54 музыкалык аспапта кол ойноткон таланттуу музыкант Курмангазы Азыкбаевдин кызы Нурайым Азыкбаева менен күйөө баласы Назбек Кенчинбаев Кыргыз өлкөсүнүн атынан Казань шаарында өткөн эл аралык “Факел” сынагынан байгелүү кайтышты. Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн комузчу Назбек мырзага кайрылдык:
– Эки жылда бир таланттардын башын бириктирип турган сынак 3-күн болуп, жалпысынан ырчылык жана музыкалык аспаптарда кол ойнотуу боюнча 700 катышуучу ат салышты. Бул сынакка биринчи ирет катышканыбызда жубайым Нурайым скрипкада, мен комузда кол ойнотуп, 2-орунду алганбыз.
Быйыл кыргыздын улуттук музыкалык аспабы комуз менен композитор Атай Огонбаевдин “Ак тамак, көк тамак” күүсүн аткарып, баш байгени жеңип алдык. Калыстар тобунда Орусиянын аттуу-баштуу адамдары отурушту. 200 миң сом акчалай сыйлык берилди. Бул каражатты чыгармачылыгыбызга жумшайбыз. Андан сырткары келе жаткан жылдын май айында Сочи шаарында өтө турган чоң масштабдагы сынакка жолдомо алдык.