КҮРӨШ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ

20-октябрь күнү Венгриянын борбору Будапештте күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги старт алды. Бул мелдеште кыргыз балбандары кандай жыйынтык көргөзүп жаткандыгына токтолобуз.

КӨЗГӨ БАСАР КӨЗҮРЛӨР КИЛЕМГЕ ЧЫККАН ЖОК

Аталган чемпиондук 51-ирет өткөрүлүп жатат. Эгемендик алгандан тарта күрөш тарыхыбызда Дүйнө биринчиликтеринен кыргыз балбандары 8 медалга ээ болушкан. 1 күмүш жана 7 коло байгени багынтышканы менен, бүгүнкү күнгө чейин алтын медаль утуша элек. Акыркы ийгиликтүү көрсөткүчтөрдүн катарына 2016-жылы Эламан Догдурбек уулу 3-орун жана былтыркы жылы Айсулуу Тыныбекованын коло байгесин айтса болот.

Бул жолу мелдешке жалпы 12 балбаныбыз аттанды. Алардын катарында көзгө басар көзүрлөрүбүз Айсулуу Тыныбекова жаракатынан улам машыктыруучу катары гана барса, Акжол Махмудов жаштар арасында Дүйнө чемпиондугунан жакында эле келгендигине байланыштуу Будапештке барган жок. Бул күндөрү эркин күрөш боюнча Эламан Догдурбек уулу жана Улукбек Жолдошбеков, кыздар арасында Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова килем үстүнө чыгышты.

ЭРКИН КҮРӨШТӨ КАЧАН ЖЫЙЫНТЫК БОЛОТ?

Руслан Мажинов жетектеген эркин күрөш боюнча курама команданын көрсөткүчтөрү акыркы жылдары жигердүү болбой келет. Бул жолу да эркин күрөштө татыктуу жыйынтык болгон жок. Алсак, мелдеш баштала элек жатып 97 килограмм салмакта килемге чыга турган балбаныбыз Магомед Мусаев документтери толук бүтпөй калгандыгына байланыштуу Венгрияга бара албай калды. Канчалаган тер агызып, машыгуу сборлорун өткөргөн соң мелдешке барбай калуу спортчуга канчалык оор тиери айтпаса да түшүнүктүү.

Калган эки балбаныбыз Будапештке ийгиликтүү келе алышканы менен, бир-эки беттештен кийин эле кайра үйүнө сапарга даярдана башташты. 61 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков алгачкы беттешинде монгол балбанын 6:0 эсебинде жеңип келе жатып, 6:8 менен утулуп калды. Эламан Догдурбек уулу 70 килограмм салмакта биринчи беттешин 10:0 эсебинде жеңгени менен, чейрек финалда украиналык спортчуга утулууга мажбур болду.

Эркин күрөш курама командасына жаңы дем, жаңы машыктыруучулар керектигине бир эмес, бир канча мелдештердин жыйынтыктары далил болуп жаткандай. Грек-рим күрөшү менен салыштырсак, алда канча артта калып калгандай туюлат. Бул жыйынтыктардан гана эмес, көзгө басар спортчулар кайсы күрөштөн чыгып жаткандыгы менен да караса болот.

КЫЗДАРГА ТАЖРЫЙБА ҮЧҮН...

22-октябрдан тарта кыз-келиндер арасында мелдештер орун алып, анда Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова килемге чыгышты. Эки балбан кызыбызга тең азырынча чоңдор арасында Дүйнө биринчилигине тажрыйба жетишсиз экендиги байкалды. 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы жарым чейрек финалга чыгуу үчүн күрөшүп, кытай спортчусу менен кез келди. Дээрлик теңме-тең өткөн беттеште бир упай артыкчылыгында утулууга дуушар болду. Эсеп 1:2.

Ал эми 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашы венгриялык Ванесса Уилсонду 90 секунд ичинде жеңип алды. Жарым чейрек финалда анын атаандашы италиялык Далма Канева болду. Мээрим 0:6 эсебинде жеңилип келе жатып 5 упайга катары менен ээ болду. Эми бир упай алганда жеңүүчү аталмак. Алдыда 10 секунд гана калган эле... Жок. Тилекке каршы, акыркы чабуул ийгиликтүү болбой калды.

ҮМҮТ ГРЕК-РИМ БАЛБАНДАРЫНДА

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 24-октябрдан тарта ушул аптанын соңуна чейин жүрөт. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 8 балбан аттанды. Курамга Жоламан Шаршенбеков, Урмат Аматов, Калы Сулайманов, Амантур Исмаилов, Кайрат Түгөлбаев, Атабек Азисбеков жана Бексултан Махмудов кирди. Эми медалга үмүт так ушул шумкарларыбызда...

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан