«Башка жанга чалба», «Бийкеч», «Кыргызымдын сулуу кыздары», «Дария» аттуу ырлары менен эл оозуна алынган ырчы Руслан Абылов үстүбүздөгү жылдын март айында үйлүү болду. Ырчынын үйү менен таанышууга бардык.
– Руслан, үйүң кут болсун. Канча жыл батирлеп жүрдүң?
– 11-классты Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынан бүтүп келип, 2006-жылы Исхак Раззаков атындагы техникалык окуу жайына тапшыргам. 5 жыл жатаканада жашадым. Андан кийин 6-7 жыл ичинде 3-4 батир котордум.
– Каражатты чыгармачылыктын аркасы менен таптыңбы?
– 2-курста окуп жүргөндө эле иштеп баштагам. Мен иштебеген иш калган жок. Официант, машина жуугуч, таксист да болдум. 5-курстан тарта музыка чөйрөсүнө аралаштым. Канча жумушта иштебейин, жашоо-тиричиликтен ашпай келди.
Мен иштей баштагандан бери он жыл өтүптүр, үстүбүздөгү жылдын март айында ушул үйдү сатып алдык. Бир аз акча жетпей, банктан насыя алдык. Аны деле төлөп бүтүп калдык. Чакан дүкөнүм бар эле, аны, унаамды, айылдагы торпокторду саттым. Элимдин жакшылыгында ырдап тапкан акчамды коштум, ата-энем, бир туугандарым жардам берип, бир үйдүн акчасы чогулуп калды.
Кире бериш+ашкана
– Бул үйдү ушундай оңдоп-түзөөсү менен сатып алдык. Негизи бул жер башында бут чечүүчү жер экен. Бирок мурунку кожоюндар ашкананы да бул жерге жайгаштырышыптыр. Чакан үй-бүлөгө ыңгайлуу эле болуп калат экен.
Коридор
Конок бөлмө
– Конок бөлмө чоң, болбосо ар бир кыргыз кысылат болушу керек. Анткени бизде келип-кеткен киши көп болот эмеспи. Апамдын кан басымы жогору. Дарыгерлер Чүйдө жашаш керек дегенинен беш жыл мурун Токмоктон үй алганбыз. Азыр ата-энем ошол жакта турушат. Ата-энем Токмокто жашайт деген эле аты болбосо, эки күндүн биринде эле келип турушат. Апам бүгүн атайын конокторуңду тосушайын деп Бишкекке келди. Ушул жерден апамды мактап кетейин. Апам Фарида Шоконова мыкты ырдайт. Учурунда мекенибизде өткөн «Жаз» фестивалынын лауреаты болуп, Орусияга чейин барып ырдаган. Алтын фонддо апамдын үнү менен жазылган ырлар да бар. Мага талант апамдан өткөн.
– Быйыл концерт берерде сахнага кие турган кийимдеримди жаңырткам. Гардеробумдагы эң кымбат кийимим ушул, баасы 40 000 сом болду. Акыркы учурда дизайнер-модельер Арзубек Вонама менен иштешип жатам.
Уктоочу бөлмө
– Мурунку ашкана азыр уктоочу бөлмө. Бул бөлмөдө менин сыйлыктарым да бар.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg