйнөдөгү, аймактагы, өлкөдөгү кырдаалды иликтеп отуруп, маалыматтык жаңы технологиялардын күчү менен «фейк» (жасалма, жалган) жаңылыктар мурдагы жылдарга караганда элдин мээсин айландыруучу натыйжага алда канча батыраак жана ылдам жетишип жатканына барган сайын көбүрөөк ынана баштадым. Мындай оору Кыргызстандагы бизди гана тынчсыздандырып жаткан жок. «Фейк жанылыктардын» көйгөйү менен АКШ да, Европа өлкөлөрүндө да олуттуу алектенишүүдө.
ТЫШКЫ КАРЫЗ ЖАНА ИДП
Бүгүн саясаттагы кызыл кулактар Атамбаевдин тушунда тышкы карыз миллиард АКШ долларына көбөйүп, 3 миллиард 800 миллион АКШ долларына жетти деп кыйкырышууда. Бирок бул жерде алар, эгерде тышкы карыз доллар менен алганда 47,2%га, сом менен алганда 115,4%га өскөнү менен номиналдуу ички дүң продукция сом менен 132,5%га, доллар менен алганда 58,5%га өскөнүн таптакыр уккусу да, көргүсү да жок. (Автордун эскертмеси: тышкы карыз боюнча маалыматтарда 2018-жылдын февралында Орусия кечкен 240 млн. АКШ доллар карыз эске алынган. Анткени Орусияга болгон тышкы карыздын акыркы ушул бөлүгүн кечүү жөнүндөгү макулдашууга менин 2017-жылдагы Москвага жасаган сапарым учурунда кол коюлган).
Дүйнө жүзү боюнча бардык жерде бул же тигил өлкөнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо менен экономисттер тышкы карыздын номиналдуу көлөмүнө эмес, карыздын ИДПга болгон катышын карайт. Антпесе бул кадимки эле кызыл кулактыктан айырмасы жок болуп калмак. Анткени өлкөнүн ички дүң продукциясы эсепке алынбаган тышкы карыздын өлчөмү эч нерсени билдирбейт. Маселен, Казакстандын тышкы карызы 166,6 миллиард АКШ долларына барабар, бирок ИДПнын көлөмүн эске алганда, ал өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаратпайт.
Булак: Country Economy экономикалык агрегатору жана Каржы министрлигинин маалымат базасынан. 2017-жылдын суммасы Орусия тарабынан кечирилген 240 миллион долларды эске алуу менен түзүлдү. Бул келишим Алмазбек Атамбаев президент болуп турган мезгилде ишке ашкан.
Булак: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги. Карыздын 2017-жылдагы катышында ушул жылдын февралында Орусия кечкен 240 миллион доллар мамлекеттик карыз эсепке алынган, аталган карызды кечүү боюнча макулдашууга Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө жетишилген.
http://minfin.kg/ru/novosti/mamlekettik-karyz/gosudarstvennyy-dolg.html
Атамбаев өлкөнү 212 миллиард сом (4 млрд. АКШ доллары) ИДП жана ИДПнын 58%ын түзгөн тышкы карыз менен алып, аны 493 миллиард сом ИДП (7 млрд. 144 млн. АКШ доллары) жана ИДПнын 53,8%ын түзгөн тышкы карызы менен өткөрүп берип кетти. Башкача айтканда, биз карыздын жүгүн 4%га төмөндөттүк. Ошондой эле бул мезгил аралыгында Кыргызстан тышкы жардамдын эсебинен транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлорду ишке ашырды.
Биздин өкмөткө «карызга жашайт» деп айып таккандардын эсине сала кетерим – Кыргызстан карызга Акаевдин учурунда гана жашаган, ошол кезде карыздын жүгү ИДПдан 100% жогору болчу. Акаевден айрымаланып, биз өлкөнүн өнөр жайынын ойронун чыгарган PESAK сыяктуу программаларга кредит алган жокпуз, австралиялык кочкорлорду сатып алганга да кредит алган эмеспиз.
Булак: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги. 2017-жылкы суммада мамлекеттик карыздын Орусия кечкен 240 миллион доллары эсепке алынган, аталган карызды кечүү боюнча макулдашууга Атамбаев президент болуп турган мөөнөттө жетишилген. http://www.stat.kg/ru/opendata/
Таблицага эскертүү: Таблицадагы тышкы карыз боюнча маалыматтар АКШ долларынан көрсөтүлгөн жылдын аягындагы курс боюнча сомго конвертацияланган. Мисалы, 2010-жылдын графасында 1 АКШ доллары үчүн 47 сомдогу курсту эсепке алуу менен, ал эми 2017-жылдагы тышкы карыздын суммасы 1 АКШ доллары үчүн 69 сомдогу курсту эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.
ЭМНЕ ҮЧҮН КРЕДИТ АЛУУГА ТУУРА КЕЛДИ?
Мен премьер жана президент болгонго чейин бул тармактардын кандай акыбалда болгонун кыскача эсиңиздерге сала кетким келет. Өлкө качан караба, айрыкча кыш маалында электр энергиясына абдан муктаж эле. Электр жарыгынын күн сайын мезгил-мезгили менен өчүрүлүп турушу кадыресе көрүнүш болуп калган. Турак жайларды да, ишканаларды да өчүрө беришчү. Электр энергиясы жетишпегендиктен Бишкекте жаңы курулуштарды куруу токтой баштаган. Бүткүл өлкө боюнча турак үйлөрдөгү үч фазалуу электрди кырка башташкан. Айылдарда киши каза болгондо тургундар, жок дегенде жерге берип алганча маркумдун үйүндө жарык болуп турсун дешип электрикке пара берип күйгүзүп калышпады беле. Сиздер бүгүн ошентип жашаганды каалайт белеңиздер?
Электр энергиясынын таңсыктыгы бизди кошуна республикаларга күнкор кылып, газ берүү болсо таптакыр эле коркутуп-үркүтүүнүн жана биздин өлкөдөн тышкы саясий өңүттө, анын ичинде аймактык маселелерде да эптеп дагы бирдемелерди өндүрүп алуунун куралына айланып калган эле.
Мындан тышкары, «Датка» жана «Кемин» көмөкчү чордондорунун жана «Датка-Кемин» электр линиясынын курулушуна чейин Кыргызстан Токтогул каскадында өзү өндүрүп чыгарган электр энергиясына да өзү ээлик кыла алчу эмес. Электр энергиясын коңшулаш мамлекеттердин энергетикалык системалары аркылуу алып өтүү 4,5 миллиардга жакын
кВт/саатты түзчү. Транзитке Кыргызстан жыл сайын Казакстанга жана Өзбекстанга 8 миллион АКШ долларын төлөп турчу жана жыл сайын Казакстанга 5,6-7 миллион АКШ долларынын суммасында электр энергиясын берип турчу.
Муну менен бирге Казакстан Республикасынын укуктук-нормативдик актыларына ылайык, транзиттик акыны 30-33 миллион АКШ долларына чейин көтөрүү пландаштырылган эле, анткени Кыргызстандан айырмаланып, Казакстан электр энергиясын ички транзиттей турган өзүнүн көз карандысыз системасына ээ эле. Натыйжада Кыргызстан жыл сайын 38-41 миллион АКШ долларын төлөп турмак да, бул 20 жыл ичинде 760-820 миллион АКШ долларына жетмек.
Өлкөнүн транспорттук, жол инфраструктурасы да энергетика тармагы сыяктуу эле кейиштүү абалда болчу. Жолдун жоктугунан кошуналаш райондордо, алтургай өлкөнүн түштүгүндөгү айылдарда жашаган адамдар бири-бирине кошуна өлкөлөрдүн аймагы аркылуу каттоого аргасыз болуп калышкан. Республиканын шаарлар аралык да, ички жолдору да толугу менен талкаланып бүткөн эле. Облустар менен райондордун борборлорун айтпай эле коёлу, жадакалса өлкөнүн борбор шаарындагы жолдордун деле абалы ушундай болчу.
Бүгүн Атамбаевдин башка долбоорлору сыяктуу эле «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун долбоорун да эмне деген ыпылас сөздөр менен аёосуз шыбап жатышат. Бирок 6 миллион калкы бар өлкөгө анын эки бөлүгүн бириктирген жалгыз кан жолдун болушу абдан опурталдуу экенин биз унутуп жатабыз. Биздин сейсмикалык жактан коркунучтуу эсептелген тоолуу аймагыбызда жайгашкан Төө-Ашууда, мисалы, жаратылыш кырсыгы жүз берчү болсо, өлкөнүн Түштүгү менен болгон байланыш бир нече жылдарга тыптыйпыл үзүлүп калышы мүмкүн. Кудай бетин салбасын, тоннелден өтүп бараткан бензин ташыган унаа жарылса, же террордук акты жасалса да ушундай эле кыйроого алып келиши ыктымал.
Ошол кездеги кырдаал да абдан оор эле. Мен Кыргызстандын бүткүл түштүк аймагына кантип газды бууп салышканын жана куралдуу чыр-чатак чыгарууга чагым жаратыш үчүн Кыргызстандын аймагына аскер күчтөрүн кантип киргизишкенин эске сала кетким келет. Ошол татаал кыйчалыш жагдайда Кыргызстан энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкка жетишүүгө тийиш деген бирден бир туура чечим кабыл алынган. Муну ишке ашырыш үчүн зарыл болгон финансы ресурстарын табуу керек эле. Ошол үчүн биз кредиттерди энергетика менен жолдорго гана алганбыз. Албетте, кредит албай эле алиге чейин жарыгы, жолу жок, экономиканы өнүктүрбөй, келечекти ойлобой отура берсек болмок. Өлкөнүн айрым жетекчилери эми ушундай ой жүгүртүп жатышкандай.
КРЕДИТТЕР ЭМНЕГЕ КЫТАЙДЫКЫ?
Албетте, биз адегенде эле үстөк пайызы эң эле төмөн эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бирок алар кредит алуу үчүн электр энергиясына болгон тарифти көтөргүлө деген негизги шартты коюшту. Апрель ыңкылабынан кийин жакынкы жылдарда электр энергиясына тарифти көтөрүү туурасында кеп да болушу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан эл аралык кредиттик уюмдар менен сүйлөшүү вариантынан баш тартууга туура келди.
Өнүккөн байыркы батыш өлкөлөрүнүн деле бизге кредит берейин деген каалоосу жок эле. Ошол жылдары биздин келечегибизге ишенгендер дээрлик калбагандыктан, эч ким тобокелге салгысы келген жок. Боордош Орусиянын болсо мындай кредиттерди бергенге мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошондуктан улуу кошунабыз Кытайга кайрылуудан башка аргабыз калган жок.
Кытай жаман, берген карызына жерлерибиз менен кендерибизди алып коёт деген бүгүнкү кызыл кулак имиштерди эске алып, Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилеге өзгөчө токтолгум келет. Факты деген өжөр нерсе! Мен өлкөнү жетектеп турган жылдар ичинде эле Кытай бизге 400 миллион АКШ долларына жакын гранттык жардам берди. Кытайдын грантынын аркасы менен Бишкектин жолдору кандай өзгөргөнүн көрүп турасыздар. Канчалаган нерселер курулду, жаңы жолдор, көпүрөлөр, эстакадалар салынууда. Мунун баары – Кытайдын белеги. Алтургай, келерки жылда да ушул гранттын эсебинен Бишкек жолдорду оңдоону улантат. Батыштын бардык байыркы өлкөлөрү жана эл аралык финансы институттары жардам бергенден баш тартканда, энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкка жетүү үчүн жардам берип, жеңилдетилген кредиттерди бизге улуу кошунабыз Кытай бөлүп берген.
Кытайдын кредиттери менен элдин жүрөгүн түшүрүп жаткандардын эсине салып коёюн: Кытай Мозамбик, Йемен, Зимбабве жана башка бир нече өлкөлөрдүн миллиондогон карыздарын жөн эле кечип койгон. Эгемендүүлүк жылдарынын аралыгында Кытай Кыргызстандын 16,4 миллион АКШ долларынын суммасындагы карызын кечип жана реструктуризациялаган. Бул башталышы гана болчу!
Бизде ошондой эле Кытай менен Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун үлгүсү боюнча фонд түзүү жөнүндө алдын ала макулдашуубуз да бар эле. Кытай бул фондко Орусиядан кем эмес каражаттарды бөлүп бермек. Эгерде улуу кошунабыз менен болгон мамилени бааласак.
ТЫШКЫ КАРЫЗ МАСЕЛЕСИН КАНДАЙ ЧЕЧҮҮ КЕРЕК?
Бүгүнкү өлкө жетекчилерине экономиканы өнүктүрүүдөн тышкары достук алакадагы мамлекеттерден финансылык жана техникалык жардамды тартуу менен өлкөнүн карыздарын жоюу үстүндө иштегенге эч ким тоскоолдук кылбайт. Айрым цифраларды келтире кетейин:
Президенттин аппаратынын маалыматтары боюнча (2017-жылдын 1-майына карата) мен премьер жана президент болуп иштеген жылдары жалпы суммасы 2,9 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө төлөмсүз гранттык жардамдарды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн, анын ичинде:
Ошондой эле Россия Федерациясынын Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун уставдык фондуна салган 500 миллион АКШ доллары туурасында да эске сала кетким келет, иш жүзүндө бул өлкө экономикасын өнүктүрүүгө акысыз бөлүнүп берилген каражаттар болду. Ошол эле мезгилде 2017-жылдын аягына чейин биздин бюджетке Орусиядан
50 миллиондон ашуун суммадагы гранттар, ошондой эле Кытай Эл Республикасынан Бишкектин жолдорун оңдоп түзөөгө дагы кошумча гранттык каражаттар келип түшкөн. Биз макулдашкан айрым гранттар дагы бир нече жылдар бою келип турмакчы.
Бул маалыматтардын баарын эсепке алганда, өлкөгө мен жетекчилик кылган жылдар ичинде Атамбаевдин командасы Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жана эл аралык финансы институттарынан жалпы суммасы 3,5 миллиард. доллардан ашуун гранттык (төлөмсүз) жардамдарды тарта алганын көрүп турабыз. Мунун басымдуу бөлүгү алынган.
Мындан тышкары мен президент болуп иштеген жылдары Кыргызстандын 554,4 миллион АКШ доллары суммасындагы тышкы карызын жоюу боюнча макулдашууларга жетишилген. Анын ичинде:
Бүгүнкү күнгө бул карыздардын баары жоюлган. Жогоруда аталгандарды эсепке алганда, өлкөгө мен жетекчилик кылган жылдар ичинде Кыргызстанга 3,5 миллиард АКШ доллары суммасындагы төлөмсүз жардамдар тартылганын жана 550 миллион АКШ доллары суммасындагы карыздарды жокко чыгарууга жетишилгенин көрүүгө болот. Жалпы жыйынтык – 4 миллиарддан ашуун АКШ доллары. Бул өлкөнүн 27 жыл ичинде чогулган бардык тышкы карызынан көптүк кылат.
КОРУТУНДУ
Биздин аракетибиз текке кеткен жок! Мен жетектеген жылдары Кыргызстан энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкка жетишип, Дүйнөлүк банктын классификациясы боюнча кедей өлкөлөрдүн катарынан чыкты жана кредиттик В рейтингине ээ болду, башкаларга үлгү болорлук парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрдү. 2010-жылдагы эл аралык эксперттердин Кыргызстан «failedstate», «мамлекет болбой калды» деген божомолу эң сонун эсимде. Ошондогу президенттердин бири кошуна мамлекеттерге Кыргызстанды жөн эле үчкө бөлүп алууну сунуштаганын да эч качан унутпашыбыз керек. Бул кечээ гана, 8 эле жыл мурда болгон сөз!
Сөз соңунда Чолпон-Атадагы ат майданы жана Тарых музейи өңдүү объектилерди куруп, реконструкциялоо үчүн карызга белчебизден баттык деп жазып жаткан жалаакорлор менен калпычыларга кыскача жооп берип койгум келет. Бул объектилердин баары, анын ичинде 1916-жылдагы үркүндүн курмандыктарына арнап курулган мемориал, Ош шаарындагы көпүрө, күч түзүмүндө иштегендер үчүн турак – жайлар жана башка көптөгөн объектилер гранттардын эсебинен курулган жана муну оңой эле текшерип көрсө болот.
Анткени бюджетте каралган программалык гранттардан тышкары биз жыл сайын дагы кошумча олчойгон гранттарды алып келип жаттык. Албетте, мыйзам боюнча ал каражаттардын баары адегенде бюджетке чегерилип, андан кийин чыгашаларга багытталып турду. Андан кийин биз жылына эки жолу өкмөттө жана парламентте бюджеттин киреше бөлүгүн жана тийиштүү түрдө чыгаша бөлүгүн да көбөйтүүгө оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, кабыл алып турдук. Жогоруда айтылган объектилердин баары пландан тышкаркы гранттардын эсебинен реконструкциялаган жана курулган. Биздин валютага которгондо бул гранттар миллиарддаган сомду түзөт!
Мисалы, тарых музейинин реконструкциясы Түркия өкмөтүнүн ТИКА уюмунун каражатына башталып, Орусия берген гранттын эсебинен бүткөрүлгөн. Бул ушундайча болгон! Биз 3,5 миллиард АКШ доллары суммасындагы гранттардан тышкары башка булактардан да көптөгөн жардамдарды тарттык. Мына, мисалы, "Газпром" бүткүл өлкө боюнча ден соолукту чыңдоочу спорттук комплекстерди курууга миллиондогон долларларды жумшады, азыр да жумшап жатат. Бишкек шаарында куруп жаткан эң заманбап мектепти айтпай эле коёлу.
Кыргызстандын жаңы жетекчилигине биз 2011-2017-жылдарда иштегендей, жаңы инвестицияларды тартуу менен экономиканы өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө эч ким жолтоо болуп жаткан жери жок.Тышкы карызды азайтып, жойгонго жетишкиле! Гранттарды алып келгиле! Экономиканы өнүктүргүлө! Ошондо тышкы карыздар боюнча эч кандай маселе болбойт.