КАПУСТА ИЧЕГИ-КАРЫНДЫ ТАЗАЛАЙТ

КАПУСТА ПИРОЖКИСИ

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 500 грамм

Ачыткы – 10 грамм

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Суу – 200 миллилитр

Капуста – 500 грамм

Жумуртка – 1 даана

Пияз – 1 баш

Туз, мурч, кумшекер – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ачыткыга 3 аш кашык жылуу суу куюп, тыныктырып коёбуз.

2. Унду элеп, 1 чай кашык туз жана 2 аш кашык кумшекер салып аралаштырабыз. Эми үстүнө 100 миллилитр майды, ачыткыны жана жылуу сууну куюп жумшагыраак камыр жууруйбуз да, жылуу ороп коёбуз. 40-50 мүнөттө камыр ачыйт.

3. Туурамжы даярдайбыз: пияз, капустаны тазалап, жууп, майда туурайбыз. Кызып турган майга алгач пиязды, андан соң капустаны салып кууруп, 8-10 мүнөт казандын капкагын жаап демдейбиз. Татымына жараша туз, мурч салынат.

4. Ачыган камырды 0,4-0,5 сантиметр калыңдыкта жаябыз. Эми туурасынан 12 сантиметрден кылып узун кылып кесип алабыз. Кесимдердин ортосуна туурамжыдан салып, эки четин бириктирип түйөбүз. Электр мешинин табасынын ичине пергамент кагазын төшөп, ага пирожкини салабыз. Пирожкинин түйүлгөн жагын ылдый каратуу шарт. Эми бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, мактан себелейбиз. Пирожкинин бетин целлофан баштык менен жаап, 20-25 мүнөт тыныктырып коёбуз.

5. 180 градуста иштеп турган электр мешинде кызартып бышырып алабыз.

ФАРШТАЛГАН КАПУСТА

Керектелүүчү азыктар:

Капуста – 1 даана

Фарш – 500 грамм

Күрүч – 150 грамм

Сабиз – 2 даана

Пияз – 2 даана

Каймак – 2 аш кашык

Томат пастасы – 3 аш кашык

Өсүмдүк майы – 100 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

1. Капустанын өзөгүн оюп алып салабыз. Эми капустаны кайнап жаткан туздуу сууга 5 мүнөткө салып, жалбырагын ажыратабыз.

2. Күрүчтү тазалап, жылуу сууга 15-20 мүнөткө чылап коёбуз. Андан соң таза жууп алабыз.

3. Пияз менен сабизди аарчып, майда туурайбыз.

4. Фаршка күрүчтү, пияздын жарымын, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

5. Капустанын жалбырактарына аралашманы салып, конверт сыяктуу жылчык калтырбай оройбуз.

6. Пияз менен сабизди майга 5-7 мүнөт кууруйбуз. Андан соң томат пастасын, кийин каймакты кошобуз. Бир аз кууруп, суу куябыз. Эми үстүнө оролгон капустаны тизип, 40 мүнөттөй жай отто дымдап коюу керек. Татымына жараша туз кошобуз. Ширелүү фаршталган капуста даяр!

ОРОМО КАПУСТА

Керектелүүчү азыктар:

Капуста – 2 даана

Сабиз – 1 килограмм

Кызылча – 1 даана

Калемпир – 2-3 аш кашык

Туз – 2 аш кашык

Суу – 1 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, калемпир менен аралаштырып алсак, аралашма даяр болот.

2. Капустаны кайнап жаткан туздуу сууга 30 секунд кармап, жалбырактарын ажыратабыз.

3. Жалбырактын бетин өсүмдүк майы менен майлап, ортосуна аралашманы салып оройбуз.

4. Кызылчаны сүргүчтөн өткөрүп алабыз.

• Капустаны банкага салып, араларына сүргүчтөн өткөрүлгөн кызылчадан себелеп, үстүнө маринадды (1 литр муздак сууга 2 аш кашык туз салынат) куябыз да, 1-2 күн бөлмө температурасында сактайбыз. Андан кийин муздаткычка салып коюу керек. Бул салат бир жумадан кийин даамына келип, жегенге даяр болот.

Пайдасы

• Капустанын курамындагы клетчатка ичеги-карындарды иштетип, өзүн-өзү тазалоого көмөктөшөт.

• Курамындагы U витамини зат алмашууда чоң роль ойноп, кан тамырларда холестериндин чогулушуна жол бербейт. Андыктан атеросклероздун алдын алууда жана холестериндин өлчөмү көбөйүп кеткен учурда, эрозиядан, жаралардан кутулууда сунушталат.

• Капустадагы тартрон кычкылы организмдеги эски майларды ордунан козгой албаганы менен, жаңы майлардын пайда болушуна бөгөт коё алат. Жаңы үзүлгөн жана ачытылган түрү сунушталат. Куурууда жана бууга бышырууда тартрон кычкылы бузулат.

• Курамындагы В9 витамини эркектерде сапаттуу уруктун иштелип чыгуусуна таасир этет.

• Капуста кош бойлуу энелерге керектүү болгон калийге, С витаминине, фолий кычкылына бай. Калий шишип кетүүнүн алдын алса, С витамини канды суюлтат, иммунитетти көтөрөт, фолий кычкылы түйүлдүктүн туура өсүшүндө чоң роль ойнойт. Ачытылган түрү көңүл айлануунун алдын алат.

• Капустанын ширеси ашказан эрозиясын дарылоодо, кычкылдуулугу төмөн гастритте сунушталат.

• Капустанын ширеси жашартуучу маска да боло алат.

Зыяны

• Ширеси ичти көптүрүшү мүмкүн.

• Көп өлчөмдө жеп алсаңыз көңүл айнып, кускуну келтириши ыктымал.

• Капустанын курамында клетчатка көп болгондуктан ашказан жарасы, энтерит, миокард инфаркты менен ооругандарга жана ичи өтүп жаткандарга жегенге болбойт.

• Иммунитети начар адамдар көп колдонсо көзү караңгылап, оозуна кара суу келип, башы тегеренет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
777bazamat
2018-10-30 09:43:11
жакшы кобуроок жеш керек экен
+2
ayana16
2018-10-30 17:14:53
Админ саламатсыздарбы!Чуроттор эмнеге корунбой жатат кызыл болуп бетин жаап калып атат.
+2
Chaki2795
2018-10-31 02:33:01
ayana16, мага эле көрүнбөй жатат десе
+2
admin_media
2018-10-31 10:44:05
Chaki2795,ayana16, саламатсыздарбы! Техникалык катачылык түзөтүлдү, кайрадан аракет жасап көрсөңүздөр болот.
0
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан