Адахан Мадумаров: «МАМЛЕКЕТТИ ТУУГАНДАШТЫРУУ ЖАНА КУДАЛАШТЫРУУ ДЕГЕН ПРОГРАММА ИШТЕП ЖАТАТ. БУЛ ЖАКШЫЛЫККА АЛЫП БАРБАЙТ»

Коомчулукта Адахан Мадумаровду сөзүндө бек турган саналуу саясатчылардын бири катары сыйлагандар арбын. Анын себеби – акыркы жылдары кандай учур болбосун өлкөнүн абалын бийликтин сыйкырдуу көз айнегисиз карап, реалдуулукту коркпой-үркпөй айтып келе жаткандыгында болсо керек. Бул жолку маегибиз да адаттагыдай ачык, жандуу маанайда болду.

– Адахан мырза, президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков мыкты башкаруучу, реформа жасоого жөндөмдүү президент болоруна ишенбей жаттыңыз эле. 1 жыл өттү, бир топ чечимдер кабыл алынды, өлкөнүн багыты ачыктала баштады дегендей... Сизде кандай ойлор жаралып жатат?

– Ал кишини айга-күнгө теңеп, калпакты көккө ыргытканды токтоткула. Мага факт менен далилдүү 3 чоң өзгөрүүнү атап бергиле, туура болсо “туура баратыптыр” деп моюнга алайын. "Коррупцияга каршы күрөш" деп ураалап жатасыңар. Эмне, камалгандар ууру да, аларды камап жаткандар тазабы? Бүгүнкү камагычтарды эртең башкасы келип камайт, а биз коррупцияга каршы күрөш деп сүйүнүп жүрө берели анда. Кеп, кечээ кайда элең? Ошолор менен чогуу белең же бүгүн аппак бойдон башка жактан түштүңбү? Келген бийлик кеткен бийликтин куйругун тазалап жатат дейт. А келген бийлик анын куйругу эмеспи? Менимче, эң жоон куйругу өзү. Бул коррупцияга каршы күрөш эмес, тек гана пикир келишпестик. Кеткен киши азыркынын жеке өзүнө болбосо да, инилерине, кудаларына кыр көрсөтүп койгон болушу мүмкүн.

– Демек, пикириңиз өзгөрө элек?

– Өзгөрбөйт, өзгөрүшү үчүн 3 чоң өзгөрүүнү атап бергиле. Президенттик шайлоодо Атамбаев бул кишиге токтолот деп күткөн эмесмин. 27 жылда өлкөдө эмне деген окуялар болуп өттү? 27 жыл ичинде 20 сөз айтпаган киши кантип улуттук лидер болот? Кыргызда “отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаба албайт” дейт. 60 жашка келгиче бир пикир билдирбеген кишиден эмнени күтөсүңөр? Менден “эмне үчүн башка мамлекеттерге укмуш күчтүү жетекчилер келет да, Кыргызга эле бир келесоолор келип калууда?” деп көп сурашат. Менин жообум: Башка өлкөлөр улуттук лидерлерди шайлап жатышат. Саясатта бирде күйүп, бирде тоңуп, мүдүрүлүп, жыгылып бышкан азамат күрөштө жеңип чыгууда. Кыргыздын 27 жылдык тарыхын карагыла. Аскар Акаев “мен Ак үйгө парашют менен кокустан түшүп калдым” деди. Бакиев болсо “манты жеп отурсам сүйрөп келип отургузуп коюшту, президент болоюн деген оюм жок эле” деди. Андан кийин апчем “өзүңүз алдыга туруп бербесеңиз болбойт” деп жигиттер мени алдыга түртө салышты” деди. Бул дагы күткөн эмес. Атамбаев “каражаттуу киши керек, сенин колуңдан келет” деп мени алдыга салышты” деди. Бул дагы күтпөгөн. Азыркысы болсо “президент түгүл, премьер-министр болуу түшүмө кирген эмес” деди. Өкмөт башчы болуу түшүнө кирбеген киши кантип улуттук лидер болот? Саясатта күрөшүп, бышып, чыңалып, болоттой курчуп келе жаткан азаматтар бар.

– Ошолордун аты-жөнүн айтып койбойсузбу? Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков өңдүү чыгаандарды үлгү тутканыңызды эске албаганда, сиз кайсы бир саясатчыны мактап, өлкөнү башкарууга татыктуу деп атабайсыз...

– Билесиңби эмне үчүн айтпайм? Биз көрө албас, ичибизге таруу айланбаган элбиз. Бирөөнүн атын айтсам, "бул Мадумаровго жакын турбайбы" деп ага зыяны тийип калабы дейм. Убагында жанымда жүргөндөр менин айымдан көп зыян тартышты. Ар бир учурашканда өздөрүнүн же аялдарынын көзүнөн “ушу сен деп жүрүп жабыр тартып жатабыз” деген сөздү көрчүмүн. Ушуну көрүү адамга абдан кыйын. Ошондуктан 25 жыл мурун “досторуңуз ким?” деп сурашканда "досторум жок" дегем. 30 жаштагы Мадумаровдун жообу. Ошондо көптөр “анда биз кимбиз?” дешкенде, "силер пикирлешсиңер, эртең эмне болорун Кудай билет" дегем. Мына, чейрек кылымдык жашоо далилдеди, азыр ар кимиси ар кайда. Бакиевдин колунан сыйлык, батир, унаа алып тээп, зыңкыйып жүргөн азаматтар азыр да зыңкыйып жүрүшөт. Ал эми Бакиевдин колунан бир калем албаган Мадумаров бүгүн бакиевчил. Убагында Майрам эмес, Бермет Акаеванын колун кармаганы үчүн өздөрүн аябай бактылуу сезген окумуштуу, академиктер бүгүн “үй-бүлөлүк башкаруу болгон” деп Акаевдин заманын сындаганда алдына киши салышпайт.

– Бакиевдин бийлиги Акаевдикине, Атамбаевдики Бакиевдикине салыштырылып жүрдү. Жээнбековдун бийлигинин мурдагылардан артыкчылыгы болуп жатабы?

– Артыкчылыгы жок, кемчилиги толтура. Шайлоодо мугалимдерге “айлыгыңарды 26 миң кылып берем” деген. Бул факт. Бүгүн 26 миңге чыкмак түгүл, кыргыз тили, адабияты, математика, физика өңдүү сабактар кыскартылып, анын шылтоосу менен мугалимдерди мектептен айдап жатышат. Кадр саясатынын биротоло таш-талканы чыгып бүттү. Илгери 45 райондун акиминин, мэрлердин баарынын аты-жөнүн жатка билчүбүз. Азыр өкмөт башчыңдан тарта министрлерге чейин эч кимисин тааныбайсың. Бул мамлекет өссүн деген саясат эмес, бийлигим бекемделсин, менин тууганым, партиялашым деген саясаттын кесепети.
Мунун келечеги тайкы экенине азыркынын көзү жетпей жатат, өткөндөн сабак албай жатат. Атамбаев да “мага ишенимдүү” деп кадр жыйнаган. Мына, буту үзөңгүдөн тайды, жанында эч ким жок. Бүтүндөй чууруп Жээнбековдун короосуна кире качышты. Эртең Жээнбековдун буту таят, баары тескери бурулуп башка үйүргө кирип кетишет. Кечээ "Бабанов болбосо Кыргызстан оодарылып кетет" деп кыйкырып жүргөн азаматтар бийликке келип жатышат. Бизде туруктуулук, жигиттик намыс деген түбүнөн жоголуп баратат. “Туугандарымды жолотпойм” дебеди беле? Мен анын туугандарын санагандан алысмын, бирок ЖМКларда айтылып жатат, эл четинен санап берүүдө. Мамлекетти туугандаштыруу жана кудалаштыруу деген программа иштеп жатат. Ийгиликтүү ишке ашып жатат.

– Мындай саясаттын аягы эмнеге алпарышы мүмкүн?

– Аягы эски бийликтердин тагдыры кандай болсо, ошого алпарышы ыктымал. Бул жакшылыкка алып барбайт. Биз чыдамдуубуз, аябай кайдыгер элбиз, бирок бир чекке жеткиче гана.

– УКМК менен Башкы прокуратура президенттин колунда турганда парламент өзүнүн түз милдеттерин аткара албайт дешет. Азыркы шартта парламентке президенттин таасирин азайтуу мүмкүнбү?

– Эгер парламентте сабаттуу жана принципиалдуу азаматтар турса, өтө күчтүү президентиң болсо деле таасири тийбейт. Азыр жалаң мандатты акчага сатып алгандар отурушат. Алар күн карама. Тиги киши бийликтен кетти эле, тарс этип берки жээкке өтүп кетишти. "Ушуну колдоп бериш керек" деп парламентке сунуш киргизди эле, 115и колдоп беришти. "А муну кетириш керек" деди эле, канчасы колдоп беришти?

– Сапар Исаковду кетирүү окуясын айтып жатсаңыз, анда 101 депутат колдоого алган...

– А баракелде. "Койгула, туура эмес, уят болот" дегендер чыккан жок. Аларга президент бүгүн калемди көрсөтүп "бул калем" десе, "ооба, калем" дешет, эртең башка президент келип "бул бычак, кандай дейсиңер?" десе, "ооба, бычак" дегенден кайра тартышпайт. Ушундай сабатсыз, арсыз парламент. Өкмөт түзгөндө аябай мактап, бир аз убакыт өткөндөн кийин президент “бул өкмөт жарабайт экен” десе, "ооба, туура айтасыз, бул жарабайт" деп тепкилешет. Намыс, жоопкерчилик кайда? Эгер уяты болсо түйүнчөктөрүн түйүп кетип калышса, ал жерде отурганга караганда мамлекетке чоң пайда алып келген болор элек. Бирок анте алышпайт, баары соодалашып келишкен. Ар бир мандат 6 миллион сомго туура келген.

– Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев өңдүү экс-премьерлер, Икрамжан Илмиянов өңдүү бир топ экс-чиновниктер камакка алынды. Коррупцияга каршы күрөштү кандай элестетесиз? Азыркы бийликтин күрөшүнөн майнап чыгат деп эсептейсизби?

– Майнап чыкпайт. Малайзиянын премьери Махатхир Мохаммад уурдалган 50 миллиард доллар акчаны 1 жуманын ичинде мамлекеттик казынага төктүрүп койду. Бизде уурдалган акчадан казынага канча түштү?

– "Атайын эсеп ачылды, миллиондор түшө баштады" деп жарнамаланып жатат го?

– Ал майда-чүйдө түшкөн акчалар. Өлкөдө эбегейсиз чоң акчалар уурдалган да. Аларды камагандан эмне пайда? Алар чөбүрөсүнө чейин камсыз кылып коюшкан, жарым жыл, бир жыл СИЗОдо отуруп коюу аларга эч нерсе эмес. Унутчаак элбиз, эртең аларды коё берсе кыргыз эли түлөө өткөрүп, чекесинен өөп, адилеттик бар экен деп бата берип жиберишет. Мына, кечээтен бери телефонум тынбайт. Баары эле "Илмиянов кармалды, кандай карайсыз?" дейт. Илгери Эскобарды кармаганда деле дүйнө мынчалык дүрбөгөн эмес. Эми кармаса кармаптыр да. Таң калычтуусу – аны кылмыш иши ачылары менен заматта кармап алышканы. Бул макулдашылган окуя болушу да мүмкүн. Себеби кээ бир адамдарга сыртта жүргөнгө караганда СИЗОдо отурган коопсузураак. Бүгүн мыйзамдуу күчтөргө караганда мыйзамсыз күчтөр күчтүүлүк кылып жатат. Алар Кыргызстанда элдин ырыскысын ким, кантип уурдаганын билишет. Алардан үлүш алмай бар. Адатта, өзү телефон чалып “мен барганга макулмун, коопсуздугумду камсыз кылып бергиле” деген ишараттар болуп келген. Мындан кийин да болушу мүмкүн. Же мындай болбойт деп так айта аласызбы?

– Так айтуу кыйын го, айрыкча Кыргыз саясатында.

– А баракелде. Мына, дүңгүрөп эле жатып калышты. Айрымдар муну эмоционалдуу кабыл алышты. Алар мунун артында эмне бар экенин ойлонушпайт. 99 жолу көзүңдү боёп келишкен, дагы да боёлушу мүмкүн. Элдин ырыскысын жеп, мамлекеттик казынаны тоногону үчүн түрмөдө отурат деп бирөөнү айтып бериңизчи? Тескерисинче, бийликке каршы чыкканы үчүн камалып жатат дегендерди четинен санаса болот. Талгарбеков, Текебаев, Садыр Жапаров бүгүн бийликке каршы чыкканы үчүн камакта отурушат.

– Бирок булар мурдагы бийликтин тушунда камалгандар да...

– Кайсы болсо ошол болсун. Эгер мурдагы бийлик адилетсиз камаган болсо, эмне үчүн азыр адилеттүү деп көкөлөтүп жаткан бийлигиңер аларга мунапыс жарыялабайт? Себеби – экөөнүн түбү бир эле. Кеткен кишинин эң жакын, шилекейлеш досу бийликке келди. Менин сөзүм эмес, “биз 23 жылдык шилекейлеш доспуз, мен ушул жигиттен башкага ишенбейм, өлкөнү ушул жигитке гана ишенип тапшыра алам” деп жарыялады да. Эгер Атамбаев туура эмес кылып жатканын билип туруп 6 жыл унчукпай жүргөн болсо, анда абийири кайда? Эки жол бар. Же унчукпай бүт баарына кайдыгер болгон, же билип туруп баарына макул болгон.

– Азыркы президент 240 миң жумуш орунун түзүүнү убадалаган. Статистика өлкөдө расмий катталган жумушсуздар өскөнүн көрсөтүүдө. Эмне үчүн сүткө көп жолу оозу күйсө да шайлоочулар бийликтен убаданы аткаруусун талап кылууну үйрөнө албай келе жатат?

– Кайдыгерлик жана коркоктук. Өздөрүнүн түгүл балдары, небере-чөбүрөлөрүнүн моюнуна эбегейсиз карызды илип жатышат, үн жок. Мустафа Кемел Ататүрктүн “уктап жаткан эл жок болот же кул болуп ойгонот” деген керемет сөзү бар. Мамлекет катары азыр мыйзамда гана барбыз, де-факто жокпуз. Себеп – адилеттик издеп сотко бара албайсың, милиция коопсуздугумду камсыздайт деп көчөдө эркин жүрө албайсың, дарыгер мени дарылайт деп ооруканага бара албайсың. Акчаң болбосо сен эч ким эмессиң. Моюнга олчойгон карызды илдик. Айрым Африка өлкөлөрү карызын төлөй албаганы үчүн эгемендүүлүгүн жоготууда. Биз ошол кырда турабыз, бирок какшап кыйкырган үндү дегеле укпай коюшту.

– Жакында Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги былык иштер тууралуу айтып чыкты. Анын айткандары чын экенин Коопсуздук кеңеши тастыктады. Бирок ал иштерге катышы барларды эмес, тескерисинче, ошол былыктарды айтып чыккан адамдын артынан тийиштүү органдар иликтей башташты. Мындай жол менен өлкө өнүгөбү?

– Эгер ТИМди, элчиликтерди каза келсе бүгүн отургузабыз деген азаматтардыкынан кем эмес былыктар чыгат. Аларды ачыкка чыгарбайт. Кылычтын (ред.: Кылычбек Султан) айтканы бир чети гана, андан ашып түшчү былыктар толтура. Баары билишет, угуп, көрүп жүрүшөт, бирок унчугушпайт, себеби "мага кызмат кылган" деп баалашат. Дебатта Жээнбеков өзү айтты го “мен айтпайын дедим эле, өзүң тийиштиң” деп. Мына, интеллекттин туу чокусу. Чөнтөгүмдө 35 коррупционердин тизмеси бар деген, эмне катып отурасың аны? Кылмыш ишин ачып, издөө жарыяласаң келет экен го? 1 жыл өттү, жаран катары “кана?” деп сураганга укугум барбы? Ошол 35 адамдын ичинде азыркы тергөө абагында отургандар бар беле деген суроо дагы бар. Эгер бар болсо, эмне үчүн аны убагында айтып чыкпадың?

– Бийликке такай сын айтып, кемчиликтерин баса көрсөтүп келесиз. Натыйжа чыкпаган сын айтуудан чарчаган жоксузбу?

– Эмне дегиңер келет, жыйынтык чыкпайт деп жалдырай карап отура беришим керекпи?

– Мүмкүн, бийлик менен кызматташуу, ошол аркылуу элге пайда келтирүү жолдорун ойлойсузбу дегеним?

– Арам жол менен пайдам тийиши мүмкүн эмес. Мен Акаевдин кезинен бери “келгиле, жок дегенде бир жолу эл ишенимине ээ болгон өкмөттү шайлап көрөлү” деп келе жатам. "Сага, сенин партияңа же кудаларыңа эмес, эл ишенимине ээ азаматтарды шайлайлы" деп. “Мага эмес, мамлекетке иштеп бер” деп чакырсын, жарыя кылсын. "Келгиле, өлкөнүн келечеги үчүн, коңшулар менен тең ата болуш үчүн бир билек, бир тилек болуп чыгалы" десе, мен биринчи чуркап жетип барам. Бирок Акаевден бери бир президент ушинтип кайрылдыбы?

– Алдыда парламенттик шайлоо, катышасызбы?

– Өзүң айтмакчы, баары көңүлгө көк таштай тийип бүттү. Шайлоого түнкү саат үчтө ойготсо да даярмын, бирок коом даярбы? Кызыл кекиртек, ашказан менен эмес, баш менен ой жүгүрткөн коом, шайлоочу барбы? Мындай суроону саясатчыларга эмес, шайлоочуларга бергиле. Саясатчыны коом тарбиялайт.

– Коомду тарбиялоодогу саясатчынын миссиясычы?

– Бул белгилүү деңгээлге жеткенге чейин эле. Эгер мыкты күлүктү минип алганың менен, колуңда тизгин менен камчы болбосо көздөгөн жериңе чаап жете албайсың. Аны эл берет. Колуңда бийлик болбосо, сен айткандай, айтып-айтып эле кала бересиң. Анан баарын бириктирип келип “кечээ кызматта иштеп эмне кылдың?” дешет. Ушундай суроо бергендердин артында из калдыбы билбейм, Кудайга шүгүр, Мадумаровдун ондогон мыйзамдары, кабыл алган чечимдери бүгүнкү күндө иштеп жатат.

– Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев өлкөсүнө миллиарддаган инвестицияларды алып келүүдө. Бизге акыркы жылдары ири инвестиция кирбей калды. Себеби?

– Себеби киши даяр эмес. Тең ата мамиле кыла албайт. Мирзийоев кайсы мамлекетке барбасын, чоң инвестиция менен кайтып жатат. Соңку сапары Франциядан 5 миллиард еврого келишим түзүп келди. Бирок бир да мамлекеттен 1 тыйын карыз албай жатат. Тек инвестиция, тең шерик. А кыргыз байкуш моюнубузга куржунду илип алып жатабыз. Азыр эч нерсе эмес, 2022-жылдан тарта Кытайдын карызын төлөп баштаганда экономикалык катастрофа башталат. Эмне үчүн инвестиция алып келбей, карыз алып жатышат. Анткени инвестиция көзөмөлдөнөт, уурдай албай калышат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан