ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫ. КЕТМЕН, КҮРӨК МЕНЕН ИШКЕ АШКАН КЫЛЫМ КУРУЛУШУ

Чоң Чүй каналы — Кыргызстандагы эң ири курулуштардын бири болуп саналат. Канал Чүй өрөөнүнөн тышкары коңшу Казакстан өлкөсүнүн айрым аймактарын да суу менен камсыз кылат. Бирок бул канал канчалык кыйынчылык менен, ондогон жылдарга созулган эмгектин натыйжасында курулганы көпчүлүккө маалым болбосо керек. ХХ кылымдын эң маанилүү курулушунун тарыхы тууралуу кеп кылабыз.

КУРУЛУШТУН ПЛАНДАЛЫШЫ

Дээрлик бир кылым мурун борбор калаабыз чөп баскан ээн талаа болгонун баары эле элестете албаса керек. Мээнеткеч чоң ата-чоң энелерибиз болбогондо айдоо аянттарына бай жана азыркыдай кооз өрөөн болмок беле ким билет? Эч нерсе өспөгөн талаалар эч кимге пайда алып келген эмес. Ошондуктан каралбай жаткан жерлерге суу жеткирүү маселеси курч турган. Бул маселени чечүү үчүн Василий Васильев аттуу инженер 1920-жылдары Чүй өрөөнүнө келип, ал аймакты суу менен камсыз кылуу долбоорун иштеп чыккан. Анын идеясынын негизинде Чүй дарыясынын бир бөлүгүн кайрак талаалар аркылуу алып өтүү керектелген. Бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүү экендигин билдирүү үчүн Васильев Владимир Ленин менен жолугуп, бул курулуш жөнүндө сүйлөшүү жүргүзгөн. Тилекке каршы, 1924-жылы Ленин кайтыш болот, ал эми Васильев болсо репрессиянын курмандыгы болот. Жыйынтыгында бул долбоор токтоп калат.

1941-жылдын 16-мартында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Төрөбай Кулатов Чоң Чүй каналын куруу тууралуу токтом чыгарган.

СОГУШ ДА КУРУЛУШТУ ТОКТОТО АЛГАН ЖОК

1941-жылдын 10-майында Чоң Чүй каналынын курулушу башталып, жалпысынан 35 миңге жакын адам жумушка чыгышкан. Эң алгач эле каналдын 140 чакырым аймагында курулуш иштери башталган. Ар бир район, ар бир колхоз өзүнө бөлүнүп берилген аймактарда эмгек кылышты. Бул ишке карапайым жумушчулар гана эмес, инженерлер, маданият жана медицина кызматкерлери баш болгон бардык кесиптин ээлери эмгектерин аяшкан жок. Натыйжада бир жарым айдын ичинде 10го жакын курулуштар курулган.

1941-жылы 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Эркектердин көпчүлүгү колундагы кетмен менен күрөктөрүн мылтык менен автоматтарга алмаштырып, фронтко жөнөштү. Чоң Чүй каналын куруу иштери да токтотулат. Бирок өнөр жай ишканалары жана айыл чарбасы үчүн сууга болгон муктаждыктар чечилбеген бойдон калган.

Муктаждыктын натыйжасында 1942-жылы каналды куруу иштери кайрадан жанданган. Анда согушка барбагандар эмгектенүүдөн качпай колдоруна кетмен, күрөктү кармап иштерин башташкан. Натыйжада 1945-жылга чейин карапайым эл убактылуу курулуштарды – көпүрөлөрдү, суу бургучтарды жана башка ушул сыяктуу иштерди аткарышты.

Айрыкча ворошиловдук суу бургуч каналынын участогундагы иштер оор жүргөн. Бул жерде каналдын тереңдиги 20 метрге чейин казылган. Кыштын аяздуу күндөрүндө мынчалык тереңдиктин ичинен топуракты жана кумду шилеп чыгаруу иши кыйынчылыкты жараткан. Талыкпаган эмгектин жыйынтыгында 1943-жылдын аягында Чоң Чүй каналынын батыш тармагынын бир бөлүгү ишке киргизилип, бир нече гектар айдоо жерлерине суу жеткен. Ошентип курулуш толук бүтө элек жатып 70 чакырымга созулган канал энергетика жана сугат максаттары үчүн ишке берилген.

Согуш бүткөнгө чейин карапайым эл керки, күрөк, кетмен менен иштешкен. Жер казуучу техникалар жок болгондуктан бир нече метр тереңдиктерди кол менен казышкан. Мындан башка транспорттук каражаттар, курулуш материалдары дагы жетишсиз болгон.

Согуш аяктагандан кийин атайын техникалар алып келинип, куруу иштери уланган. Жалпысынан Чоң Чүй каналы 1976-жылы курулуп бүткөн.


ЖУМУШЧУЛАР КИМДЕР ЭЛЕ?

Курулушта иштегендердин көпчүлүк бөлүгүн кыз-келиндер түзгөн. Себеби жумушка жарактуу эркектер фронтко кетишкен. Ошондой эле ден соолугу начардыгынан улам согушка барбай калгандар согушта жүргөн аскерлерден кем калышпай, курулушта эмгектеништи. Алардан сырткары абышка-кемпирлер менен жаш балдар дагы каналдын курулуш иштерине өз жардамдарын аяшкан эмес. Каражат маселеси элди эч ойлондурган эмес. Каналды курууну ар бир адам өз милдети катары түшүнгөн.

УЧУРДА...

Азыркы күндө Чоң Чүй каналы Кыргыз өлкөсүнүн 73 миң гектар, Казакстандын 12 миң гектар аянтын суу менен камсыздайт.

Чоң Чүй каналынын агымдары:

Батыш Чоң Чүй каналы 1952-жылы курулган. Жалпы узундугу – 145 чакырым. Андан сугарылуучу аянт – 82 миң гектар.

Чыгыш Чоң Чүй каналы – 1958-жылы курулган. Узундугу – 100 чакырым. Андан сугарылуучу аянт – 41,5 миң гектар.

Түштүк Чоң Чүй каналы 1976-жылы курулган. Жалпы узундугу – 158 чакырым. Андан сугарылуучу аянт – 3 миң гектар.

«ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫН КУРУУДА ӨЛГӨН АДАМДАР БОЛГОН”

Мурат Иманкулов, тарыхчы:

– Чоң Чүй каналын куруу иштери оор шарттарда жүргөндүктөн каза болгондор да болгон. Бирок канча адам курман болгону жөнүндө эч бир маалымат жок. Анткени ал учурда Совет бийлиги канча адам өлүп жатканын билдирүүнү каалаган эмес. Ошондуктан “Кызыл Кыргызстан”, “Ленинчил жаш” деген гезиттерде жалаң гана бул курулушта талыкпай эмгектенген алдыңкы жумушчулар тууралуу жазылган. Бийлик бул иштердин жакшы тарабын гана чагылдырууну көздөгөн. Ал эми канча деген адамдар тамак-аштын жетишсиздигинен, оор жумушту көтөрө албагандыктан кайтыш болгону тууралуу маалымат таратышкан эмес. Себеби бул маалыматтар ачыкка чыкса өлкөдө чоң чатак болмок. Өз ыктыяры менен иштеген жумушчулардан тышкары каналды курууда репрессияга туш болгондор жана аскер туткундары да иштешкен. Бирок бул иштер канчалык оор абалда жүргүзүлсө дагы, анын өлкө үчүн мааниси чоң болгон. Анткени көпчүлүк ээн талаалар айдоо аянттарына айланып, Чүй аймагынын көпчүлүк жерине суу жеткирилген. Бул каналдын курулушу менен өнөр жай жана айыл чарба тармагы өнүгүү жолуна түшкөн. Азыркы күндө дагы бул канал Чүй өрөөнү үчүн гана эмес, жалпы Кыргыз өлкөсү үчүн чоң пайда алып келүүдө.

Бул чоң долбоор атайын курулушка керектүү техникалар жок эле 35 жыл ичинде чоң эмгектин арты менен курулган. Азыркы күндө бул канал аркылуу он миңдеген жерлерге суу жетип, бир нече ГЭСтер иштеп келүүдө.

(Сүрөттөр Борбордук мамлекеттик

кинофотофонодокументтеринин архивинен алынды)

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jemile
2018-10-30 11:11:03
Мына ушул жерде өлгөндөр баатыр, кылымдарга белек кылып кетти...
Ушул жерде эмгек кылгандар баатыр!!!
Не деген эмгек, өлкө үчүн, муундун келечеги үчүн кылган ишин кара...(бул чекеси эледа) а, бизчи? Биз, сен, мен эмне кылдык? Бир кекиртегибизди тойгуза албай эмне болуп атабыз? Чоңдорубуз эмне болуп атышат? Чөнтөкө күрөмөй, күрөмөй, көргө сүйрөмөй жок дагы жакшы кудайга шүгүр....эхххх, айта берсең сөз көп...
+15
elhan123
2018-10-30 22:20:11
Эмгек деген ушул. Азыркы кундо ак эмгек кылгандарды кызыл китепке киргизиш керек
+2
Flowhive
2018-10-31 14:13:25
elhan123, кызыл китепке да акча алып анан киргизилет го
-1
Zarema94
2018-11-01 22:12:07
Мыкты маалыматтар!!! Жазсанар болот экен го!? Дагы да ушундай маанилуу, тарыхый, тарбиялык мааниси терен макалалардан кутобуз....!!!
+4
Taalaibek.
2018-11-02 10:34:39
Азыр ушундай крулуштарды кура алаар бекенбиз?
+1
Jin1209
2018-11-02 16:04:33
Азыр эч ким иштегиси келбейт
+2
Nur777
2018-11-03 16:50:23
Абдан сонун макала,авторго терен ыраазычылык билдирем!Окуп жатып абдан толкундандым,ошол кездеги илеалогиянын кучу менен канчалаган проекттер курулган,азыр да ошондой идеянын артынан ээрчип,баардыгыбыз жапа-тырмак чон-чон иштерди бутурсок жакшы болбойт беле,Кыргызстаныбыз гулдомок!
Ушундай адамдын ан-сезимин ойготкон,шыктандырган жакшы нерсеге угуттогон макалаларды кутобуз,ылайым Супер Ленинчил жаш ж.б гезиттердей кыргыз элин алдыга ундосун!Авторго чон рахмат!
+2
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА