Ушул жылдын 21-октябрь күнү Бишкектеги Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаа сүзүшүп, бирок жол кырсыгынан эмес, андан кийин орун алган уруштан улам бир адам каза болду. Каза болгон адам "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев.
«БИР УНАА ЭКИНЧИСИН ЧИЙИП КЕТИП, АЙДООЧУЛАР УРУША КЕТИШКЕН»
Окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Мира Абдылдаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
- 21-октябрь күнү кечки саат 20:00 чамасында Бишкек шаарындагы Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде бир унаа экинчисин сүзүп, экинчи унаа бир аз чийилип калган. Ошондон улам эки унаанын айдоочулары урушуп кетип, мушташтан улам бирөөсү каза болгон. Маркум Маматназар Жакыпбаев эмне себептен каза болгондугу, бордюрга башы тийиппи же катуу соккудан улам каза болгонбу, азырынча тактала элек. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда күбөлөр суралып, ошол тегеректеги камералар каралып, окуянын кандай болгондугу такталып жатат. Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Ш. уулу М. жана Ж. уулу М. аттуу Бишкек шаарынын эки тургуну кармалып, камакка алынышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
«ИНИМ ЧЫР-ЧАТАККА БАРБАГАН АДАМ ЭЛЕ»
23-октябрь күнү маркум Маматназар Жакыпбаевдин сөөгү жерге берилди. Биз маркумдун бир тууган агасы Мамасадык Абдыкалыков менен байланышып, анын оюн уктук:
- Ал күнү иним жубайы экөө жеке иштери менен өзүнүн унаасында Бишкектин 12-кичи районун көздөй баратышкан экен. Жолдон Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чыракка токтошот. Ошол убакта унаасынын артынан Лексус үлгүсүндөгү унаа сүзүптүр. Анан иним сыртка чыгат. Аны менен кошо келиним да чыгыптыр. Иним негизи чыр-чатакка барбаган адам эле. Ошондуктан тиги балдарга «өзүңөр жаш экенсиңер, ичип да алыптырсыңар. Өз ара сүйлөшүү жолу менен ишти бүтүрүп алалы» дейт. Балдар болсо «сиз чукул токтотуп салдыңыз» деп, алардын ортосунда бир аз пикир келишпестиктер болуптур. Эреже боюнча кандай абал болсо да артынан келип сүзгөн адам күнөөлүү болот да. Анан бир маалда балдардын бирөө «мен мамаша менен сүйлөшөм» деп келинимди тарткылап баштайт. Иним аны токтотууга аракет кылганда ал жигит инимди унаанын артына тартып барып урган экен. Келиним «тарс» деген үндү угуптур. Ошондо Маматназар жерге жыгылып, ошол бойдон эсине келбей жан бериптир.
Келинимдин айтуусу боюнча, тиги жигит коюнунан кара бир нерсени алып чыгып, ошону менен уруптур. Ал эмне буюм экени тергөөдө билинбей жатат, алар андай буюм болгонун жашырып жатышат окшойт. Менин оюмча, ал травматикалык тапанча же кастет болушу мүмкүн. Анткени инимдин кашынын үстү жагында 5 сантиметрлик терең ачык жаракаты бар экен. Аны унаанын ачкычы менен ургандай көрүнбөйт. Шыр эле чекеси жарылып кеткенине караганда катуу буюм менен урулган.
Маматназар жолго эле кулаган. Анын башы бордюрга тийип, ошондон улам каза болгон деп тарап жаткан маалымат туура эмес. Мен окуяны угуп эле 10 мүнөттө жетип бардым. Инимди «Тез жардам» унаасына салып коюшуптур. Ошондо эле инимдин көзү өтүп кеткенин билдим. Демек, сокку өлүмгө алып келе тургандай катуу болгон. «Экөө кармашып кетиптир, ортодо чыр жаралыптыр» деген маалыматтар жалган. Маматназар жаш балдар менен урушуп отурбайт. Ал 60 жашка жакындап токтолуп калган киши, интеллигент. Артында жубайы менен 4 баласы калды. Күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышсын.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg